Парламент депутаты Арсланбек Малиев 29-январдагы сессияда Кыргызстандын Германиядагы элчилигин виза боюнча коррупцияга айыптап, ишин текшерүүнү сунуштады.
“Элчиликтин кызматкерлери, балким, элчи баш болуп коррупцияга киришип жатат. 15-ноябрда Германиянын жараны визага кайрылат. Бирок, негедир, визасын бербейт. Кайрадан айласыз 15-январда экинчи жолу акча төлөп жатат. Бул деген опузалап акча талап кылуу”, - деди ал.
Малиев Тышкы иштер министрлигине элчиликтин ишин текшерүүгө тапшырма берүү керек экенин кошумчалады.
Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев же элчилик өкүлдөрү депутаттын айыптоосуна жооп бере элек.
Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган. (TSh)
Шерине