Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өрттү көзөмөлдөө кызматы Улуттук хирургия борборунун текшерип, өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталганын билдирди.
Имаратты талапка ылайык келтирүү үчүн Улуттук хирургия борборуна бир ай убакыт берилди.
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 11-февралда чыккан өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Саламаттык сактоо министрлиги алар операциядан кийин оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптар болгонун, эвакуациялоо учурунда көз жумганын билдирген. Өрттөн дагы тогуз адам жабыркаган.
Ошондон кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берген. (TSh)
Шерине