Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоону Ноорузга чейин бүткөрүүгө үмүттөнүп жатканын билдирген эле.
Садыр Жапаров "Кабардагы" комментарийинде учурда чек арага байланыштуу документ иштери жүрүп жатканын маалымдаган. Демаркация бир-эки жылга созулушу мүмкүндүгүн, толугу менен ошондо гана аяктарын белгилеген. Жапаров чек ара эки тараптын тең кызыкчылыгы көздөлгөн шартта, аралаш салынган үйлөрдү алмашуу жолу менен чечилерин айткан.
"Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы, андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтөт. Ратификациядан өткөн соң эки президент кол коёбуз. Андан кийин нота алмашуу болот. Жогорудагы процедуралар бүткөн соң дагы бир-эки жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. “Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш тилкелер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду. Андан сырткары, чектеш айылдарыбызда шахматтын чакмактары сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек, чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун ар бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда толук маалымат алышат", - деген Жапаров.
"Азаттыктын" кабарчысы Жеңиш Айдаров жазган, Садыр Жапаров комментарий берген макала эфирге 26-январда чыккан.
Анда кесиптешибизге чек арага жакын Карабак айылынын тургуну Шамшидин Жарматов эки жылдан бери жалгыз жашап жүргөнүн, өткөн айда чек ара толук такталды деген маалыматтан улам үй-бүлөсүн алып келгенин билдирген.
"Ошол жаңылыктан кийин кыздарым, неберелерим келип, үйүм толуп турган чагым. Өтө кубанычтамын. Мобул арык - чек ара. Бирок тактоолорго караганда, биздин чек 60 метр ары жерде. Бул жер Тажикстандын Ляккан айылы, Коргончо тилкеси менен чектешип турат. Бул тараптагы кошунам тажик. Мен чек араны таштап кетпейм. Биз жакшылыкта, жамандыкта бирге болуп ынтымакта эле жашап келгенбиз. Чек ара маселеси чечилди деген кабарларды угуп, өзүбүзчө сүйүнүп, келечекке үмүт кылып жашап келатабыз", -деген Жарматов.
Чек ара тууралуу макалада Карабак айылдык кеңешинин төрагасы Акылбек Дилшатов чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин үйүнө кайта элек айылдаштары дагы бар экенин билдирген. Ошол эле маалда кандай болуп чечилгени тууралуу маалыматы жок экенине токтолгон. Ал Садыр Жапаровдун комментарийинен кийин төмөнкүдөй оюн бөлүштү:
"Элдин тынчсыздануусу жана чек арадагы көйгөйлөр тууралуу айттым эле. Президент реакция кылып, жооп кайтарыптыр, ошого аябай сүйүнүп турабыз. Чек ара чечилди дегени менен, бул жакта жашагандар кайсы жерден кантип чечилгенин билбейт. Ошондой болсо дагы чечилди дегенине эле сүйүнүп турушат. Президент реакция кылып, тынчсызданууга эч кандай негиз жоктугун билдирип, чек ара жакшы нукка чечилерин айтыптыр. Ушундай эл тынчсызданган, кыжалат болгон суроолорго жооп берилип турса жакшы жакка өнүксөк керек деп ойлойбуз".
Баткен районунун мурдагы акими, эксперт Хаиталы Айкыновдун пикиринде, алмашуунун негизинде жаралган айрым маселелерди ынанымдуу чечүүгө аракет жасалашы керек:
"Бизде ошондой шахмат түрүндөгү, бир короодо кыргыз жашаса, экинчисинде тажиктер жашаган Таш-Тумшук деген айыл бар. Көк-Таш айылында деле төрт метрлик тар жол мамлекеттик чек ара болуп саналат. Жолдун берки бети Кыргызстанга, аркы бети Тажикстанга караган тилкелер бар. Эл айтып жаткандай, кайсы жери кандай чечилгени тууралуу маалымат жок. Бирок мамлекеттин жетекчилери баары тең чечилди деп жатат. Көпчүлүк эле чечилсе экен, чыр бүтөт экен деген үмүттө жүрөт. Анан убагы келгенде демаркация иштери кандай болорун билбейм. Ошонун баары 100% туура болот деген оюм жок. Арасында кээ биринин үйү, жери туш келиши мүмкүн. Мамлекет аларга үй салып берет деп жатышат. Ошондой ынанымдуу чаралар көрүлсө, бул процесс жумшагыраак өтсө керек деп ойлойм. Жеке адамдардын маселеси ошентип чечилиши мүмкүн. Бул жерде мамлекеттин дагы кызыкчылыгы бар да. Алмаша турган жерлер, тилкелер бирдей, стратегиялык маанилүүлүгү, экономикалык жактан пайдасы дагы тең болсо эл ынанат деп ойлойм".
Мындан туура 10 күн мурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу маалымат берген. Ал 18-январда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ошол маалда тажик тараптын өкүлдөрү Бишкекте жүргөнүн, 50 чакырым тилкени сызуу иштери жүрүп жатканын, Ноорузга чейин аягына чыгарууга үмүттөнөрүн белгилеген.
"Биз негизги келишимге жетиштик. Бүгүнкү күндө делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тажикстандык өкмөттүк топ Бишкекте жүрөт. Эки күндөн бери иштеп жатышат. Азыр бизде 50 чакырым калды, аны сызууну жакынкы апталарда бүтүрүшөт. Мен Нооруз майрамына чейин ратификациялоону жүргүзүп, президенттерибиз кол коюп, ноталарды алмашабыз деп үмүттөнөм. Биз ошону менен чек араны тактоону юридикалык жактан толугу менен аягына чыгарабыз", - деген Ташиев.
Өткөн айдын башында кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган. Коңшу өлкөнүн мамлекеттик "Ховар" агенттиги ушундай эле мазмундагы кабар тараткан.
Жогорку Кеңеште Ташиев учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.
Буга чейин чек ара тактоодо эки тарап кайсы юридикалык документ менен иштөө керек деген маселеде мунаса таба албай, иш алдыга жылбай келген. Расмий Бишкек сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылып жүргөн.
2023-жылы октябрда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №44 протоколго кол коюлган жана тараптар ушул документ бул маселеде маанилүү болот деп макулдашкан. Ал документтин мазмуну тууралуу ачык маалымат берилген эмес.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.
Буга чейин тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы болуп келген. Коңшу өлкө Ворухка коридор сурап жүргөнү белгилүү.
Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, анда эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.
Расмий Дүйшөмбү чек араны тактоо жараяны качан толук аяктары тууралуу маалымат бере элек. Тажик маалымат каражаттары негизинен бул кабарды кыргыз тарапка эле шилтеме кылып жазышат.
Шерине