Шыкмаматов Мишустинге жооп берди
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берди. “Мамлекеттик жогорку жетекчилик тууралуу айтып, Мишустин мырза так эместикке жол берген, ал эми “опузалоо” дегени ашыра айтууга барабар. Муну менен биздин чарбалык маселеге саясий боёк берилген десек болот”, - деп айтылат маалыматта. Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга “кысымын жана негизсиз дооматтарын” токтотушу керек деп талап кылган. Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратып, “Орусия өкмөт башчысы Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтмө бере албасын” белгилеген пикирлер айтылган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Мындай чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айтты. Ал 2023-жылы сентябрь айында экинчи жолу министрлик кызматка келген. Биринчи ирет 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Ага жалпысынан жети кылмыш иши козголуп, кийин бардык кылмыш иштери токтотулган. Бул чуулуу иштерден кийин Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы 19-августта Садыр Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.
Автобуста кызга ыдык көрсөткөн адам кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы борбордо коомдук автобуста жүргүнчү кызга ыдык көрсөткөн адам кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, 36 жаштагы шектүүнү (К.А.) кармоо учурунда ал укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей коомдук тартипти бузган. Шектүү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик камерасына киргизилген. Коомдук транспортто болгон окуяга байланыштуу текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен шектүүгө кошумча юридикалык баа берилери кабарланды. 2-февралда социалдык тармактарда чак түштө коомдук транспортто белгисиз адам анын жанында турган кыздын жамбашын кармап жатканы тартылган видео тараган. Бул тасма коомдо талкуу жаратып, адамдар кызга ыдык көрсөткөн кишини жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Картошканы экспорттоого чектөө киргизүү каралууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги социалдык мааниге ээ азык-түлүккө болгон баанын жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. 2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.
Сириянын Манбиж шаарында жардыруудан кеминде 19 киши набыт болуп, ондогон киши жараланды
AP агенттиги жергиликтүү оорукананын кызматкерлерине шилтеме менен маркумдардын 18и аялдар экенин жазды.Машинага коюлган бомба айыл чарбада иштеген аялдарды ташып баратканда жарылган. Жарадар болгондордун айрымдары оор абалда деп кабарланды. Жергиликтүү тургундардын бири жарылган машина жолдун боюнда турганын айтып берди. Окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Бир айдын ичинде шаарда ушуну менен 7-машина жарылды. Алеппо аймагындагы Манбиж президент Башар Асад декабрда кулатылгандан бери зордук-зомбулукка туш болууда.
Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, ал эми анын администрациясы эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын 3-февралда “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Андан бир нече саат мурдараак Дональд Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлогг эгер эки тарап тең согушту токтотуу келишимине жетишүүгө үмүттөнүп жатса шарттарга макул болушу керек экенин эскерткен.
Даниянын премьери Гренландия сатылбасын кайталады
Даниянын премьер-министри АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун комментарийине жооп кайтарып, “Гренландия сатылбайт” деп кайталады. Рубио өткөн аптада президент Дональд Трамптын аралды алууга кызыгуусу “тамаша эмес” экенин айткан. Фредериксен ошол эле маалда коопсуздукту жана коргонууну алганда Арктиканын мааниси артып баратат деген АКШнын көз карашына кошуларын белгиледи. 57 миң калктуу арал 600 жыл Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.
Бейонсе эң мыкты жыйнак үчүн Грэмми сыйлыгын алды
2-февралда Лос-Анжелесте Грэмми сыйлыгын тапшыруунун 67-аземи өттү. "Жылдын жыйнагы" категориясында Тейлор Свифт, Билли Айлиш, Charli XCX жана башка артисттерден озуп чыгып Бейонсе Cowboy Carter деген пластинкасы үчүн сыйлык алды. Ырчыга бул категориядагы сыйлык биринчи жолу ыйгарылды. Ал буга чейин ар кайсы жылдары “Жылдын жыйнагы” номинациясына төрт жолу көргөзүлгөн. "Мыкты жаңы ырчы" деп Чаппелл Рон аталды. Тейлор Свифт бул жолу бир да сыйлык албай, куру калды. Рэпер Кендрик Ламар "Жылдын ыры", "Жылдын клиби" жана дагы үч номинацияда утту. Быйылкы салтанат шаардагы өрткө байланыштуу адаттагыдай чоң шаан-шөкөт менен коштолгон жок.
Шерине