Орусиялык компаниялар 2022-2023-жылдары Москва “дос өлкө” деп санаган мамлекеттерде 11 миңден ашуун филиал ачканын “Известия” басылмасы “Финион” финансылык компаниясынын баяндамасына таянып жазды. Анын ичинен Кыргызстанда 450 филиал ачышканы айтылат. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери Москвага улам жаңы санкциялар салынууда. Бул чаралардын көбү - финансылык чектөөлөр. Орус компанияларынын мындай аракеттери Кыргызстандын рыногу жана казынасы үчүн пайдалуубу? Өлкө экономикасынын коопсуздугуна жараткан тобокелдиги кандай?
Орусиядагы “Финион” компаниясынын талдоосу боюнча орус компаниялары Кыргызстандан тышкары Сербияда 9000, Бириккен Араб Эмирликтеринде 1600гө чукул жана Арменияда 800 өкүлчүлүгүн ачышкан. Финансылык консалтингге адистешкен бул компания талдоону Орусиянын экономика министрлигинен алган чет өлкөлөрдө ачылган бизнес өкүлчүлүктөр тууралуу маалыматтарына таянып жасаган.
Компаниянын жетекчиси Вячеслав Картамышев “Известияга” курган мегинде буларды белгилеген:
“Банктардын саясатына жана өз ара эсептешүүсүнө байланыштуу мезгил-мезгили менен кыйынчылык жаралып турганына карабай, Орусиянын бизнеси “дос” өлкөлөрдө өзүн жакшы сезет. Филиалдарын ачкан орусиялык компаниялар негизинен IT-тармакта, логистикада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет”.
Изилдөөдө орусиялыктар Кыргызстандагы кеңселерин көбүнчө текстиль тармагындагы товарларды алуу процессин тездетүү үчүн ачып жатышканы айтылат. Муну менен катар, үчүнчү өлкөлөрдөн товар алып келүүдө логистиканы жөнөкөйлөтүү себеби да бар.
Бизнес-талдоочулар айрым тармактардагы пайда салыгынын жоктугу жана жеке жактардын киреше салыгынын төмөндүгү ыңгайлуу шарттарды түзүп, инвестициянын келишине дем берерин белгилешет. Кыргызстандын башка өлкөлөр менен жагымдуу соода алакасын түзүп келатканы да орус компаниялары үчүн бизнести кеңейтип, экспортту өстүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, арзан жумуш күчү, бизнести түзүү жана каттоодогу жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор дагы олуттуу роль ойнойт.
“Финиондун” эксперттеринин баамында, мындай чаралар аркылуу орус компанияларынын эл аралык байланыштары кеңейип, соода жүгүртүүсү өсүүдө. Ошол эле маалда, алар Орусиянын резиденти катары калат жана казынасына салымын көбөйтөт.
“Орусиянын ири бизнестери Кыргызстанга жер которуп жатат”
Эки жылдан бери Кыргызстанда ондоп-жүздөп ачылып жаткан орус компаниялары тууралуу мындай изилдөөлөрдү тастыктаган маалыматтар ачык булактарда да көп кездешет.
Кыргызстанда финансы боюнча кеңешчилик бизнеси менен алпурушкан Михаил Жуховицкий аттуу жаран орусиялыктарга кыргыз жарандыгын алып берүүдөгү ортомчулук кызматы тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына байма-бай жазып келет. Аларда Орусиянын ишкерлери менен ири компаниялары Кыргызстанга кантип жер которуп жатканы тууралуу маалыматтар көп.
“Кыргызстандын жарандыгы боюнча кеп-кеңештерге барган сайын ири деңгээлдеги бизнестин ээлери көп кайрыла башташты. Ушул жумада ар кандай IT алптардын, көп миллиарддык компаниялардын кожоюндары кайрылышты. Аларды дароо эле бизнесин жарым-жартылай жер котортуу, “Бишкек” эркин экономикалык аймагында юридикалык жактарды ачуу, салык жеңилдиктери, криптовалюта боюнча мыйзамдар жана башкалар кызыктырып жатат. Бүгүнкү күнгө карай Жогорку технологиялар паркында мурда Орусиянын IT-тармагында иштеген жүздөгөн компаниялар миңдеген кызматкерлери менен иштейт”, - деп жазган ал 12-февралдагы соңку постунда.
Жуховицкий андан мурдараак, ушул жылдын 8- жана 21-январдагы постторунда минтип жазган болчу:
“Иш жүзүндө эки жыл ичинде жүздөгөн финансисттер менен айтишниктер кыргыз болуп алышты. Кыргызстандын паспортун канча орусиялык алганын карап көрүп, ал массанын 15% ашуунуна мен кеп-кеңеш бергенимди түшүндүм. Эки миллионер-блогер алды. Негизи, документ тапшыргандардын 80% - айтишниктер менен финансисттер. Абдан жетик балдар. Бүтүндөй кеңсеси менен тапшыргандар чыга баштады. Мисалы, инвестициялык компаниянын төрт кызматкери учуп келишти. Эки саатта документтерин тапшырып, андан ары саякаттап кетишти”.
