Владимир Зеленский Ак үйдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетип, ал эми Трамп "ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат" деп билдирди.
Зеленский Трамп Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол коймок. Бирок ал ишке ашкан жок. Ал тургай жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференция да болбой калды. Күтүүсүздөн болгон бул окуя АКШнын Украинага мындан аркы колдоосу тууралуу жаңы суроолорду жаратты.
"Бүгүн Ак үйдө абдан маанилүү жолугушуу болду. Мындай оттун жана басымдын астындагы сүйлөшүүсүз эч качан түшүнүү мүмкүн болбой турган көп нерселерди билдик. Эмоция аркылуу ушундай нерселердин чыкканы жакшы жана мен президент Зеленский эгерде Америка [согушка] катышып турса, тынчтыкка даяр эмес деген тыянакка келдим. Анткени ал биздин катышуубуз ага сүйлөшүүлөрдө чоң артыкчылык берет деп эсептейт. Мен артыкчылык каалабайм, мен ТЫНЧТЫК каалайм. Ал Кошмо Штаттардын ыйык Сүйрү бөлмөсүндө урмат-сый көрсөтпөдү. Ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат», — деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social платформасында.
Зеленский жолугушууда АКШдан коопсуздук боюнча кепилдиктерди талап кылып, "киши өлтүргүч менен эч кандай компромисс" болбош керек деп билдирди. Ал муну менен Орусиянын президенти Владимир Путинди ишарат кылгандай болду. Трамп болсо Украина мунасага барыш керек экенин жана Киев АКШга колдоосу үчүн ыраазы болуш керек экенин айтты.
"Силер таптакыр ыраазы болгон жоксуңар. Бул жакшы эмес. Бул шартта бизге иш алып баруу кыйыныраак болот. Миллиондогон адамдын өмүрү менен ойноп жатасыңар. Үчүнчү дүйнөлүк согуш менен ойноп жатасыңар. Силерге көп адамдар ойлогондон да көбүрөөк жардам берген өлкөгө сый-урмат менен мамиле кыла алган жоксуңар", – деди Трамп.
Анын Зеленский менен мамилеси 2019-жылдан бери олку-солку болуп келет. Ак үйдө болгон жолугушуунун видеосунда экөө бири-биринин сөзүн бөлүп сүйлөп, айтышып жатканын көрүүгө болот.
Анда Трамп Зеленскийге кайрылып: "Силердин өлкөңөр чоң кыйынчылыкка туш болуп турат. Силер жеңип жаткан жоксуңар... Силердин бул абалдан жакшы чыгуу мүмкүнчүлүгүңөр бизден көз каранды... Силердин колуңарда керектүү карталар жок", – деди.
Сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимдин айынан экөө буга чейин да бири-биринин дарегине кайчы пикирлерди айтышкан.
Кайым айтышуу баштала электе Зеленский бул келишим Украинанын келечеги үчүн маанилүү кадам болушу мүмкүн экенин айткан. Ал ошондой эле Трамп менен АКШ мындан ары анын өлкөсүнө канчалык жардам бере аларын кеңири талкуулагысы келгенин Ак үйдө журналисттерге билдирген.
Трамп Украина менен келишим "өтө адилеттүү" болорун жана Орусиянын согушту токтотууга "кыйла жакындап калганын" айтты. Бирок ал Украина сөзсүз түрдө мунасага барышы керектигин белгиледи.
Зеленский Трамптын мунаса сунушун четке кагып, АКШнын президентине орус күчтөрү жасаган мыкаачылыктардын сүрөттөрүн көрсөттү.
Украин президентинин Вашингтонго сапарынын дагы бир максаты АКШнын колдоосун бекемдөө жана Орусиянын чабуулуна каршы күрөшүү болгон. Бул сапар Трамптын Ак үйдүн саясатын өзгөртүп, Орусиянын Украинага ачкан согушун токтотуу аракетин көрүп жаткан маалга туш келди.
Президент менен жолугушуудан тышкары Зеленский АКШнын маанилүү мыйзам чыгаруучулары, таасирдүү диний лидерлер жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү менен кездешти. Ал айрыкча Трамптын Республикалык партиясынын ичинде Украинага колдоону бекемдөөгө аракет кылды.
Ак үйгө барардын алдында Зеленский Сенаттын эки партиянын өкүлдөрүнөн турган делегациясы менен жолугушуп, Украинага аскердик жардамды улантууну талкуулады.
Бирок Ак үйдөгү кайым айтышуудан кийин, Зеленскийдин консервативдик Hudson институтунда өткөрүлө турган талкуусу күтүүсүздөн токтотулду. Бул чечимди ким кабыл алганы азырынча белгсиз.
"Кайсы дипломатия?"
Президенттердин кайым айтышуусу журналисттер үчүн жолугушуунун ачык бөлүгү аяктап бара жатканда башталды. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттердин биринин "Трамптын Путин менен байланыш түзүүсү Европаны тынчсыздандырып жатканы" жөнүндө суроосуна жооп берди.
Вэнс учурунда мурдагы президент Жо Байден Путинге каршы "катуу сүйлөгөнүн", бирок орус президентин токтото албаганын айтты.
"Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол – бул дипломатия менен алектенүү. Американын дипломатияга көңүл бурганы Американы жакшы өлкө кылып турат. Трамп муну жасап жатат",-деди вице-президент.
Зеленский Вэнске жооп кайтарып, 2019-жылы Трамп президент кезде Европанын лидерлеринин катышуусунда Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышууну токтотуу келишимине жетишкенин, бирок Орусия аны бузганын эскертти.
"Ал ок атышууну токтотуу келишимин бузду. Ал биздин адамдарды өлтүрдү. Сиз кайсы дипломатия тууралуу айтып жатасыз? Сиз эмне демекчисиз?", — деди Зеленский.
Вэнс бул сөздөргө ачык кыжырдануу менен жооп кайтарды.
"Сүйрү бөлмөдө отуруп алып, Америка медиасынын алдында бул маселени талашып жатканыңыз биздин сыйлабагандык", — деди ал.
Андан кийин Трамп Зеленскийге үнүн көтөрүп, Украина сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияда эмес экенин белгиледи.
Бул эки лидердин акыркы эки жума ичиндеги экинчи тирешүүсү болду.
Буга чейин Трамп согуштун башталышы үчүн Украинаны күнөөлөгөндө, Зеленский аны Орусиянын пропагандасын жайылтып жатат деп айыптаган.
Трамп буга катуу ачууланып, 19-февралда социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Зеленскийди "диктатор" деп атап, эгер тез арада тынчтык келишимине макул болбосо, өлкөсүн жоготуп алуу коркунучунда турганын айткан.
Бирок Трамп кийинчерээк бул сөздөрдү жумшартып, Зеленскийдин сапарынын алдында Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргелешкен басма сөз жыйынында: "Мен чын эле ошондой дедимби? Муну айтканыма өзүм да ишене албай турам", — деп айткан.
Ошондой эле Трамп Зеленскийге "абдан чоң урмат-сый" менен мамиле кыларын билдирип, украиндердин эр жүрөктүүлүгүнө бар берген.
Сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишим
Бул жолугушуунун негизги максаты – Украинадагы минералдык кендер, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү боюнча баштапкы келишимге кол коюу эле.
Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана Украинанын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтып келген.
“Бул чоң экономикалык өнүгүү долбоору сыяктуу. Ошондуктан бул эки өлкө үчүн тең пайдалуу болот”, – деди АКШ президенти.
Анын айтымында, АКШнын Украинадагы минералдык кендерди иштетүүгө катышуусу “автоматтык түрдө коопсуздук кепилдигин камсыздайт, анткени америкалыктар ал жакта болгондо, эч ким ойногусу келбейт”.
Макулдашуунун текстинде АКШ “Украинанын узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу үчүн зарыл болгон коопсуздук кепилдигин алуу аракетин колдой турганын” жана “Украинанын туруктуу жана экономикалык жактан гүлдөгөн мамлекет болуп өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү каржылык колдоо көрсөтүү милдеттенмелерин” алары жазылган.
Бирок Вашингтон конкреттүү коопсуздук кепилдигин убада кылган эмес.
