АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу чет өлкөлөргө көрсөтүлүп келген жардамдын 90% ашыгын токтотту. Бул тууралуу "Ассошиейтед пресс" агенттиги журналисттеринин колуна тийген документтерге таянып жазды.
Администрация жарыялаган бул кыскартуулардан кийин USAID'дин саналуу гана долбоорлорун калтырат. Учурда бул долбоорлорду сактап калууга аракет кылып жаткан тараптар соттошууда.
Документте АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ар бир программаны өзүнчө карап чыгып, улуттук кызыкчылыкка жана тышкы саясатка туура келбеген программаларды токтотуу чечимин кабыл алганы жазылган.
USAID – АКШнын Конгресси 1961-жылы түзгөн көз каранды эмес мамлекеттик агенттик. Бүткүл дүйнө жүзүндө 10 миңге жакын кызматкери бар. Бул агенттик жыл сайын АКШ Конгрессинен он миллиарддаган доллар бөлдүрүп, жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтөт.
АКШнын Конгресстик Изилдөө Кызматынын (CRS) акыркы баяндамасына ылайык, USAID 2023-финансылык жылында 130 өлкөдөгү программаларды колдоо үчүн 40 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
Бул уюм аркылуу эң көп жардам алган мамлекеттердин сап башында Украина, Эфиопия жана Иордания бар.
Ошондой эле Ооганстан да USAIDден ири каржы алган он өлкөнүн тизмесинде.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, быйылкы жылга Кыргызстан үчүн USAIDден жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат.
Ал сумманын негизги бөлүгү болгон 24,3 миллион долларды Европага, Евразияга жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жаткан.
Шерине