Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Трамп Украина маселесин британ өкмөт башчысы менен талкуулады


Дональд Трамп менен Кир Стармер.
Дональд Трамп менен Кир Стармер.

АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Вашингтондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп, Орусия жана Украина ортосунда тынчтык келишими боюнча иш алдыга жылып жатканын, АКШ эки тарап менен тең алгылыктуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.

Трамп 28-февралда Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленскийди кабыл аларын, алар Украинадагы кен байлыктарды чогуу иштетүү боюнча макулдашууга кол коюшарын тактады.

“Биз макулдашууга чогуу кол койгону жатабыз”, - деди Трамп.

Ал алдыда Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалы тууралуу суроого жооп берип, бул нерсе орундалбай турганын, себеби “согуш ушунун айынан башталганын” билдирди. “Орусия президенти Владимир Путинге ишенсе болобу?” деген суроого ал “Ишен, бирок текшер” деген сөз менен жооп кайтарды.

Трамп Путин Украина менен жетишилген тынчтык келишимин аткарарына жана дагы бир жолу басып кирбей турганына ишенерин айтты.

Кир Стармер жолугушуу алдында Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча азыр жүрүп жаткан талкуу "Дональд Трамп түзгөн мейкиндик болбосо, мүмкүн эмес эле" деп билдирди. Британиянын премьер-министри ар кандай келишим узак мөөнөттүү чечим болушу керектигин баса белгиледи.

Стармер менен жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйында АКШ президенти сүйлөшүү “абдан жемиштүү” болгонун жана британ өкмөт башчысы “Украинадагы кандуу жана үрөй учурган согуш” тууралуу жаңы маалыматтарды бергенин билдирди.

Трамп башка булактар менен тастыкталбаган маалыматтарды кайрадан келтирип, согушта "бир миллионго жакын украин жана орусиялык бекер өлтүрүлдү, чындыгында курмандыктар саны андан да жогору" деп айтты.

АКШ президентинин айтымында, "тынчтыкка карай аракеттер" жума күнү уланат, ошол күнү Ак үйгө Владимир Зеленский барат. Ал Киев менен даярдалып жаткан кен байлык боюнча келишим АКШнын Украинага берген аскердик жардамына кенемте катары караларын тактаган. Ошол эле учурда ал Украинаны коргоону "татыктуу иш" деп атап, "украиндер кайраттуу күрөшүп жатат" деп кошумчалады.

Украина боюнча тынчтык келишими кандай коопсуздук кепилдиктерин бере аларын айтып жатып ал "көптөгөн маселелерди талкуулоого ачык" экенин, бирок ал биринчи кезекте Орусия менен Украина ортосунда келишим түзүүнү көздөп, андан кийин гана анын аткарылышын камсыздоого багытталган чаралар жөнүндө сүйлөшкүсү келерин айтты.

Трамп НАТО келишиминин альянстын мүчөлөрү агрессияга учураган союздашын коргоого милдеттендирген бешинчи беренесин колдой турганын белгиледи.

Стармер жолугушууда Украина боюнча тынчтык келишими тууралуу сүйлөшкөнүн, документ "катаал жана адилеттүү" болорун белгиледи, Улуу Британия келишимдерди колдоо үчүн өз күчтөрүн жиберүүгө жана "учактарды абага көтөрүүгө" даяр деди.

"Британия менен АКШнын мамилеси дүйнөнү коркунуч каптаган маалда мурдагыдан да маанилүү", - деди Стармер. Быйыл Лондон Украинага мурдагыдан дагы көп жардам берерин убадалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG