Бишкектин Биринчи май райондук соту зомбулуктан каза болгону айтылган Айжан Алыкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти карай баштады. Бул күнү сот өкүмү чыгат деп күтүлүп жатат. Маркумдун жакындары иш каралар алдында соттун имаратынын алдында акция уюштуруп, соттон адилет чечим чыгарууну талап кылышты. Алар айыпталуучуга катаал жаза берүүнү өтүнүштү.
39 жаштагы Айжан Алыкулова былтыр 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалган. Учурда ал тергөө абагында отурат.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз учур 2024-жылдын 6 айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы 7 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.(ZKo/КЕ)
Шерине