Лондондо Украина боюнча тынчтык конференциясы өткөнү жатат. Жыйынга европалык бир катар мамлекеттердин, Еврокомиссиянын, НАТОнун жетекчилери, Түркиянын башкы дипломаты катышмакчы.
АКШ жана Украина президенттеринин сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан кийин британ премьери Кир Стармер саммитке чогулуу демилгесин көтөргөн.
Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский Вашингтондон түз эле Лондонго учкан жана Стармер менен жолугушту. Премьер анын жүрүшүндө Киевге колдоосун кайталады. Кездешүүнүн жыйынтыгында Британия Киевге 2,84 млрд доллар жардам берери белгилүү болду.
Bloomberg жазганына караганда, премьер Зеленский менен кездешкенден кийин амеркалык президент Дональд Трампка жана француз мамлекет башчысы Эммануэл Макронго телефон чалды. Анын мазмуну тууралуу кабарланган жок.
Макрон өз кезегинде Ак үйдөгү жаңжалдан кийин украин жана АКШ президенттерин сабырдуулукка чакырды.
Стармер БиБиСиге берген интервьюда Британия, Франция жана дагы бир нече өлкө Украина менен тынчтык келишими үстүнөн иш алып барарын, кийин план АКШ менен талкууланарын билдирди. Премьердин айтымында, бекем тынчтык үчүн Киевдин күчтүү позициясы, Европанын коопсуздук кепилдиктери жана Вашингтондун колдоосу зарыл.
Лондон жана Париж АКШ кепилдик берсе, Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр.
Мындан тышкары Макрон Европа биримдиги бейшемби күнү, 6-мартта өтө турган саммитте Украинага жүздөгөн миллиард евро жардам берүү маселесин карарын билдирди.
Шерине