Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

"Согушту, орус бийлигин айыптаган". Мигрантты эркинен ажыраткан кине


Теги тажикстандык Далержон Ачилов сот залында. (сүрөт социалдык тармактан алынды)
Теги тажикстандык Далержон Ачилов сот залында. (сүрөт социалдык тармактан алынды)

Орусияда теги тажикстандык жаранга өкүм чыкты. Новосибирск шаарында райондук сот аны "орус аскерлери тууралуу фейк маалымат тараткан, саясий ээнбаштыкка барган" деп, жети жылга эркинен ажыратты. Укук коргоочулар мигрантка тагылган айып далилсиз болгонун айтып жатышат.

"Ачиловсаясий туткун"

16-январда Новосибирск шаарынын Калинин райондук соту тажикстандык Далержон Ачиловду Кылмыш-жаза кодексинин "аскерлер тууралуу фейк маалымат таратуу", "саясий ээнбаштык жасоо" беренелери боюнча жоопко тартты. Новосибирск облусу боюнча Сот департаментинин маалыматына караганда, сот Ачиловду жети жылга эркинен ажыратты.

"Ачилов Д.С. аттуу жаранга Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты коомчулукка таратууга тыюу салынып, ага карата жалпы режимдеги түзөтүү колониясына жети жылга эркиндигинен ажыратуу чечими чыкты", - деп айтылды билдирүүдө.

Тергөө Ачиловду 2022-жылдын февраль айынан тартып 2024-жылдын мартына чейин Новосибирскидеги соода борборлорунда "Орусиянын Украинадагы согушунун максаты, ыкмасы жана жүрүшү тууралуу көпчүлүк алдында жалган маалымат таратып, Орусия президентинин жана өкмөтүнүн чечимин сындаган" деп айыптаган.

Далержон Ачилов.
Далержон Ачилов.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Далержон Ачиловду "саясий туткундар" тизмесине кошкон. Аталган долбоор ал камалганга чейин Новосибирскиде базарда касапчы болуп иштегенин жазды. Орусияга барганына 10 жыл болгон Ачилов былтыр февралда орус жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырган. "Мемориалдын" макаласында жазылгандай, былтыр тажикстандык мигрант менен сатуучулардын биринин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Ушундан көп өтпөй сатуучу аял мигранттын үстүнөн арыз жазып, укук тартибин коргоо органдарына кайрылган.

Орусиялык медиалар жазгандай, полицияга кайрылганда аял уулу орус армиясынын катарында Украинага каршы согушка катышканын, Ачилов орус армиясын сынга алган киши экенин айткан жана орус паспортун алганга аракет көрүп жатканын угуп калып, ага каршы арызданууну чечкен.

"Коюлган айып далилденген жок"

Юрист Мирлан Токтобеков Ачиловдун ишинде ага каршы арызды орус жараны жазганы чоң рол ойногонун айтты:

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.

"Орус аялдын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолуп жатат. Анын күнөөсү далилденген жок. Күнөөсүн аныктаган кандайдыр бир жазуу материалдары же Интернетте орус армиясын сындап жазган билдирүүлөрү болгон эмес".

Далержон Ачилов былтыр 3-апрелде камакка алынган. Анын ишине 2024-жылдын 22-мартында «Крокус Сити Холлдо» болгон кандуу окуяга бир нече тажик жараны айыпталып кармалгандан кийин көңүл бурулганы белгиленүүдө.

Орусиянын Тергөө комитети бул окуядан кийин арызды көзөмөлүнө алып, Ачилов тез эле убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө 12-августта башталган.

"Ачилов орус бийлигинин тажикстандыктарга карата жасалган антимигранттык өнөктүгүнүн курмандыгына айланды. Эгер чын эле ал уятсыз сөздөрдү айткан болсо, бул үчүн административдик жоопкерчиликке гана тартылышы керек эле", - деп айтылды саясий туткундарды коргогон "Мемориал" долбоорунун билдирүүсүндө.

"Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратты" деп эсептелгендер жөнүндөгү берене бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде Москва Украинага каршы согуш ачкандан кийин сунушталып, пайда болгон. Кодекстин 207.3-беренесине ылайык, жаза кылмыштын оордугуна жараша чегерилет. Беренеде орус армиясы же бийлиги тууралуу "атайылап жалган маалымат таратуу" үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратууну каралган. Бул берене боюнча ондогон кылмыш иши козголду, камалган же издөөгө алынгандар арасында активисттер, журналисттер, блогерлер, саясатчылар, мурдагы коопсуздук кызматкерлери бар.

Укук коргоочулар жогорудагы беренени сынга алып, ал Орусиянын Конституциясына каршы келерин белгилешет.

Юрист Мирлан Токтобеков мындай беренелер дароо эле чет элдиктерге, өзгөчө мигранттарга каршы күрөштө куралга айланарын айтууда:

"Бул азыркы тапта Орусияда мигранттарга болгон кандайдыр бир кысым жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнөн кабар берет. Эми мындан ары 1937-жылдагы репрессиядагыдай болуп эле "бул киши баланчанчы жылы ушундай жаман сөз айткан" деген жалаа менен соттолуп кетесиң, ошондон ары жазаңды өтөйсүң деген сөз. Бул Орусияга жакшы аброй алып келбейт. Мыйзамсыздыктын туу чокусу болуп эсептелет".

Украинадагы согуш тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин версиясы менен дал келбеген маалыматтарды орусиялык соттор "фейк" катары карайт. Согушту бийлик жарыялагандай "атайын аскердик операция" эмес, "согуш" деп атагандарга карата да кылмыш иши козголгон учурлар болгон.

Расмий маалыматка караганда, 2023-жылы Орусиянын армиясы тууралуу “фейк” маалымат боюнча 135 кылмыш иши ачылган. 2022-жылы бул берене боюнча 187 иш козголуп, анын 78и сотко өткөн. Айрым маалыматтарга караганд, ушул эле берененин негизинде Украинадагы согушту чагылдырган же согуштун Орусияга болгон экономикалык кесепеттерин жазган миңдеген сайт, социалдык тармактагы баракчалар блоктолгон.

2024-жылдын 22-мартында Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик борборуна кокустан куралдуу кол салуу болуп, кеминде 145 адамдын өмүрү кыйылган. Кандуу чабуулга айыпталып тажик тектүү жарандар кармалган соң Борбор Азиядан барган мигранттардын жашоосу кыйындады. 2024-жылы Орусиядагы мигранттар тынымсыз рейд, депортация жана аларды кыскан мыйзам, сунуштарга күбө болушту.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG