АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жума күнкү жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.
Адеп лидерлер Ак үйдө ачылыш сөздөрүн сүйлөшүп, Украинадагы согушту токтотуу жолдору, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим сыяктуу бир катар маселелер тууралуу сөз кылышты. Аны улай журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун журналисттер үчүн ачык бөлүгү аяктап бара жатканда чыңалуу жаралды. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттердин биринин "Трамптын Путин менен байланыш түзүүсү Европаны тынчсыздандырып жатканы" жөнүндө суроосуна жооп берди.
Вэнс учурунда мурдагы президент Жо Байден Путинге каршы "катуу сүйлөгөнүн", бирок орус президентин токтото албаганын айтты.
"Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол – бул дипломатия менен алектенүү. Американын дипломатияга көңүл бурганы Американы жакшы өлкө кылып турат. Трамп муну жасап жатат",-деди вице-президент.
Зеленский Вэнске жооп кайтарып, 2019-жылы Трамп президент кезде Европанын лидерлеринин катышуусунда Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышууну токтотуу келишимине жетишкенин, бирок Орусия аны бузганын эскертти.
"Ал ок атышууну токтотуу келишимин бузду. Ал биздин адамдарды өлтүрдү. Сиз кайсы дипломатия тууралуу айтып жатасыз? Сиз эмне демекчисиз?", — деди Зеленский.
Вэнс бул сөздөргө жооп кайтарды.
"Сүйрү бөлмөдө отуруп алып, Америка медиасынын алдында бул маселени талашып жатканыңыз биздин сыйлабагандык", — деди ал.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына “ыраазы болбой” жатканын айтты. Трамп Украинанын "аскерлери азайып баратканын", согушта "адамдар өлүп жатканын" белгилеп, Киев ок атышууну токтотуу тууралуу болжолдуу макулдашууну кабыл алышы керек экенин билдирди.
"Силердин өлкөңөр чоң кыйынчылыкка туш болуп турат. Силер жеңип жаткан жоксуңар... Силердин бул абалдан жакшы чыгуу мүмкүнчүлүгүңөр бизден көз каранды... Силердин колуңарда керектүү карталар жок", – деди
Зеленский Украинанын коопсуздугун камсыз кылуучу кепилдиктер зарыл экенин кайталады.
Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткенин эл аралык маалымат каражаттары жазышууда.
Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирди.
Натыйжада Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу Вашингтон менен Киевдин ортосунда келишимге кол коюлган жок. Зеленский дал ушул максатта АКШга келген болчу. Бул келишим эки өлкө ортосунда биргелешкен инвестициялык фонд түзүүгө багытталган.
Фонд Украинадагы жаратылыш ресурстарын, портторду жана тиешелүү инфраструктураны (анын ичинде өкмөттүн кыйыр менчик объектилерин) сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50% алып, аны кайрадан украин экономикасына инвестиция катары салмак.
Украина келишимдин алгачкы версиясына кол коюудан баш тартканы үчүн Киев менен Вашингтондун мамилеси солгундаган. АКШ президенти Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ошондой келишимге кол коюуну сунуш кылган.
Зеленскийдин визити алдында Трамп украин президентинин дарегине айтылган сынды жумшарткан. Ага чейин «шайлоосуз отурган диктатор» деп атаса, бейшембиде БиБиСинин Зеленскийди «диктатор деп эсептейсизби» деген суроосуна: «Мен ошентип айттым беле? Ошентип айтканыма ишенбей турам», - деген жообун кайтарды.
Трамп украин мамлекет башчысын «абдан урматтарын» жана украиналыктардын Орусия менен согуш учурунда көрсөткөн эрдигин жогору бааларын кошумчалаган.
Шерине