Кыргызстанда жер казынасын чалгындоого жана иштетүүгө берилген лицензиялардын саны 2097ни түзөт. Анын 141и былтыр 2024-жылы берилген. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 21-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Машиевдин айтымында, мамлекеттин балансындагы алтындын кору 1016,71 тоннаны түзөт.
"Бүгүнкү күндө төмөнкүдөй өлчөмдөгү пайдалуу кендердин запастары мамлекеттин балансына саналып, эсепке алынган: алтын – 1016,71 тонна, чачыранды алтын – 7,57 тонна, күмүш – 1276,13 тонна, көмүр – 1 816,0 миллион тонна, акиташ тек – 72 613,4 миң куб метр, кум-шагыл аралашмасы – 615 308,5 миң куб метр, мунай – 18 170,5 миң тоннаны түзөт", - деди ал.
Министр салык кирешеси 41,5 миллиард сомду түзүп, анын ичинен 428 миллион сому салыктык эмес киреше болгонун кошумчалады.
Депутат Алишер Козуев тоо-кен тармагына чет элдик инвестицияны тартуу, министрликтин жана анын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин кадрдык потенциалын өнүктүрүү маселелерин көтөрдү. Эл өкүлү Данияр Төлөнов берилген лицензияларды талдап, кайра карап чыгуу керектигин белгиледи.
Былтыр апрель айында президент Садыр Жапаров лицензиялоо комиссиясынын ишине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишкени үчүн ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ал кездеги жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.
Анын алдында президенттин администрациясынын коллегиясында бул жаатта бир топ доомат айтылган жана комиссия жоюлары белгилүү болгон.
Ушул айдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кен казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтарылганын билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы тоо-кен тармагына 192 лицензия берилген жана анын 45и мамлекеттик ишканаларга тийген. Бул тармактан 2023-жылы 33 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн. (КЕ)
Шерине