Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Грецияда темир жол кырсыгына байланыштуу демонстрациялар өтүүдө


Темир жол кырсыгынын эки жылдыгына арналган демонстрация. Афины, 28-февраль, 2025-жыл
Темир жол кырсыгынын эки жылдыгына арналган демонстрация. Афины, 28-февраль, 2025-жыл

Грецияда жума күнү жүз миңдеген киши кандуу темир жол кырсыгынын эки жылдыгында адилеттүүлүктү талап кылып чыгышты.

2023-жылдын 28-февралында студенттер бараткан жүргүнчү поезд Темпи капчыгайында жүк ташыган поезд менен кагылышканда 57 киши набыт болгон.

Трагедиядан эки жыл өтсө да, 27-февралда чыккан иликтөө көргөзгөндөй, коопсуздукту камсыздоо маселесиндеги кемчиликтер жоюлган жок. Соттук териштирүү аягына чыга элек, окуя үчүн эч ким жоопко азырынча тартылган жок.

Демонстрациялар ондогон шаарларда өтөт деп пландалган. Муну менен катар 24 сааттык иш таштоодон улам бир катар авиакаттамдар аткарылбай, деңиз жана темир жол байланышы үзгүлтүккө учурады. Курмандыктарга таазим этүү үчүн акцияга дарыгерлер, мугалимдер, юристтер кошулду.

Бир катар ишканалар жума күнү ачылган жок. Театрлар оюндарды башка күнгө которушту.

Премьер-министр Кириакос Мицотакистин оңчул-борборчул өкмөтү темир жол кырсыгынан кийинки шайлоодо жеңген. Курман болгондордун жакындары өкмөттү саясий жоопкерчиликти иликтөө үчүн парламентте угуу уюштурган жок деп сындап жатышат.

Бийлик трагедияны сот органдары иликтеши керек деп, дооматтарды четке кагууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG