Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

Трамп англис тилин АКШнын расмий тили катары жарыялаган буйрукка кол койду


Президент Дональд Трамп англис тилин АКШда расмий тил кылуу тууралуу буйрукка кол койду. АКШда федералдык деңгээлде расмий тил деген түшүнүк буга чейин жок болгону менен 32 штат англисчени расмий тил деп белгилеген.

Буйрук демократ-президент Билл Клинтондун агенттиктер жана федералдык каражат алган мекемелер англисче сүйлөбөгөн адамдарга жардам бериши керек деген талабын жокко чыгарды.

The New York Times жазганына караганда, бул кадам эки тилде билим берүүгө, иммиграцияга каршы күрөшкөн ProEnglish тобунун жеңиши болуп калды. Документте англис тилине мындай макам берүү “ынтымакка, башкаруунун натыйжалуулугуна, жарандык активдүүлүккө өбөлгө түзөрү” белгиленет.

Тил айрым штаттарда олуттуу маселеге айланган. Техаста испан тилин колдонуу көп жылдан бери талаш-тартыш жаратып келатат. 2011-жылы ал штаттан шайланган сенатор иммигранттардын укуктарын жактаган активисттен мыйзам чыгаруучу органда эне тили болгон испанча эмес, англисче сүйлөөнү талап кылган.

Азчылык иштери боюнча парламенттеги өкүл Хаким Жефрис Трамптын бир топ чечимдериндей эле бул буйруктун мыйзамдарга жана Конституцияга канчалык төп келерин текшерүү керек деп айтты.

АКШда англис тилинен кийинки экинчи орунда испан тили, үчүнчүдө кытай тили турат.

Трамптын ант берүүсүнөн кийин Ак үйдун сайтынан испанча версия алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG