Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Өзбекстан ислам темасына адистешкен Azon порталынын негиздөөчүсүнө издөө жарыялады


Алишер Турсунов.
Алишер Турсунов.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги ислам темасына адистешкен Azon Global маалыматтык-аналитикалык порталынын негиздөөчүсү Алишер Турсуновго (Мубашшир Ахмад) издөө жарыялаганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Турсуновго Кылмыш-жаза кодексинин 244-2-беренесинин ("Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык же тыюу салынган башка уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу") негизинде кылмыш иши козголду.

Турсунов акыркы жылдары Түркияда жашап жүрөт. Ал 2023-жылы декабрда Түркияда кармалып, Стамбулдагы депортация борборунда эки отурган. Басылманын маалыматы боюнча 2024-жылдын 21-февралында камактан бошотулган. Аны камакка алуунун себептери айтылган эмес.

Өзбек өкмөтү буга чейин Azon медиа (Azon Global мурда ушинтип аталган) порталынын ишмердүүлүгүн сындап, 2021-жылы Ташкенттин соту анын төрт кызматкерине "Өзбекстандын эл аралык мамилелерине доо кетириши мүмкүн деген диний материалдарды таратканы үчүн" айып пул чегерген.

2023-жылдын августунда Azon медиа Өзбекстандагы бардык долбоорлорун токтотуп, ноябрда Azon Global порталы ишке киргизилген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG