Башкы сүрөттөгү макаканын аты - Абу. Беш айлык маймыл Бишкектеги реабилитациялык зоопаркта туулгандан кийин эле анын энеси өлүп калган. Абуну зоопарктын кызматкери Анатолий Роминский өзү багып чоңойткон.
Бул макака сыяктуу реабилитациялык зоопаркта туулган бир нече жаныбарды эсепке албаганда, мындагы айбанаттардын көбү мурунку кожоюндары таштап кеткендер же браконьерлердин колунан жабыр тарткандар.
Реабилитациялык борбордун түзүлгөнүнө алты жыл болду. Мында жаныбарлардын 30дан ашык түрү жашайт. Өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап, айбанаттарды багуу борбор үчүн кыйынга турууда.
Зоопаркта маймылдын эки түрү бар. Кичинекейи Абу болсо, чоңу маймылдын башка түрү - Макс. Анын качан, кайда туулганы, зоопаркка чейин кандай шартта жашаганы белгисиз. Аны бул борборго мурдагы кожоюну тажагандан улам таштап кеткен.
"Макс (экинчи сүрөттөгү маймыл) Оштон келген. Бизге чейин ал зоодүкөндө жашаган экен. Бул жакка куйругунун жарымы, оң колунун эки манжасы жок келген. Мындай экзотикалык жаныбарларды адамдар оюнчук катары сатып алышат. Анан кичинекей маймыл чоңойгондо, агрессивдүү болуп, үйдөгү башка жаныбарлар менен урушуп же кожоюндарына кыр көрсөтүп баштаганда алар маймылдан баш тартышат. Айрымдар жандыкты башка бирөөгө сатып же зоодүкөнгө таштап кетишет", - деди Анатолий маймылдарга тамак берип жатып.
Реабилитациялык зоопаркта маймылдарга күн сайын мөмө-жемиштин эң жакшысын тандап сатып келип беришет.
Зоопарктагы эки ветеринар жаныбарлар, куштар менен такай байланышта болуп, тамак-ашын, тоютун берип, дарылап турушат. Аларга жардам берип турган ыктыярчылар да бар.
Бул жапайы чөө реабилитациялык зоопаркта убактылуу кармалып турат. Аны эки ай мурун мергенчилер алып келишкен. Чөө арткы оң бутунан жараат алган экен. Ал адамдарга көнүп калбашы үчүн жырткычты жада калса ветеринарлар, ыктыярчылар да сылап-сыйпабайт, жакындабайт. Анын жарааты айыккан соң кайра эле эркиндикке коё берилет.
"Биз жылына эки жолу - жазында жана күзүндө айрым жаныбарлар менен куштарды эркиндикке коё беребиз. Өз алдынча жашай албай калган гана жаныбарлар зоопаркта калат", - дейт ветеринар Андрей Шевченко.
Андрей Шевченко реабилитациялык зоопарк түзүлгөндөн бери бул жерде иштейт. Ал айрым жаныбарлардын энесиндей эле болуп калган. Мисалы, енот Ешаны Андрей туулгандан баштап өзү баккан.
Зоопаркта туулган жаныбарлар ал жерде такай жашаганга аргасыз. Анткени алар кишинин жардамысыз өз алдынча жашап кете алышпайт.
Бул карышкырга зоопаркта Арчи деп ат коюшкан. Аны мергенчилер бөлтүрүк кезинде кармап, иттерди үйрөтүү үчүн колдонушкан. Жарытып тамак бербей жүрүп, алсырап, өлөйүн деп калганда аны реабилитациялык зоопаркка сатышкан.
"Биз карышкырдын өмүрү үчүн жарым жыл күрөштүк. Ашказаны ооруп, тамак жей албай калган экен. Иттер талай берип, денесинин соо жери калбаптыр. Биз анын жарааттарын дарылап, тамак берип, айыктырдык. Азыр ал капуста, сабиз да жейт. Эми биз аны эркиндикке коё бере албайбыз. Анткени ал бала кезден адамдар менен чогуу өскөндүктөн, ууга чыгып, өзүнө тамак таап жей албайт. Эгер биз аны коё бере турган болсок, ал адамдар жашаган жерди айланчыктап жүрө берет. Аны кимдир бирөө атып салышы мүмкүн", - дейт Андрей Шевченко.
Кеңгуру болсо Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып келинген экен. Аны алып келген адам сата албай калып, зоопаркка берүүгө аргасыз болгон.
Бул тоту куштун аты - Лео. Аны кожоюну чет өлкөгө өзү менен алып кете албай калып, зоопаркка тапшырган. Ал орусча ондон ашык сөз билет.
Реабилитациялык зоопаркты Влад Шевченко негиздеген. Ал алгач өзүнүн үйүндө жардамга муктаж жаныбарларды чогулта баштаган. Кийин атайын каражат топтоп, бул реабилитациялык борборду ачкан.
"Жараат алган, ооруга чалдыккан жаныбарларды биз дарылап, айыктырып кайра жаратылышка коё беребиз. Бир нече ветеринардык клиникалар менен кызматташабыз. Анткени айрым ветклиникада түлкү, коён же башка жаныбаларды караган адис болсо, орнитологдор башка жерде иштешет. Жаныбарлар, куштар көбүнчө адамдардын колунан жабыркашат. Канаттары, буттары сынган канатууларды алып келишет. Мисалы, түлкүнүн энесин атып, балдары жетим калганда бизге алып келип, таштап кеткен учурлар болгон", - дейт Анатолий.
"Азыр тамак-аш, тоют кымбаттап бизде кыйынчылык жаралды. Ага карабай жаныбарлар убагында тамактанып турушат. Аларга күнүнө эки, айрымдарына үч маал тамак беребиз. Көрүүчүлөрдөн түшкөн каражатка тамак-аш, тоют, жем, чөп, мөмө-жемиштерди алабыз. Андан сырткары демөөрчүлөр, колу ачык адамдар да жардам берип турушат. Биз пандемияда аябай кыйналдык. Бирок боорукер адамдар жардам берип, зоопарктагы айбанаттарды ачкачылыктан, өлүмдөн сактап калышты. Үч жыл мурун борборду толук оңдоодон өткөрдүк. Ар бир жаныбарга ылайыктап жайларды жасадык. Былтыр кыш жылуу болуп, кыйналган жокпуз. Болгону быйыл күн чектен аша ысыганда гана кыйынчылык жаралды. Ошондо күнүнө эки, үч ирет жаныбарларга суу чачып, айла-амалын таап жаттык. Эми болсо кышка азыртан даярданып жатабыз", - дейт Анатолий.
Реабилитациялык зоопарк көрүүчүлөрдү күн сайын кабыл алат. Кирүү акысы чоңдор үчүн 200, балдар үчүн 150 сом. Баса, зоопаркка киргенде жаныбарларга өзүңүз алып барган тамакты, момпосуй, кагазды же башка буюмдарды берүүгө тыюу салынат.
Мөмө-жемиштерди гана жеген жаныбар үчүн таттуу момпосуй, желим зыяндуу экени белгилүү.