Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Тажикстандагы шайлоодо бийликтеги партия 51,9% алды


Тажикстандагы шайлоо участогу. 2-март, 2025-жыл
Тажикстандагы шайлоо участогу. 2-март, 2025-жыл

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2-марттагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Санактарга ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 85,3% өз эркин билдирди.

БШКнын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында билдиргендей, жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунан партиялык тизме менен ат салышкандар арасынан эң көп добуш башкаруудагы Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы (51,9%) алды.

Партияны өлкөдө “бийликтин партиясы” же “президент Эмомали Рахмондун партиясы” деп аташат. Ал 2000-жылдан бери парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп келет.

Төрага кошумчалагандай, алгачкы жолу Коммунистик партия 5 пайыздык чектен аша албай парламентке өтпөй калды.

Партиялык тизме менен мандаттар 5 партия ортосунда бөлүштүрүлмөкчү. Калган орундар бир мандаттуу округдарда жеңгендерге тиет.

Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 депутаттык орунга 220 талапкер ат салышкан: 152 талапкер 41 бир мандаттуу шайлоо округдарынан жана 68 талапкер жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунан партиялык тизме боюнча ат салышкан.

Кошуна өлкөдөгү шайлоого оппозициялык партиялар катышкан эмес. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына өнөктүккө көз салуу мүмкүнчүлүгү берилген жок. Бир катар эркин медиа, анын ичинен "Озоди" радиосу аккредитациясыз калтырылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG