"Азаттык" коопсуздук маселесине байланыштуу тизмедеги кыргызстандыктардын аты-жөнүн ачык жарыялабайт.
Украинанын согуштан качкан орус аскерлерине көмөк көрсөткөн мамлекеттик "Хочу жить" долбоору декабрь айынын соңунан бери Орусияда “дезертир" деп шектелген миңдеген адамдардын тизмесин Телеграмдагы каналына жарыялап жатат. Документтин башында орус өкмөтү бул тизмедегилерди "өзүм билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кеткен" деп эсептээри белгиленген. Орус бийлиги айрымдарына издөө салган, кээ бирине "дезертирлик" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Орусиянын аскердик округдарынын биринен алынды делген бул тизмеде кеминде 12 миңдей адамдын аты-жөнү, туулган жылы, аскердик чини жана аскердик бөлүгү көрсөтүлгөн.
Биз андагы адамдардын тек-жайын салыштырып отуруп, бул тизме Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдан берки маалыматты камтый турганын так айта алабыз.
Орус бийлиги дезертирлердин жана аскер бөлүктөн уруксатсыз чыгып кеткендердин саны тууралуу маалыматты расмий түрдө айта элек. Ошондой эле Орусияда бул боюнча козголгон кылмыш иштер же сотко жеткен окуялар тууралуу толук маалымат жарыяланбайт.
Тизмедеги кеминде 20 адамдын аты-жөнүнөн алар Кыргызстанда туулуп өскөнүн билүүгө болот. "Азаттыктын" кабарчылары алардын ичинен кыргызстандык үч кишини тек-жайын аныктады.
"Каниет качканга мажбур болду"
Ондогон барактан турган тизмени карап отуруп, Каниет (аты өзгөртүлдү) деген ысымга көзүбүз түштү. Каниет жашы 40та, сержант. Орусиянын ачык булактарындагы маалыматтардан анын Кыргызстанда туулуп, Орусияда чоңойгонун, колунда орус паспорту бар экенин көрдүк. Кыргызстандагы шайлоочулардын тизмеси аркылуу Каниеттин кыргыз жарандыгынан чыкпаганын аныктадык.
Каниеттин аты-жөнү Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө салган 10 миңге жакын адамдын аты камтылган дагы бир тизмеден чыкты. "Азаттык" анын жакындарын таап, алар менен кабарлашты.
"Азыр ал коопсуз жерде. Бул аргасыз чара болгон. Ал согушууну, эки өлкөдөн тең кан төгүлүшүн каалаган жок. Анын согушка катышуусун биз да каалаган жокпуз. Согуш башталгандан жарым жыл өтпөй кызматтан качып кеткенге аргасыз болду", - деп айтып берди Каниеттин жакындарынын бири.
Каниеттин ата-энеси Кыргызстандагы миңдеген үй-бүлөлөрдөй эле 1990-жылдары Орусияга иштегени кетет. Кыргызстанда төрөлүп өскөн Каниет Орусияда окуп, аскерге чакырылат. Согуш башталган учурда ал Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жүргөн.
"Азаттык" Орусиядагы сот чечимдери жарыяланган ачык булактарды карап чыгып, Каниетке "дезертирлик" беренеси менен өкүм чыкканын аныктай алган жок. Бирок жогоруда айтылгандай, анын аты-жөнү издөө жарыялангандардын федералдык тизмесине киргизилген. Орусия адатта оор кылмыштарга айыпталган жарандарды бул тизмеге киргизет. Орусиядагы "Сот чечимдери" базасында ал бир нече жыл мурун административдик айыпка жыгылганы жазылган.
Ошентип, "Азаттык" менен байланышкан Каниеттин жакындары анын азыр кайда экенин белгилүү себептерден улам ачык айтышкан жок.
"Согуш башталган учурда анын аскер бөлүгүнөн жалаң улуту башка жоокерлерди фронтко айдай башташты. Аларды алдыңкы катарга салышты. Биз ошондо эле аны да алып кетерин түшүндүк. Бул анын согушу эмес болчу. Аны Кыргызстанга алып чыгып, куткара албастыгыбызды түшүндүк.
Кыргыз паспорту бар, мекени болсо дагы Орусияга өткөрүп берерине көзүбүз жетти.
Ошентип, аны куткарып калдык. Азыр ал коопсуз жайда. Ал кеткенден кийин аскердик бөлүгүндө катуу текшерүү жүргөнүн, башкалардын качып кетишине мүмкүнчүлүк түзүлбөй калганын уктук. Учурда Каниеттин укуктарын мыйзамдык жактан коргоо менен алекпиз".
Эми тизмедеги дагы бир кыргызстандык У.З.нын кыскача таржымалына токтололу. Тизмедеги маалыматка караганда, 43 жаштагы У.З. катардагы жоокер болгон. Анын аты-жөнү да Орусиянын Федералдык издөө тизмесине киргизилген.
"Медиазона" жарыялаган Орусиянын Ички иштер министрлигинин жогорудагы тизмесинде жарандардын улуту жана туулган жылы көрсөтүлөт.
2020-жылы Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин "нацизмди реабилитациялоого каршы" атайын бөлүм түзгөн. Ошол кезде анын негизги максаты тарыхты бурмалап же улутчулдукка каршы пикирин айткандарга кылмыш ишин ачып, тизмеге киргизүү болгон. Согуш башталганы ИИМдин бул тизмесине Орусиянын согушуна каршы чыккандар же Украинаны колдогон таанымал инсандар, чет элдиктер же орус жарандары да киргизиле баштаган. Сөз болуп жаткан ИИМдин базасынан дезертирлердин да аты-жөнүн көрүүгө болот.
У.З.нын жеке маалыматтары эки тизмеде тең бири-бирине дал келет. Кыргызстандык У.З. Орусиянын 11740 аскердик бөлүгүнөн согушка жөнөтүлөт. 2024-жылга чейин аталган бөлүк Орусиянын Екатеринбург шаарына караса, былтыр жыл ортосунда аталган бөлүк Нижний Новгородго көчкөнү кабарланган. У.З.нын теги кыргызстандык, учурда Орусиянын жараны экенин ачык булактардан тактай алдык.
Орусиянын сотторунун чечимдери жарыяланган базада 2021-жылы ага "коомдук тартипти бузганы" үчүн чара көрүлгөнү жана андагы маалыматта анын орус жараны экени маалым болгон. У.З.нын жакындарын табууга мүмкүн болгон жок. Ачык булактарда анын азыркы абалы тууралуу эки түрдүү маалымат бар.
Орусиянын документтеринде ал "өзүм билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кеткени" айтылса, Телеграм каналдарда аты-жөнү каза болгондордун тизмесине киргизилген.
Жогорудагы маалыматка караганда, У.З.ны командачылыгы жазага тарткан. Бирок муну тактоого мүмкүн болгон жок.
"Дайынсыз жоголгондор бар"
Тизмедегилердин аты-жөнүн салыштырып отуруп, социалдык тармактарда жакынын издеген тайпаларга туш болдук. Биз Украинанын "Хочу жить" долбоору жарыялаган тизмедеги айрым адамдардын аты-жөнү ал тайпалардагы дайынсыз жоголгондордун тизмесинде да бар экенин аныктай алдык.
Алардын бири 51 жаштагы кыргызстандык Москва облусундагы аскер бөлүгүнөн согушка кеткен экен. Анын сүрөтүн коштогон маалыматта 2023-жылдын ноябрынан бери байланышка чыкпай калганы жазылган. Жакындары 2024-жылдын башында издөө жарыялап, тайпаларга жайгаштырган. "Азаттык" бул жарандын аты-жөнүн, Кыргызстанда жашаган жакындарын таап, байланышты:
"Согушка кеткенин билген деле эмеспиз. Ал үй-бүлөсү менен Орусияда жашачу. Бирок орус жарандыгы жок болчу. Апам менен каза болгонго чейин бир нече ай мурун байланышкан экен. Ошол бойдон дайыны чыкпай жаткан. Үч баласы бар. Алар издөөгө алса керек ошол учурда".
Бул жарандын сөөгү 2024-жылы март айында өз айылында жерге берилген. Анын согушка кантип барганы, орус жарандыгын алган же албаганы, өлгөн себеби да жакындары үчүн бүдөмүк бойдон калган:
Орусиянын желеги жабылган табыты жеткирилди.
"Сөөгүн мен өзүм да көрдүм. Бир тарабы күйүп кеткен экен. Бизге аскер формасы же бир да буюму келген жок. Эмнеден каза болгону азыр деле бүдөмүк бойдон калды. Сөөгүн жерге берип, кала бердик".
Дайынсыз жоголгондордун арасынан "Азаттык" дагы бир теги кыргызстандык болгон орус жаранын тапты. 40 жаштагы бул жаран Москва облусундагы аскердик бөлүктөн согушка кеткен. Бирок анын аты-жөнү жогорудагы "Хочу жить" долбоорунун тизмесинде жок. Ал жарандын аты-жөнүн Орусиянын башка базасынан, тагыраагы, издөөгө салынгандардын арасынан да көрдүк.
"Ага расмий издөө жарыяланды деген макам берилди. Өлүү-тирүүсүн аныкташ үчүн адегенде расмий издөөгө алынышы керек экен. Биз чуркап жүрүп, ушул статусун алдык. Согушка кеткен бойдон жок. Командирлери менен байланыштабыз. Балким, бирөө куткарып калгандыр деген үмүт да бар", - деди бир тууганы.
Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде "дезертирликке" (338-берене) байланыштуу өзүнчө берене бар. Бул беренеде армиядан качкандарга жаза кылмыштын оордугуна жана ар кыл жагдайларына жараша аныкталары жазылган. 2022-жылы сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимдер мөөнөтсүз убакытка узарган. Ошол учурда орус бийлиги бардык аскердик беренелерди катаалдатып, "дезертирлик" үчүн эң жогорку жаза - 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.
"Дезертирлердин" тизмесинин сыры
Украинанын өкмөтү түптөгөн "Хочу жить" долбоору "Азаттыкка" алар жарыялаган тизменин таржымалын мындайча түшүндүрдү:
"Биз бул тизмени Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер округдарынын биринин документтеринен алдык. Анда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн уруксатысыз чыгып кеткени расмий таанылган аскер кызматкерлеринин аты-жөнү жазылган. Тизмени текшергенден кийин ичинде каза болгондор менен дайынсыз жоголгондор да бар экени белгилүү болду. Адатта орус аскер кызматкерлери жоготууларды жашыруу үчүн дезертирлерге кошуп каттайт. Орус командирлеринин мындай практикасы көптөн бери белгилүү", - деди долбоордун өкүлү.
Орус жоокерлерине аскердик мобилизациядан качууга көмөк көрсөткөн "Идите лесом" кыймылынын мүчөсү Иван Чувиляев жогорудагы тизме толук кырдаалды көрсөтпөйт дейт:
"Согуштан качкандардын саны 10 миң эмес. Бул көлдөгү бир эле тамчы. Орус бийлиги маалыматтарды ачык жарыялабайт. Эмне үчүн дезертирлер согуштан качат? Алар адам өлтүргүсү келбейт. Керек болсо аларды мындай кылмышка түртүүгө акча, жарандык да себеп болбойт".
Чувиляев Орусиянын документтеринде бири-бирине дал келбеген маалыматтарды мындайча түшүндүрдү:
"Орусиянын документтеринде бир эле адам изделип жаткан же каза болгондордун тизмесинен чыккан учурлар көп. Мунун негизги себеби - согуш учурундагы башаламандык. Ошол эле кезде согушка барган адам командирлеринен көз каранды. Ал аны "дайынсыз жоголду" же "аскер бөлүктү таштап кетти" деп жазып коюшу мүмкүн. Ошондуктан бир эле адам өлгөн, дайынсыз жоголгон же керек болсо согуштан качкандардын тизмесине да кирип калышы толук ыктымал".
Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков кыргызстандыктар "дезертирликке" айыпталган бир нече учур катталганын маалымдады:
"Биздин практикада буга чейин белгилүү болгон көрүнүштөр. Ушул жерден тактоо иретинде айтайын - алар согуш талаасынан качып кеткен эмес. Бири өргүүгө кетип кайра барган эмес, дагы бири машыгуу жайынан кеткен. Ошол эле кезде орус өкмөтү мобилизациядан качкандарды мындай тизмелерге кошуп келет. Демек, алар да Орусияда согушка катышуудан баш тартканы үчүн кылмышкер болуп саналып калышы мүмкүн".
"Медиазонанын" 2024-жылдын августуна карата алынган маалыматы боюнча, Орусиянын аскердик сотторуна кызматын таштап качуу боюнча 5,2 миңге жакын кылмыш иши түшкөн. Жалпысынан мобилизация башталгандан бери кызмат өтөөдөн баш тартуу ("аскер бөлүктөн өз алдынча кетүү, буйрукту аткарбоо, аскерден качуу") беренеси боюнча 13 миңден ашык иш сотко өткөн.
Украина: Согуштагы кыргыздардын карааны
Буга чейин "Азаттык" Орусияда "аскер кызматынан качты" деп айыпталган теги кыргызстандык жигит Бишкекте кармалып, тергөө абагына камалганын жазган.
Бул окуядагы каарманга окшоп согуш башталгандан кийин Орусиядан Кыргызстанга качып келгендердин канчасы кармалып, экстрадиция болгону тууралуу так маалымат жок.
Кыргыз тарап буга чейин коопсуздугунан улам Кыргызстанга келип, башпаанек сураган орусиялык эки активистти көчөдөгү видеобайкоочу камералар аркылуу Бишкектен кармап, Москвага өткөрүп бергени белгилүү.
2023-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалымат алмашуу боюнча макулдашуу түзүлгөн.
Келишим мобилизациядан улам орусиялыктар чет өлкөлөргө качып, анын ичинен Кыргызстанга келип жаткан маалга туура келген. Бийлик бул документ мигранттардын маселесин жеңилдете турганын айтса, жарандык коом мунун арты менен аңдуу, тоталитардык аракет күч алышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.
“Азаттык” буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап, Кыргызстанда туулуп өскөн 50дөн ашык адам Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп набыт болгонун аныктаган. Бирок согушка катышкан же анда каза тапкан кыргыз жарандарынын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн.
Шерине