Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине айрым өлкөлөргө визасыз кирүүгө уруксат берилет


Жогорку Кеңеш 30-январда дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотууну караган мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорду тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тааныштырды. Жалпысынан беш долбоор сунушталды.

Ага ылайык, Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспорту барлар Албания, Черногория, Венесуэла, Кипр жана Таиландга атайын миссия менен же жеке максатта барган учурда визалык талаптардан бошотулат. Буга байланыштуу эки тараптуу өкмөттүк макулдашуу 2024-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Визанын бул түрүн алгандар аты аталган өлкөлөрдүн аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот. Аталган өлкөлөргө дагы ушундай эле шарт каралган.

"Дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлеринин эки өлкө аймагында жүрүүсүн жеңилдетет. Бул биринчи кадамыбыз, кийинчерээк жөнөкөй паспорт менен дагы визасыз түргө киргизүүгө аракет жасап, сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз", - деди министр.

2022-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда миңден ашуун кишиде дипломаттык жана кызматтык паспорту бар.

Кулубаев Кыргызстандын паспортунун коргоо сапатын жакшыртып, имиджин жогорулаткан соң башка өлкөлөр менен дагы визасыз режим тууралуу сүйлөшүү болорун белгиледи.

2024-жылы жайында кыргыз өкмөтү менен Сауд Арабиясынын өкмөтүнүн ортосунда Дипломаттык жана кызматтык, атайын паспорт ээлерине визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө меморандум ратификацияланган. Меморандумга ылайык, ар бир тараптын жарандары дипломатиялык же атайын, кызматтык паспорт ээлери миссия менен же жеке максатта экинчи тараптын аймагында 180 күн жүрө алат. Анын ичинде үзгүлтүксүз 90 күндөн ашпаган убакта же бир нече жолу кирип, жүрө алат.

2023-жылга карата 18-июлда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

200дөй мамлекеттин ичинен Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан 66-орунду (77 мамлекетке визасыз режим), Өзбекстан менен Тажикстан 78-орунду (59 мамлекетке), Түркмөнстан 87-орунду (50 мамлекетке) алды.

Тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз бара алат. Андан ары Германия, Италия Испания, Жапония, Түштүк Корея турат.

Рейтингдин акыркы сабында Ооганстан, Ирак, Сирия - бул мамлекеттердин тургундары визасыз бара ала турган өлкөлөрдүн саны 30дун тегерегинде. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG