Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

"Жамийланын уулусуң дешсе, далай мушташтым". Айтматовдун каармандары


Шекерлик жубайлар Жамийла менен Данияр.
Шекерлик жубайлар Жамийла менен Данияр.

Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы. Жазуучунун дүйнөлүк адабияттан ордун тапкан чыгармаларындагы каармандар анын замандаштары, айылдаштары болгон.

“Данисте” бул жолу Айтматовдун балалыгы өткөн Таластагы айылдарды кыдырып, анын каармандары тууралуу айтып берет.

Таластын Шекер айылы. Элеттин күнүмдүк турмушу ушундай - элдин баары таң атпай мал-жандыгын жайытка чыгарууда.

Айтматовдун махабатты даңктаган белгилүү чыгармасындагы баш каармандардын ысымын алып жүргөн Жамийла менен Даниярдын баш кошуп калышына дагы ушул жагдай себеп болуптур.

“Телефон аркылуу эле таанышканбыз. Менин атымды сурады. Бул “Данияр" деп айтты, мен "Жамийла” дедим. Чын эле ушундайбы же тамашалап жатабы деп ойлодум. Көрсө, чын эле жолдошумдун аты Данияр экен”.

Шекерлик Данияр менен Жамийла.
Шекерлик Данияр менен Жамийла.

Данияр Момбеков жана Жамийла Сейдылда кызы Шекерде туулуп-өскөн. Жубайлар “Жамийла” повестин жатка билишет. Мүнөздөрү дагы чыгармадагы каармандарга дал келип калганын айтып, бири-бирин тамашалап калышат.

“Жамийла мага караганда ачык мүнөз"

"Данияр чын эле чыгармадагыдай бир мүнөз, жоош экен. Токтоо көп сүйлөп, күлө бербейт. Көп учурда баарын мен баштайм. Өзүм тийишем, - дейт бүгүнкү Жамийла. - Чыгарманын аягы эмне болгонун көбү билбейт экен. Эч ким деле билбейт. Анан силер баш кошуп калдыңарбы деп калышат”.

Данияр - ветеринар. Жамиля болсо үйдөгү жумуш менен алектенип, жубайлар үч баланы тарбиялап жатышат.

"Бир жакка бирөөбүздү эле чакырышпайт. Дайыма Данияр-Жамиля деп турушат".

"Дагы башка каармандар барбы, атаңардын аты, апаңардын аты ким деп сурашат. Азыр бул жактан кайын атамдын атын айта албай жатам".

"Атамдын аты Ильяз. Анын ысымы дагы "Кызыл жоолук жалжалымдагы" баш каармандын атынан коюлган. Ошондуктан көбү кызыгуу менен сурашат. Каармандар жашаган үй деп коюшат".

Адатта кыргыз айылдарынын көбүндө 70-80-жылдары Айтматовдун каармандарынын ысымы көп коюлган эмеспи. Шекерде азыр деле уул-кызына ошондой ысым бергендер көп.

“Атамдар да ушул жерде. Бул жакта Айтматовдун китептери. Бардык чыгармалары бар. Бул жакта да бар. Бул атам, бул апам”.

Даниярдын атасы Ильяз Момбековдун ысымын убагында Чыңгыз Айтматов өзү койгон экен.

Ильяз Момбеков.
Ильяз Момбеков.

"Биздин чоң энебиз Айтматтын тун кызы болгон. Андан кийин Төрөкул Айтматов. Чыңгыз таякем менен атам курбалдаш, теңтуш болгон экен. Айылдагы ага жакын кишилердин бири менин атам болгон".

Ильяз Момбеков жазуучунун чыгармаларынын көбүндө Шекердеги окуяларды жазып, каармандары айылдаштары болгон деп эсептейт:

“Чыңгыз Айтматов өзү жокчулук, согуш учурунда чыйрак болуп чоңойгон. Кыйын мезгил, согушту баштан өткөргөн. Ошондуктан анын чыгармаларынын баарындагы окуялар айылда болуп жатат".

Шекердеги маданият үйүнө Айтматовдун каармандарынын балдары чогулду. Ооба, алар ата-энелери чыгармалардагы каармандардын прототиптер болгон деп эсептешет.

- Мен Ысмайылдын баласымын.

- Жамийланын урпактарыбыз биз.

- Мен Жамийланын келинимин.

- Биз “Эрте келген турналардагы” Анатайдын балдарыбыз.

- Баарыңыздар бири-бириңиздерди тааныйсыздарбы?

- Тааныйбыз.

- Негизгиси сыймыктанасыңарбы?

- Албетте, жакшы да…

Шекерлик Махаметкерим Чолпонбаев өзүн “Эрте келген турналардагы” Анатайдын уулумун деп тааныштырды. Анын атасы өмүр бою ушул айылда жашап өткөн.

"Бул Анатайдын улуу баласы, бул келини. Бул андан кийинки кызы. Мен да баласымын. Ушулардын баарын чыгарма кылып кеткени үчүн Чынгыз Айтматовго мен абдан ыраазымын. Менин атам Анатай карапайым киши болгон. Жалаң колхоздо иштеди. Булар Көк-Сайдын чек арасы Ак-Сай деген жерде арпа себишкен экен. Чыңгыздын каармандары ошентип жазылып калган. Биз алар менен сыймыктанабыз", - деди Чолпонбаев.

Мындагылар жалаң эле шекерликтер эмес. Таластын башка айылдарынан да келишти. Бул айылдар бири-бирине танапташ жайгашкан.

Маданият үйүндө Айтматовдун туулган күнүнө карата даярдык жүрүүдө. Шекерликтер анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырууда…

Жамийланын баласы

Орозбай Ашырбаев Таластын Бакыян айылынан келиптир. Ал апасы Жамийланын прототиби болгонун айтууда.

Орозбек Ашырбаев.
Орозбек Ашырбаев.

“Атам экөө Маймакта араба менен буудай ташып жүргөндө таанышкан экен. Экөө үйлөнүп, Бакыянда жашап калышкан. Китепте көркөмдөп жазылган. Апам өзү Сейит деп атпайбы, ошонун жеңеси болгон. Сейит Шекерде мугалим болгон. Анын агасына 1945-жылы турмушка чыккан, тиги киши келбей калган экен. Анан ажырашып кетишкен”.

Орозбай Ашырбаев 11 бир туугандын үчүнчүсү. Ал “Жамийла” повестин бала кезден тарта бир канча ирет окуп, өз сүйүүсү үчүн күрөшкөн баш каарманды далай жолу сындап келген экен.

“4-класстан баштап окугам. Жамийланын уулусуң дешкенде, классташ кыздар, балдар менен урушчумун. Азыр болсо сыймыктанам”.

Маймак станциясы Шекерден 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Ага жазуучунун кайра-кайра кайрылганы, көп окуялар ушул жерден башталганы бекер болбосо керек...

37-жылдагы репрессияда атасы Төрөкул Айтматов Москвада камакка алынган. Мунун алдында жубайы Нагима Айтматованы балдары менен Ата-Тоого, Таласка жөнөткөн. 9 жаштагы Чыңгыз Айтматов бир туугандары, апасы менен 1937-жылы 1-сентябрда Маймак бекетине келип түшөт.

Жийде айылы

Алгачкы жылдары Жийде айылында турушкан. Жийденин тургуну Сатылган Жумак уулу өзүн Айтматов изилдөөчү деп эсептейт. Анын айтымында, бул жерде Нагима Айтматова согуштан кийинки жылдары иштеген.

Жийде айылы.
Жийде айылы.

Сатылган Жумак уулу аксакалдардан сураштырып, Жийдедеги Айтматовдордун жашоо-турмушун изилдеген.

“Биз турган жерде жашашкан. Бул жерде “Саманчынын жолундагы” Толгонай келини Алиман менен жашаган. Чыгармада Толгонайдын үч баласы бар деп айтат. Чындыгында анын Субанкул аттуу бир эле баласы болгон”, - дейт ал.

Жийдеде турганда Чыңгыз коңшу айылдагы мектептерге каттап окуп, кийин Шекердеги туугандарынын колуна барган.

Беш миңдей калк жашаган Шекер Таластын Кара-Буура районуна карайт. Ал Бишкектен 400 чакырымдай алыстыкта. Батыштан Казакстан менен чектешет.

Шекерди Айтматов аркылуу билебиз, дүйнөнүн булуң-бурчундагы окурмандары дагы аны жазуучунун чыгармалары аркылуу тааныйт. Ошондуктан жыл сайын бул аймакка жүздөгөн туристтер келип-кетип турат.

Бул жерде жазуучунун каармандарынын айкелдери чегилип коюлган. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн кош тереги да дал ушул жерде.

Ысмайылдын үңкүрү

Шекерди аралап аккан Күркүрөө суусу жазуучунун бир нече чыгармасында сүрөттөлгөн. Ал эми “Бетме-беттеги” Ысмайылдын үңкүрүн көптөр биле бербесе керек.

Жергиликтүү тургундар “Бетме-беттеги” Ысмайылдын прототиби деген Ысмайыл Сейталынын күмбөзүнө келдик. Бизди ал кишинин жакындары коштоп келди.

Жапар Ысмайылов - Шекерге коңшу Көк-Сай айылынын тургуну. Ал атасы согуштан качып, жашынган деген үңкүрдү көргөзүп жатат.

Жапар Ысмайылов.
Жапар Ысмайылов.

