Лондондо Украина боюнча европалык тынчтык саммити өттү. Британ премьер-министри Кир Стармер лидерлерди Украинада бейпилдик орнотуу жана континентте стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн коргонуу тармагын өнүктүрүүгө көбүрөөк салым кошууга чакырды.
Жыйынга европалык бир катар мамлекеттердин, Канаданын, Еврокомиссиянын, НАТОнун жетекчилери, Түркиянын башкы дипломаты катышты.
АКШ жана Украина президенттеринин жума күнкү сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан кийин Стармер саммитке чогулуу демилгесин көтөргөн.
«Украинада оң жыйынтыкка жетүү бул жердеги ар бир мамлекет жана башкалар үчүн маанилүү», - деп айтты британ өкмөт башчысы.
Премьер саммит бекем жана адилет тынчтыкка жетүү жолдорун, Украинанын Орусиядан азыр гана эмес, болочокто да ыктымал кол салуулардан коргонууга кудуреттүү болушун талкуулоо үчүн өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Жолугушуу алдында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте: "Украинага жардам берүү үчүн Европада бардыгы көбүрөөк аракет көрүшү керек болот», - деп Х социалдык тармагына жазды.
Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский Вашингтондон түз эле Лондонго учкан жана Стармер менен жолугушкан. Премьер анын жүрүшүндө Киевге колдоосун кайталады. Кездешүүнүн жыйынтыгында Британия Киевге 2,84 млрд доллар жардам берери белгилүү болду.
Bloomberg жазганына караганда, премьер Зеленский менен кездешкенден кийин америкалык президент Дональд Трампка жана француз мамлекет башчысы Эммануэл Макронго телефон чалды. Анын мазмуну тууралуу кабарланган жок.
Макрон өз кезегинде Ак үйдөгү жаңжалдан кийин украин жана АКШ президенттерин сабырдуулукка чакырды.
Стармер "Би-Би-Сиге" берген интервьюда Британия, Франция жана дагы бир нече өлкө Украина менен тынчтык келишими боюнча иш алып барарын, кийин план АКШ менен талкууланарын билдирди. Премьердин айтымында, бекем тынчтык үчүн Киевдин күчтүү позициясы, Европанын коопсуздук кепилдиктери жана Вашингтондун колдоосу зарыл.
Лондон жана Париж АКШ кепилдик берсе, Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр.
Мындан тышкары Макрон Европа биримдиги бейшемби күнү, 6-мартта өтө турган саммитте Украинага жүздөгөн миллиард евро жардам берүү маселесин карарын билдирди.
2-мартта Зеленский менен жолуккан лидерлер Киевге колдоосун кайталашты.
Шерине