Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Макрон: Абадан жана деңизден соккуларды бир айга токтотууну сунуш кылдык


Эммануэл Макрон, Кир Стармер жана Владимир Зеленский Лондондогу жыйында. 2-март, 2025-жыл
Эммануэл Макрон, Кир Стармер жана Владимир Зеленский Лондондогу жыйында. 2-март, 2025-жыл

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украина боюнча тынчтык планы тууралуу айтып берди. Le Figaro гезити менен маектешүүдө мамлекет башчы АКШ жана Орусия макулдашкан жарашуу келишимине ишенбесин белгиледи. Макрондун айтымында, альтернатива катары Франция менен Британия бир айга “абадан, деңиздерден жана энергетикалык түзүмдөргө” ок атууну токтотууну сунуш кылууда. Бирок ал жарашуу жердеги кармаштарга жайылтылбайт.

“Майдан сызыгында ок атылбай жатканын текшерүү кыйын болот”, - деп түшүндүрдү президент.

Андан тышкары тынчтыкка жетишилгенден кийин Украинага европалык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү каралууда.

Буга чейин британ премьери Кир Стармер "Би-Би-Сиге" берген интервьюда тынчтык планы толукталарын, АКШ менен талкууланарын жана алар менен бирге ишке ашырыларын айткан.

Жекшембиде Украинада тынчтык орнотуу боюнча саммит өткөн. Лондондогу жыйынга европалык бир катар лидерлер, Канаданын, Еврокомиссиянын, НАТОнун жетекчилери, Түркиянын башкы дипломаты жана украин президенти Владимир Зеленский катышты.

АКШ жана Украина президенттеринин жума күнкү сүйлөшүүлөрү ортодо кайым айтыш тутанганда үзгүлтүккө учураган.

Шерине

XS
SM
MD
LG