Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы беш жылга абакка кесилген журналист Азамат Ишенбековго чоң апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга 5-мартка чейин уруксат берди.
Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. Ал буга чейин журналистти чоң энесинин тажыясына катышууга уруксат берүүнү сурап, Азамат Ишенбеков жаза өтөп жаткан абактын жетекчилигине арыз менен кайрылган.
Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова 27-февралда Токмоктун ооруканасына түшүп, жакындары аны 1-мартта Нарынга алып кетишкен. Азамат Ишенбеков жазасын өтөп жаткан №8 абактын кызматкерлери аны 1-мартта Нарын облусуна коштоп барып, ооруканада оор абалда жаткан чоң апасы менен кыска мөөнөткө жолугуштурган.
Гүлира Абдраимакунова 2-мартта каза болгон.
27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын, журналист катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон.
Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Жогорку сот 25-февралда журналисттердин кассациялык арызын карап, райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. (BTo/KS)
Шерине