"Мен коопсуздук кепилдиктерин берүүнү көздөбөйм. Биз Европанын аны кылышын камсыз кылабыз", - деп айткан эле Трамп бул аптанын башында.
Бул жагдай Зеленскийди тынчсыздандырып жаткан. Ал Украина үчүн тынчтык келишими же ок атышууну токтотуу тууралуу кандайдыр бир чечим кабыл алынганда, бул кепилдиктер сөзсүз болушу керек деп эсептейт. Анткени анын эсебинде, 2014-жылдан бери Украинаны бутага алып келген жана өлкөнүн 20 пайызын ээлеп турган Орусия армиясын күчтөндүрүп, кайрадан кол салышы мүмкүн.
Сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу англис жана украин тилиндеги келишим төрт барактан турат. Анда 17 баскыч камтылган.
Документке АКШнын каржы министри Скотт Бессент жана Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко кол койгон.
Буга чейин Трамп аны "абдан чоң макулдашуу" деп атап, Вашингтон Украинага берген миллиарддаган долларлык курал-жабдык жана жардамдын бир бөлүгүн "кайра өндүрүп алуу" катары айткан.
Сейрек кездешүүчү минералдар коргонуу технологияларынан баштап, компьютер, уюлдук телефон, электромобил сыяктуу аппараттар үчүн баалуу.
Стармер менен Макрондун Трамп менен жолугушуусу
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу Европа менен Кошмо Штаттардын ортосунда дипломатиялык активдүүлүк күчөп турган маалда өттү.
Трамп менен 27-февралда Ак үйдө жолугушкан Британиянын премьер-министри Кир Стармер трансатлантикалык мамилени чыңдоого жана Украина боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салууга аракет кылды. Ал АКШ президентин согуш аяктаган учурда Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүгө чакырды.
Президенттик кызматка бир ай гана мурда киришкен Трамп согушту токтотуу аракетин күчөтүп, ай башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн жана көп өтпөй делегациясын Сауд Арабиясына орусиялык өкүлдөр менен жолугушууга жөнөткөн.
Бул кадам АКШнын Орусияга болгон саясатын кескин өзгөрттү жана европалык лидерлердин арасында тынчсызданууну жаратты. Алар Трамп Москва менен Украинага жана Евробиримдикке пайдасыз келишим түзүп алат деп кооптонуп турушат.
Трамп менен жолугушуудан кийин өткөн Ак үйдөгү маалымат жыйынында Стармер Британия Украинанын аймагында тынчтык орнотулса, ал жерге тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.
"Улуу Британия тынчтык келишимин колдоо үчүн аскерлерин жана учактарын жөнөтүүгө даяр. Бул биздин өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барып, туруктуу тынчтыкты камсыз кылуунун жалгыз жолу," – деди Стармер.
Трамп болсо Европа өлкөлөрүнүн Украинада аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча өтүнүчүнө ачык жооп берген жок. Бул маселе боюнча аны менен 24-февралда жолуккан Франциянын президенти Эммануэль Макрон да өз оюн билдирген.
Стармердин айтымында, ал Трамп менен Украина "катыша турган" жана "Путиндин кайра кол салуусун алдын ала турган" тынчтык планын талкуулады.
Британ медиасы Стармер АКШдан Европанын тынчтык күчтөрүнө абадан колдоо, чалгындоо, логистика жана байланыш жаатында жардам берүүнү сураганын жазды.
Трамп болсо АКШнын коопсуздук кепилдиктери тууралуу сөз кылууга эрте экенин белгилеп, азырынча ок атышпоо келишими түзүлө электигин эскертти.
Буга чейин Стармер менен жолугушуунун алдында, Трамп Путин тынчтык келишимин бузбайт деп ишенерин билдирип, АКШнын кошумча кепилдиктери зарыл эместигин айткан.
Бирок Европа лидерлери жана Зеленский мындай көз карашты колдобойт. Ак үйдөгү маалымат жыйынында Макрон Путин мурдагы келишимдерди бузганын эскертип, тынчтыкты сактоо үчүн күчтүү кепилдиктер, анын ичинде АКШнын колдоосу зарыл экенин белгилеген.
Шерине