Орусия 20-февралга караган түнү Украинанын Херсон облусуна авиа бомба менен чабуул койду. Жабыркаган бир нече кишинин арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу Херсон шаардык аскер администрациясынын башчысы Роман Мрочко билдирди.
Маалыматка караганда, Орусия өткөн түнү бул аймакка үч бомба менен чабуул койгон. Түнкү аткылоого Херсон шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бири туш болгон.
Түнү бою жабыркагандар урандылардын астынан чыгарылды. 13 жаштагы эгиз балдар жабыркап, дагы кеминде үч чоң киши жарадар болгон. Үйдүн бир кире бериши зыян тартып, бир бөлүгү урап калган.
Одесса экинчи күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин айтымында, кеминде бир адам жабыркаган. Кол салуудан улам шаардын беш миңге чукул калкы бар району электр жарыксыз калган.
Шаар мэри Геннадий Труханов жарандык инфраструктурага чабуулдун натыйжасында айрым тургундардын үйлөрүндө жылуулук өчүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрына чейин Украинада 12 миңден ашуун адам өлүп, 27 миңге жакыны жаракат алган.
Ошондой эле БУУ орусиялык аскерлер адамдарды өлтүрүп, уурдап, кыйнап, сексуалдык зомбулук, адамгерчиликсиз мамиле көрсөтүп, карапайым адамдарды негизсиз камаган фактыларды документтештирген. (AiA)
Шерине