Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, табият кырсыгынын зыянын төмөндөтүү жана жарандык коргонууну бекемдөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул документ 28-февралда президенттин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, Министрлер кабинети жыл сайын бюджетке өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу иш-чараларды каржылоону камтышы керек. Сел, суу ташкындары үчүн курулмаларды инвентаризациядан өткөрүп, сел коркунучу болгон жерлерге мындай объектилерди курушу керек.
Кырсык болгон учурда иштей турган адистештирилген кызматкерлер бөлүмүн кайра карап чыгуу, өнөр жайдын кооптуу объектилеринин жана гидротехникалык курулмалардын коопсуздугуна байкоо жүргүзүү тапшырылды.
Ошондой эле суу ташкындын, селдин чыгымын азайтуу, суу жээктерин бекемдөө үчүн жашылдандыруу иштерине узак мөөнөттүү инвестициялоону карашы керек. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жоюу боюнча милдетин так аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү белгиленген.
Бул багытта жаңы курулуш ченемдерин иштеп чыгып, шаарлардын башкы пландарынын, жер титирөөгө туруктуу курулуш ченемдеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган.
Облус башчылары, жергиликтүү администрациялар жыл сайын өзгөчө кырдаалдар үчүн фонддун жылдык бюджетинен 3% кем эмес (8 % чейинки чекте) карап, жарандык коргонуу жаатындагы буйруктарды милдеттүү түрдө аткарышы керек.
Өкмөт бул жарлыкты ишке ашыруу боюнча үч айдын ичинде чара көрүшү шарт.
ӨКМ Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатканын билдирген. Алардын көбү Ош облусунда экени айтылган. Калган кооптуу аймактар катары Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары аталган.
Министрлик 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашканын, алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилгенин маалымдаган.
Шерине