Изилдөөдө чет өлкөлөрдө ачылган орус компаниялары иштеген багыттардын бири катары IT-тармагы да айтылат. Кыргызстан 2022-жылы жай айларында дүйнө кезип иштеген чыгармачыл адистер үчүн “Санарип көчмөн” программасын киргизген. “Санарип көчмөн” макамы Кыргызстанга эмгек миграциясына келген Орусия, Беларус, Молдова, Казакстан, Армения жана Азербайжан өлкөлөрүнүн адистери үчүн ыңгайлуу болгон каттоо жана салык жол-жоболорун камтыйт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын соңуна чейинки бир жылдан ашуун мезгил ичинде 1975 чет элдик адис “Санарип көчмөн” макамын алышкан.
Алардын ичинде Жогорку технологиялар паркында катталып, иштеп жаткандары да бар. Уюмдун жакында жарыялаган маалыматында 2023-жылы кирешеси дээрлик эки эсеге өскөнү белгиленген. Резиденттеринин саны 228ден 383кө, аларда иштеген адистер 1877ден 2417ге жеткен. Бирок алардын ичинен канчасы орусиялык ишкерлер экени анык эмес.
Парктын жетекчиси Азис Абакиров былтыр чет элдик ири IT-компаниялар жүздөгөн жумуш орундарын ачканын айтат:
“Көбүнчө биздин жергиликтүү компаниялар иш орундарын ачып жатат. Токсон пайызы жергиликтүү компаниялар деп айтсак болот. Биздин статистикабызда Орусия, Казакстан, Борбор Азия дагы бар. Белгилүү эл аралык компаниялар дагы келип иш орундарын ачып жатышат. EPAM, Alawar, Германиядан Candy Softway, Turbine Creusberg дегенди бир мекендешибиз өзү ал жакта окуп, анан алып келди. Дагы бир мекендешибиз Жапониядан Pricer деген компанияны алып келди. Ютуб жагында да чоң ийгиликтерге жеттик. Бүткүл дүйнө тааныган D-Billions - биздин резидент. EPAM сыяктуу эл аралык компаниялар жүздөн ашык иш орундарын ачып берди”.
Орус компаниялары жарыш импортто Кыргызстанды кеңири пайдаланып жатышат
Орус армиясы Украинага кол салгандан тарта орусиялыктардын Кыргызстанга ири агымы пайда болгон. ОсОО.kg порталынын отчету боюнча, 2022-жылы Кыргызстанда чет элдиктердин катышуусунда 2609 фирма катталган. Андан бир жыл мурда бул көрсөткүч 1139 болчу. Соңку эки жыл ичинде жаңы катталган фирмалардын олуттуу бөлүгүн орусиялыктар катышкан ишканалар түзөт. Алардын айрымдары экспорт-импорт менен шугулданып жатышканын ондоп жана жүз миллиондоп төгүп жаткан салыктары менен бажы төлөмдөрүнөн көрсө болот.
Журналисттик иликтөөлөр 2022-жылдын мартынан кийин Кыргызстанда орусиялыктар катышкан жүздөгөн компаниялар ачылганын жана алардын айрымдары Орусияга кош багыттагы санкциялык товарларды өткөрүп турганын аныктаган. Эки жыл аралыгында ошондой фирмалардын жетөө Батыштын санкциясына кабылды. Евробиримдик менен АКШнын бийликтери кыргыз өкмөтүнө эл аралык санкциянын эрежелерин бекем сактоого тынымсыз чакырып келет.
Бишкектеги “Жөнөкөй чечимдер кеңсеси” аналитикалык борборунун жетекчиси Жапар Усенов Кыргызстанга жайгашып алып, эл аралык компаниялар менен кызматташуусун улантып жаткан орусиялык компаниялар бар экенин белгилейт. Бирок алардын айынан жалпы Кыргызстандын башына санкциялык кара булут айланышын каалабасын айтат:
“Ооба, чындыгында биздин рынокко кирген компаниялар бар. Азыр катталып жатышат. Ошол эле маалда, алардын тамыры Орусияда. Алар биздин бир кыйла либералдуу мыйзамдарыбызды колдонуп, үчүнчү өлкөлөргө реэкспорт жасап жатышат. Мындай көрүнүш бар. Санкциялык товарлардын узун тизмеси бар. Орусиялыктар бул жакка келип, компанияларды ачып, кандайдыр бир товарларды көп санда алып келип жатышса, европалык өндүрүшчүлөр ал товардын кайда кетип жатканын ойлонушу зарыл. Эмне, Кыргызстан ушунчалык эле чоң өлкөбү? Бул жакта компанияларды ачып жаткан орусиялыктардын ишканалары алар менен мурда деле иштеп келген. Болгону Орусиядан иштешкен. Алар болгону тигил жактагы компанияларын жаап салып, бизге келип башкасын ачып алышты. Санкцияны болсо Кыргызстанга салгысы келишет. Менимче, бул жерде кандайдыр бир адилетсиздик бар”.
2022-жылдын февралынан бери туташ санкцияларга кабылып, эл аралык коомчулуктан обочолонуп калган Орусия өзүнө “дос” өлкөлөр аркылуу жарыш импортун ишке киргизген. “Дос” өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар. Эки жылда Кыргызстандын Батыштан импорту кескин өстү. 2022-жылдагы соода-сатыктын статистикасында Орусияга экспорт 2,5 эсеге көбөйүп, анын олуттуу бөлүгү жеңил өнөр жай жана кош багыттуу товарлардын реэкспортунан турары байкалган.