Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Бөтөн тилдин үстөмдүгүнөн качан арылабыз?


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Кыргыз адабий тилинин жакшы өнүкпөй калуу себептеринин бири – анын ички табияты эске алынбай келгендиги. Совет доорунда тилибизге таӊууланган жат эрежелерден дагы эле баш тарта албай жүргөнүбүз өкүнүчтүү.

Орус орфографиясы эмне үчүн таӊууланган?

Өткөн кылымда, туташ сабатсыздыкты жоюу жылдары адегенде араб тамгаларын колдонуп, кийинчерээк латын арибин тандаганыбыз белгилүү.

Азыркы эӊ көп талаштарга себепкер болгон жагдайлар кириллицага өткөндөн соң жаралган. Мурда башка тилдерден кирген сөздөр кыргыз тилиндеги үндөштүк (сингармонизм) мыйзамына баш ийдирилип, жазганга да, айтканга да ыӊгайлуу түргө келтирилчү экен.

Мисалы, “китеп”, “мектеп”, “заар” деген сөздөр араб тилинен келгенин тилчилер эле аныктабаса, төл сөздөрдөн эч айырмаланбайт. Орус тилинен кирген “керебет”, “самоор”, “көпөс”, “үстөл” ж.б. сөздөр да ошондой. Мындай сөздөр өздөштүрүлгөн деп эсептелет. Бул абдан жакшы тажрыйба, тилдин лексикалык байлыгын сырт булактардан дал ушундай жол менен арттыра бериш керек. (Ички булактар, мисалы, диалектизмдер жөнүндө өзүнчө сөз кылабыз.)

Бирок, тилекке каршы, кийин орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр орус орфографиясына ылайык жазылат деген эреже таӊууланып калган. Тилибиздин табиятына каршы келерин лингвисттер билген, бирок бул чечим илимий эмес, ачык айтылбаган саясий, идеологиялык жүйө менен кабыл алынган.

Эч бир мыйзамда атайын белгиленбесе да, Советтер Союзунда калкынын саны жагынан эӊ чоӊ этностун тили мамлекеттин расмий тилине айланган. “Социалисттик коом”, “совет эли”, “советтик адам” дегендей сөз айкаштар компартиянын ураандарында көп колдонулчу. “Жаӊы адамды”, “бирдиктүү совет элин” жаратабыз деген ураан иш жүзүндө орусташтырууга багытталган эле.

Ошондуктан Бишкекте (ал кездеги Фрунзеде) кыргыз тилинде окуткан жалгыз №5 мектеп калган, бала бакчалардын баары орус тилдүү болгон. Кыргыз тили начар, жарды тил, жогорку билимдин жана илимдин тили боло албайт деп эсептешчү.

(Жогорку математика боюнча окуу китепти кыргыз тилинде иштеп чыкканы үчүн Политехникалык институттун проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Ракым Усубакунов куугунтукталган.)

Жазуубуз канчалык кыргызча?

Кириллицадан кетип, Тыныстанов иштеп чыккан кыргызча латын арибине кайтсак эле маселе чечилет деген көз караш бар. Бирок жүз жылдан берки өзгөрүүлөрдү эске алганда, жакынкы чейрек кылымда кирилл алфавити колдонуудан чыгарылбай турганы оӊ деп ойлойм. Анткени мында деле биринчи кезекте маселенин саясий же геосаясий эмес, илимий жана иштиктүү (практикалык) өӊүттөрүн эске алуубуз кажет.

(Мисалы, ушул жагына жетиштүү көӊүл бурбагандыктан кошуна өзбек туугандар латын тамгасына өттүк деп эчак эле жарыялаганы менен, азыркыга чейин толук өтө албай арасат абалда турат.)

Бирок дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин көпчүлүгүнө жайылган латын тамгасын колдонууга да тыюу салынбашы керек. Биздин айрым замандаштар өздөрүнүн кыргыз тилиндеги каттарын, социалдык тармактардагы пост, комменттерин латын ариби менен жазып жүрүшөт. Мындан ары илимий макалаларды, башка эмгектерди да ушул тамга менен жазгандар көбөйүшү мүмкүн.

Эми азырынча кириллицага негизденген алфавитибиз менен орус орфографиясынын таасиринде калган жазуу эрежелерибизди жөнгө салуу боюнча жүйөлөрдү келтирели.


Керексиз тамгалардан арылалы


Орус алфавитиндеги 33 тамга бул тилдеги тыбыштарды тамгалай туюнтуу үчүн бардык жагынан туура тандап алынган, ашык-кеми жок. Бул тилдеги үндүү тыбыштарды билдирүү үчүн алты тамга бар: а, о, у, э, и, ы. Алдында турган үнсүздөрдүн ийкемдүүрөөк, назигирээк угулушу үчүн биринчи төрт тамганын й менен чогуу айтыла турган я, ё, ю, е тамгалары киргизилген. И ансыз деле ичке үндүү. Ы өтө аз колдонулат, ал дайыма жоон үндүү тыбышты билдирет.

Эми кыргыз тилиндегисин карайлы. Ырас, а тамгасына “жумшак” түгөй катары казак тилиндегидей атайын тамга (ә) керек дегендер көп. Бирок жанаша муундардагы тыбыштар өз ара таасирлешип, айтылышы өзгөрөт. Мисалы, “маани”, “далил”, “Карим” сыяктуу сөздөрдө а казак алфавитиндеги ә тамгадай эле угулат.

Е тамгасы “ниет”, “тиешелүү” дегендей сөздөрдө эки тыбышты (й+э) билдирет. Бирок “ийет” сөзүндө бир гана э тыбышын туюнтат.

Ё тамгасынын ордуна орус тилинде е жазууга жол берилет. Басым түшкөн муунда бул ё болуп окулат деген эреже бар. Бирок ошонун таасири менен бизде “коен”, “боек” ж.б. деп жазгандар көп – бул такыр туура эмес.

Кыргыз тилинде үндүү тыбыштарды билдирген негизги тамгалар алтоо эмес, сегиз: а, о, ө, у, ү, ы, и, э. Демек, булардын теӊ жарымына тиешелүү йоттошкон тамгалар жок. Калган жарымында деле алар орус тилиндегидей алдындагы үнсүздү өзгөртүү милдетин дээрлик аткарбайт – ичке үндүүлөрдү билдирүү үчүн өзүбүздүн тамгалар жетиштүү.

Биздин тилде йоттошкон тамгаларды колдонбой, кош тыбышты билдирүү зарыл болгондо й тамгасын эле кошуп жазууга өтсөк, бардык жагынан туура болот: тийеше, айак, уйум, бойок ж.б. Айрыкча башка үндүүлөр менен айкашкан мисалдар менен катар алып караганда, ушул жол эле ыңгайлуу экени даана байкалат: ийик, күйөө, сүйүн, тыйын.

Бир тилде бардык жагынан каралып, алгылыктуу деп тандалган тамгалардын баарын башка тилдин алфавитине шыкай берүүнүн эч кажети жок.

Кыргызча төл сөздөрдө ц, щ, ъ жана ь тамгалары да колдонулбайт. Орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөрдү айырмалап жазуу үчүн калган тамгалар деле жетиштүү: Гөссе (же Гөссө), Көлн (же Көлүн), Мүнхөн, Түмөн, просес (же протсес), просент (эгер “пайыздын” ордуна колдонобуз десек). Х тамгасы башка тилдерден кирген сөздөрдө, болгондо да өтө аз колдонулат.

Орус тилинен келген сөздөрдөгү ичкертүү белгиси кыргыз орфоэпиясында дээрлик эч кандай мааниге ээ эмес. Мисалы, эне тилинде таза сүйлөгөн кыргыздар “медаль” сөзүндөгү акыркы л тыбышын көбүнчө “жумшартпай” эле айтат. Мүчө улап жазганда бул белги түшүп калат да, кийинки муундагы үндүүнүн таасири менен кыпкыргызча тыбыштар окулат: январдан, февралга, область - областта (айтмакчы, бул сөздү кыргызча облус деп эле жазган туура). Ажыратуу белгиси да ашыкча.

Кечээ жакында “Эсимде” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн бетачарында кыргыз тилинин орфоэпиялык сөздүгү азыркыга чейин жок экендиги да бекеринен эмес окшойт деген ой айтылды. (Ал сөздүк түзүлгөн болсо да жарык көрбөй кала берген болушу ыктымал.) Анткени ар бир сөздүн жазылышы менен айтылышын мүмкүн болушунча так чагылдырган сөздүк орфографияны орусча эрежелерден арылтуу зарылдыгын миӊдеген мисалдар менен оркойтуп көрсөтүп коймок.

Ырас, азыр англис жана араб тилдеринин да таасири өтө күчөп баратат. Демек, четтен келген сөздөрдү которбой эле колдонгон учурда биздин тилдин ички табиятына (мисалы, үндөштүк мыйзамынын сакталышына) кедерги болбошу үчүн чет тилдердин орфографиясына эмес, өзүбүздүн тилге ылайыктап алуубуз керек. Мына ошондо гана аларды өздөштүрүлгөн десек жарашат.

Ырааттуу кадамдар керек

Албетте, жогорудагы тезистер көптөгөн замандаштарга жакпашы мүмкүн. Себеби бардык жагын жетиштүү ойлонуштурбаса, жыйырма жыл мурун жазуу эрежелерин өзгөрткөндөгүдөй чаржайыттык болушу ыктымал. Ошондойго жол бербеш үчүн өздөштүрүлгөн сөздөрдү жазуу боюнча мындай сунуштарды айтам:

1. “Орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр орус орфографиясына ылайык жазылат” деген жобону жокко чыгаруу керек.

2. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен УИА Тил жана адабият институту (же башка ЖОЖдор) биргелешип орфоэпиялык сөздүктү иштеп чыгышы зарыл.

3. Жазуу эрежелеринин жаӊыртылган вариантын расмий наам, даражасы бар тилчилер эле эмес, дайыма текст менен иштеген авторлор жана редакторлор да кошулган атайын топ жактырууга тийиш. Жаӊы эрежелер кыйла кууш чөйрөдө белгилүү мезгил аралыгында сынак иретинде колдонулушу керек.

4. Окуучулардын, студенттердин жазуу иштерин баалаганда биринчи кезекте мазмунга, логикага жана ырааттуулукка көӊүл бурулушу керек. Кайсы бир мезгилге чейин талаштуу учурларда сөздүн эки түрдүү жазылышы тең туура деп эсептелгени оӊ. Болгону “орусчасын” же кыргызчасын тандаганда ырааттуулукту сактоо зарыл.

5. Латын тамгасында жазууну каалагандарды колдой бериш керек – ошондо кыргыздын латынча алфавитин жакшы иштеп чыгууга илимий эле эмес, практикалык да негиз түзүлөт.

XS
SM
MD
LG