Мүнхенге Кошмо Штаттардын делегациясын вице-президент Жей Ди Вэнс баштап келди. Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен дагы жолугат. Бул сүйлөшүүлөргө Москванын өкүлдөрү катышар-катышпасы белгисиз. Чакырылгандардын тизмесинде Орусиядан эч ким көрүнбөйт. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова "Орусиянын мамлекеттик органдарынын жана түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жыйынга катышпайт" деп 14-февралда билдирди.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү Мүнхендеги жолугушуусу канчалык ыктымал деген суроого "айта турган эч нерсе жок" деп жооп берди.
Анткени президент Дональд Трамп 13-февралда АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү жума күнү Мүнхенде жолугарын айтып, ал жолугушууга Украина дагы чакырылганын кошумчалаган эле.
Трамп бул аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн да айткан.
Киев Мүнхенде Орусиянын өкүлдөрү менен эч кандай сүйлөшүү күтүлбөгөнүн билдирди.
Мүнхендеги бул жыйында европалык лидерлер Вашингтондогу жаңы администрациянын өкүлдөрү менен кездешет. Алардын катарында мамкатчы Марко Рубио, вице-президент Жей Ди Вэнс, Пентагондун башчысы Пит Хегсет жана Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог да бар.
Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак Келлог менен жолугушуп, "бекем жана адилеттүү тынчтыкка жетүү үчүн аракеттерди биргелешип координациялоону" талкуулаганын социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Ал эми Хегсет бул аптада Брюсселдеги НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынында бир топ талкууга жем таштады. Ал Украина Орусия убактылуу көзөмөл орноткон аймактардын кайтарылышына же НАТОго кирүүгө үмүт артпай эле койсо болорун ишарат кылды.
Айрым байкоочулар Пентагондун башчысынын мындай пикиринен улам экинчи "Мүнхен макулдашуусуна" даярдыкпы деген божомолду айтып жиберишти. Эске сала кетсек, 1938-жылы түзүлгөн Мүнхен келишимине ылайык, Британия менен Франция Чехословакиянын айрым бөлүктөрүн нацисттик Германияга берүүгө макул болушкан.
Европа лидерлеринин реакциясы
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын алдында "капитуляцияланып" калуудан оолак болууну эскертти. Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахна конференциянын алкагында "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде Трамптын Путинге телефон чалганы "Украина менен Европанын позициясын бекемдебей турганын" айтты.
"Сүйлөшүүлөргө чейин биз Путиндин максатын өзгөртүшүбүз керек. Анын максаты өзгөргөн жок. Ал Украинанын дагы башка аймактарын басып алууну көздөбөйт. Ал Европа коопсуздугунун архитектурасын өзгөртүүнү каалайт. Ал Украинаны мамлекет катары толук жок кылууну көздөйт", - дейт Цахна.
Хегсет Брюсселде жыйындан кийинки пресс-конференцияда Европа Американын кубатына эле ишенип отура бербей, коргонууга кошчу чыгымдарын көбөйтүшү керектигин баса белгиледи.
Ал эми АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс ушул эле теманы НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолукканда көтөрдү.
"НАТО, албетте, абдан маанилүү аскердик альянс жана биз анын эң негизги мүчөсүбүз. Бирок биз НАТО келечек үчүн түптөлгөн деп ишенгибиз келет. Кошмо Штаттар Чыгыш Азиядагы айрым маселелерге көңүл бурушу үчүн НАТО биздин Европадагы жүгүбүздү жеңилдетишин каалайт элек", - деди Вэнс.
Рютте анын айтканына макул болуп, Европа бул багытта "өсүшү керектигин жана чыгымдарын көбөйтүшү зарылдыгын" билдирди.
Трамп бул тууралуу көптөн бери айтып келатат. Ошондуктан Мүнхендеги алгачкы тегерек үстөлдөрдүн бири "АКШнын аз акчасы менен көп иш кылса болобу? Европанын коргонуусун бекемдөө" деген аталышта өттү.
14-февралда өтүүчү дагы бир жыйын Балтика деңизиндеги гибриддик согушка багытталган. Бул дагы азыркы актуалдуу маселелердин бири. Анткени Батыш мамлекеттери соңку айларда деңиздин алды менен өтүүчү кабелдердин жана түтүктөрдүн жарылышын Орусиядан көрүп жатат.
Зеленский "АКШ менен Украинанын коопсуздук тармагындагы кызматташуусунун келечеги" деген сессияга катышат.
Конференция башталары менен Кремль Вэнстин The Wall Street Journal басылмасына курган маегине реакция жасады. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык макулдашуусуна барууга көнбөсө, Вашингтон Москвага дагы санкцияларды киргизип, керек болсо аскердик кадамдарга барарын билдирген.
"Биз мындай билдирүүлөрдү буга чейин уга элек болчубуз. Мындай сөздөр болгон эмес. Ошондуктан биз азыркы болуп жаткан байланыштар маалында дагы кошумча түшүндүрмө алабыз деген ниеттебиз", - деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Шерине