Жапар Ысмайыловдун айтымында, “Бетме-бет” повести үчүн анын атасын жектегендер болгон. Убагында атасы пенсиясыз калганын, Айтматов менен жолугушуудан кийин маселеси чечилгенин эскерүүдө:

"Аркы-беркилер менен эле жүрсө, кантип пенсия алат? Айтматов ага пенсияны да алып берди".

Повестте Ысмайылдын согуштан качып, дезертирлик кылганы сүрөттөлөт эмеспи. ”Бетме-бет” чыгармасы өзгөрүүлөр менен эки жолу басылып чыккан.

“Окуган киши жаман көргөнү менен, ал өзүнө эч нерсе албаптыр. Жетпегендерге бериптир. Өзүнө дүйнө жыйган эмес. Мурункусунда аны дезертир деди. Кийинкисинде актап койду”.

Анаржан Курманалиева - Ысмайылдын келини. Ал өзүн Айтматовдун башка дагы бир чыгармасына тиешеси бар экенин айтууда:

"Мен Танабайдын кызымын. Кайын сиңдим аркылуу күйөөм менен таанышып, турмушка чыгып калдым".

Танабайдын уул-кызы

Танабай - “Гүлсарат” повестинин баш каарманы.

Шекерликтер Айтматов тагдырын баяндаган Танабай да, анын Гүлсараты дагы чыныгы жашоодо болгонун айтып беришти. Танабайдын уулу Аманкул менен айыл четиндеги жайытка келдик. Жакында эле айылдаштары Гүлсарат деген күлүк жылкыны алып келишкен экен.

"Атам 57синде кайтыш болду. Ошого чейин балалуу болгон эмес. Мен атамдын биринчи баласымын", - дейт Аманкул карыя.

Аманкул Танабаев.
Аманкул Танабаев.

Танабай 1903-жылы Кара-Бууранын Шекер айылында, анын аялы Бүбүжан 1928-жылы Арчагул айылында туулган. Чыңгыз Айтматов бала чакта айылдык кеңеште катчы болуп жүргөндө, Танабай колхоздун жылкысын бакчу экен.

"Атам өмүр бою жылкы баккан. Көпкө чейин балалуу болбогондон кийин жаныбарларды жакшы көрсө керек…"

Аманкул Танабаев Шекердеги бүгүнкү Гүлсаратты биз менен кошо келип, алгачкы жолу көрдү…

Ал беш бир тууган. Өзү 10 балалуу болуп, кенже уулун атасынын атынан Танабай деп атаган экен.

- Танош деп коёбуз биз аны…

Ээн талаа… Гүлсарат. Мындай талаа, туягы жер сабаган күлүк жылкы Айтматовдун чыгармачылыгында далай жолу укмуштуудай сүрөттөлөт эмеспи.

"Ак-Сай десанттары"

Ушундай чыгармалардын бири, “Эрте келген турналар” повести - согуш азабын тартып, эрте жетилген өспүрүмдөрдүн мемуары сыяктуу. Чыгармада бүтүндөй “согуштун балдары” көргөн азап-тозок, тарткан түйшүгү, кылган мээнети баяндалган.

Султанмурат баштаган "Ак-Сай десанттары" ошол кездеги шекерлик өспүрүмдөр болуптур.

"Кайнатамдын үйүнүн орду, анын өтүп кеткенине быйыл 15 жыл болду", - дейт өзүн “Эрте келген турналардагы” Султанмураттын келинимин деп тааныштырган Наркул Мамбеткулова. Азыр бул үйдө Султанмураттын небереси, бала-чакасы менен жашайт.

"Атам ооруп калып, менин колумда жашады эле".

Шекерликтер анын кайын атасы Султанмуратты чыгармадагы баш каармандын прототиби деп сөз кылышат.

"Айтматов менен тең курактуу болгон экен", - деген Алмаз Султанмуратов Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына сугарылып өскөн. Ал чоң атасынан Айтматов жөнүндө, чыгармалардагы окуялар жөнүндө дайым сурап турган.

"Айтматов чоң энеси менен жашачу экен", - дейт Алмаз.

Алмаз Султанмуратов.
Алмаз Султанмуратов.

Айтматовдун чыгармасындагы каармандарга чоң атасынын тиешеси болгонуна Алмаз ар убак сыймыктанарын айтып отурду.

Анын эки кыз, бир уулу бар. Жалгыз уулун дагы “Делбирим” повестиндеги баш каармандын ысымынан Ильяз деп атаган.

Айтматовдун каармандары эчен сыноодон өтүп, бирок адамдагы асыл сапаттардын үрөнүн жүрөгүндө сактап калат эмеспи. Анын каармандары Шекерде эле эмес, Кыргызстандын булуң-бурчунда, дүйнөнүн туш-тарабында күн сайын адам болуу үчүн күрөшүп жаткандай. Жазуучунун окурманынан калтырган мурасы ушул...

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG