Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Еврошаркеттин башкы дипломаты Кая Каллас Түркмөнстанга барбай калды


Кая Каллас
Кая Каллас

Еврошаркеттин башкы дипломаты Кая Калластын 4-мартка белгиленген Түркмөнстанга сапары болбой калды. Анын себеби тууралуу расмий билдирүү жасала элек.

Калластын кеңсесиндеги булактар "Азаттыктын" түркмөн кызматына визит жеке маселелерден улам болбой калганын маалымдады.

4-мартта Еврокомиссиянын төрайымынын орун басары кызматын да аркалаган Каллас Ашхабадда Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышмак. Андан тышкары шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси түркмөн президенти менен жолугат деп пландалган.

Калластын кеңсеси анын сапары марттын аягына чейин болушу ыктымал деп билдирди.

Ашхабаддагы кездешүүдө коопсуздук маселелери, Орусиянын Украинага каршы согушунун Борбор Азияга таасири талкууланмак. Андан тышкары 3-4-апрелге пландалган Еврошаркет - Борбор Азия саммитине даярдык тууралуу кеп болмок.

Ташкенттеги жыйынга Еврокеңештин жана Еврокомиссиянын жетекчилери Антониу Кошта менен Урсула фон дер Ляйендин катышары күтүлүп жатат.

Саммитте коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты өрчүтүү маселелери талкууланары маалымдалган.

Брюссель региондун мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн шарты катары адам укуктарын жакшыртууну белгилейт. Бирок бара-бара бул маселе көз жаздымда калганын укук коргоочулар айтышат.

Өткөн аптада Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму аймактагы адам укугунун абалы начарлап жатканына көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.

Кая Калласка жолдонгон кайрылууда Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө дагы жазылган. Уюм өлкөдөгү тынч жыйындарга чогулууну чектөө, журналисттердин соттолгону, “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын кабыл алынышы сыяктуу маселелерди белгилеген.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги барлыгын жана адам укуктары сакталарын кайталап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG