Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Соода-өнөр жай палатасы АКШ элчилигинин өкүлү менен санкция маселесин талкуулады


Соода-өнөр жай палатасындагы жолугушуу. 20-февраль, 2025-жыл.
Соода-өнөр жай палатасындагы жолугушуу. 20-февраль, 2025-жыл.

Соода-өнөр жай палатасында өлкөдөгү мунай тармагындагы өкүлдөр жана Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин экономикалык-саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Брент Бейер санкциялар боюнча маселени талкуулашты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Жолугушууда АКШнын Орусиянын отун-энергетикалык тармагына киргизген санкциялары, анын Кыргызстандагы мунай базарына тийгизген таасири талкууланды.

Брент Бейер АКШнын санкциялык саясатынын негизги аспектилерин түшүндүрүп, тобокелчиликтерди азайтуу үчүн эл аралык нормаларды сактоо зарылдыгын белгиледи.

11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына да санкция салган. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илинишин талкуулаган.

Тараптар кандай чечимге келгени кабарланган эмес. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG