Постсоветтик Кыргызстандын коомунда 8-март – Эл аралык аялдар күнү майрамы шаңдуу белгиленет. Бирок бул майрам оңой-олтоң келбегендигин, нечендеген дүйнө өлкөлөрүндө аялзаты алигиче басмырланып жаткандыгын анчейин ой жорутпаган замандаштарыбыз деле бар. Өрнөктүү иши менен атыккан айымдарыбыз да көп. Тарыхчынын блогу.
Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда айымдарды 8-март – Эл аралык аялдар күнү майрамы күнү менен куттуктаган кыска ачык каттар жана кыска тасмалар интернеттин коомдук тармактарына тим эле “тирелип” калды.
Муну мен абдан жакшы көрүнүш деп баалайм.
Ылайым аялзаты ар дайым бүгүнкүдөй сый-урматка татый берсин!
Арийне, бул – тек гана мурдагы советтик коомдун белеги эмес. Коммунисттер эч бир өлкөдө бийликте жок кезеңдерде эле дүйнөдө аялдардын тең укуктарын, анын ичинде шайлоо жана шайлануу укуктарын талап кылган суфражисттик жана башка кыймылдар пайда болгон жана өнүккөн. Ал кыймылдардын көпчүлүк өкүлдөрүнүн марксисттерге тийешеси да болбогон.
Кудай жалгап, марксисттер да аялдардын бул кыймылдарын колдоого алып чыгышты. Аялдардын теңчиликке жетиши – XX кылымдагы жалпы адамзаттын прогрессчил агымдарынын орток таламы болуп калды.
Бул – адамзат үчүн орток мүдөө эле.
Маселен, эч качан марксист болбогон Ататүрк дагы Түркия жумуриятында аялдардын тең укуктуулугун жактап чыккан.
Коммунисттик өлкөлөрдүн эч биринде аял лидер чыга элек кезде, Индияда Индира Ганди (1966–1977, 1980–1984), Улуу Британияда Маргарет Тэтчер (1979–1990), Пакистанда Беназир Бхутто (1988–1990, 1993–1996) өз өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары болуп калышкан.
Бириккен Улуттар Уюму дагы өз курамындагы ар кыл уюмдар аркылуу аялдардын укуктарын чыңдоого багытталган иш-чараларды жүргүзүп келет.
Дүйнөдө, бирок, ушул тапта да аялдар кемсинтилген, кордолгон өлкөлөр аз эмес.
2021-жылдын августунан тартып кайрадан талиптердин таман астында калган Ооганстанды эле мисалга алалык (азыр ал “Ооганстан ислам эмираты” деп аталат). Мында аялдардын эмгектенүү, окуу, каалаган киши менен үй-бүлө куруу боюнча укуктары түгүл, көчөдө эркин басуу сыяктуу эң жөнөкөй укуктары да орто кылымдардын эң жапайы көрүнүштөрүнүн деңгээлинде чектелип калды.
Кээ бир мусулман өлкөлөрүндө көп аял алуучулук, аялдарды таш бараңга алып өлтүрүү сыяктуу орто кылымдык патриархалдык жосунсуз тартиптер алигиче сакталып кала берүүдө.
Сауд Арабстанында аялдардын автоунаа айдоо укуктары 2018-жылы гана тастыкталгандыгын айрымдар биле бербестир.
Ал эми постсоветтик КМШ делген ынтымакка мүчө болгон бир катар өлкөлөрдө 8-март күнү расмий же расмий эмес түрдө майрамдалгандыгына карабастан, үй-бүлөлөрдүн алкагында аялдарга зомбулук кылуу учурлары алигиче катталып келет.
Кыргызстандын азыркы коому да ушундай кесепеттерден алыс эмес.
Аялына дөңгөлөк асып зомбулук кылган эркек тананын жосунсуз жоругу, кыздарды ала качуу далаалаттары менен байланыштуу кылмыштуу окуялар Ала-Тоодо өткөн кылымда эмес, XXI кылымдын соңку он жылынын ичинде эле орун алды.
Кыргызстанда салттык ханафий агымынан тышкары жаңы диний агымдар (салафийлер, ваххабийлер ж.б.) ашынган эскичил түшүнүктөрдү дааватчылардын жана башка үгүтчүлөрдүн колу менен жайылтышууда.
Тээ 1920-жылдары советтик Борбордук Азияда паранжа өрттөө өнөктүктөрү жүргөн. Ал учурда деле атеисттер аша чапкан окуялар орун алгандыгы эми ачык айтыла баштады, бирок бул өнөктүктүн шары менен кыз-келиндердин билим алуу укугун камсыздоо күрөшү да жүргөндүгүн калыстык үчүн айта кетүү керек.
Далай татарлар, башкырлар, казактар, өзбектер, кыргыздар XIX кылымда (орусиялык оторчулук дооруна чейин) эле өз кыздарын окутушкан. Кокон хандыгында өз эне тилиндеги ыр жыйнактарын арап арибинде катка түшүргөн таланттуу айымдар болгон.
Демек, болшевиктер бийликке келгенге чейин эле алдыңкы көз караштагы кыргыздар жана башка мусулман түрктөр өз кыздарын окуткан учурлар арбын болгон. Мисалы, Ички Теңир-Тоодо чоң таятам Малай Кыдык уулу 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө чейин эле Сүйүмкан, Сейдана сыяктуу кыздарын арап арибин таанытып окуткан экен. Муну мен ыраматылык Сейдана таянем мага бала кезимде арап тамгасын үйрөтүү үчүн жасаган далаалатынан жана улам кайталап айтып жүрчү насаатынан улам дурус билем.
Ошол эле учурда кыргыз эли өз кыздарын ар дайым урматтап, аларды кор кылбай жүрчү, деп жалпылаштыруунун өзү да опурталдуу.
Элери Битикчи иним кечээ (7-мартта) ойлонууга чакырган бир олуттуу жарыясын “Фейсбук” аркылуу сунуштады.
“Көчмөн элдердин аялдары, чоң чоң энелери тууралуу макаламды бир альманахка жаздым. Ооба, мен жагымдуу маанайда эле жаза баштагам, бирок “Теңирге тең” болгон Умай энеден баштап (ал эч кандай кудай болбосо да), көчмөндөр коомундагы аялдын өзгөчө макамына чейин камтычу дал ушул тема жөн гана уламыштарга толтурулган тема экен.
Ошентип, көчмөндөрдө аялдардын тең укуктуулугу болгон деле эмес тура; көчмөндөрдө аялдарга эч кандай жогорку макам ыйгарылган эмес экен.
Булардын бардыгы, көрсө, бизге Энгельс жана Ленин аркылуу келген матриархат жана энеден эсептелчү уруу тууралуу ойдон чыгарылган уламыштардын калдыктары турбайбы.
Жалпы сөздөр – арбын, бирок (жыныстык) теңчилик жөнүндө тарыхта, археология илиминде эч кандай факт деле жок экен”, – деп Элери Битикчи жазды.
Албетте, бир жагынан, Элери иним ачуу чындыкты жазып жатат. Экинчи жагынан, кыргыз фолклордук мурасында жана санжыраларында аялдын, эненин, жаншерик болгон жубайдын, жеңе, келин, эже-карындаштардын бийик кадыры тууралуу мол маалымат бар.
Айрым кыргыз уруулары санжырада шакап-шакап болуп тармакташканда, эненин ысымы менен аталып калган учурлар көптөгөн санжыралык маалыматтарда учурайт.
“Манас” эпосундагы Чыйырды, Каныкей, Айчүрөктүн бейнелери (алардын берки экөөсүнүн теги – башка өлкөдөн деп чагылдырылаарын да унутпайлык) – ар дайым акылдуу, эрктүү, ажардуу аялзатынын өрнөктөрү болсо, эпостук Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал – баатыр кыздардын, жомоктогу Акыл Карачач – зээндүү кыздардын бейнесин берген.
Тарыхта да айымдардын эрктүүлүгү айгинеленген өтө кызыктуу окуялар болгон.
Ички Теңир-Тоодо Буйлаш бий өзүнүн бир токолун салбар кылып (аялы катары сыйлап карабай, обочого сүрүп) койгон. Анын дал ушул аялынан төрөлгөн уулу Арстанбек жалпы кыргыз журтун ойготкон залкар акын жана ойчул болуп чыга келген. Мында анын даремети, таланты, каармандыгы гана эмес, энесинин эркинин да тарбиялык ролу чоң болгон.
Күйөөсү кутумда өлүп, жесир калган зирек Курманжан Датка “Алай жана Ош даткасы” деңгээлине көтөрүлө алган.
Сталинчил режим Төрөкул Айтматовду жазыксыз жерден ГУЛАГга айдаган чакта, “эл душманынын жубайы” Нагима азап-тозокко карабастан, уул-кыздарын бапестеп чоңойтуп, алардын залкар жазуучу, мыкты окумуштуу болуп торолушуна пайдубалдык үй-бүлөлүк шарт жараткан.
Брежневдик–усубалиевдик доордо эгеменчил профессор, юрист Кубанычбек Нурбеков бөөдө жерден саясий куугунтукка кабылганда, жанында жубайы Лариса (Жылдыз жеңе) аскер тоо болуп туруп берген.
Сталиндик режим 1938-жылы ноябрда тымызын көмдүргөн жапырт көрүстөн тууралуу кабарды 1990-жылдан тартып кыргыз коомуна жеткирген каарман инсан – Бүбүйра Кыдыралиева апабыз болду. Ал эми бул кылмышты жүзөгө ашырган эркек таналар эч бир жерде бул каргашалуу окуяны ачыкташкан эмес.
XXI кылымдын башындагы мамлекеттик ишмер (мурдагы президент) жана дипломат Роза Отунбаева, айдыңдар Роза Айтматова, Меңди Мамазаирова, Чынар Жакыпова, Клара Сооронкулова, Татьяна Зеленская, Асел Даниярова жана башкалар, журналисттер Замира Сыдыкова, Аскер Сакыбаева, Бурулкан Турдубек кызы, Венера Сагындык кызы, Гүлнар Касмамбетова, Чолпон Орозобекова, Ольга Безбородова, Лейла Саралаева жана башкалар, жигердүү жаран жана укук коргоочу айымдарыбыз Наталья Аблова, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова, Чолпон Жакупова (Джакупова), Бүбүсара Рыскулова, Асия Сасыкбаева, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Махинур Ниязова, Токтайым Үмөталиева, Зуура Үмөталиева, Элмира Ногойбаева, Арзыкан Момунтаева, Гүлнара Дербишова, Карамат Орозова, Эркингүл Иманкожоева, Назгүл Турдубекова, Гүлгаакы Мамасалиева, Атыр Абдрахматова, Перизат Суранова, Гүлшайыр Абдирасулова, нечендеген илимпоз, жаратман ишкер, мээнеткеч спортчу жана башка айымдар – азыркы кыргыз айымдарынын каймактары.
Демек, кыргыз айымдарынын эрктүү өкүлдөрүн да аларга алкыш айтуу менен ырааттуу эскертип жазып турушубуз абзел.
XX кылымдын 60–70-жылдарынан тартып “кызым сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керек” деген кыргыз үй-бүлөлөрү көпчүлүктү түзүп калышкан. “Эптеп кызыбыз жогорку классты бүтүрөөр замат аны эрге берели” дегендердин саны азайган.
Албетте, кыздарын күчтөп өздөрү каалаган кишиге турмушка берген, чөнтөгүндө диплому бар туруп, эскичил көз карашты карманган ата-энелердин окуялары азыр дагы кездешет.
Кээде айымдардын өздөрү эле жеткен эскичил көз караштарды таңуулаган учурлар да байкалып келет.
Алардын айрымдары паранжаны жана тар диний түшүнүктөрдү ачык колдошууда. Кээлери болсо “мурда эрден чыккан аял бата бере албайт” деген жарамсыз ойлорун жакынкы айларда эле “пайгамбарлык кылып” жазып чыгышты.
Аларга бир эле Курманджан Датканын мисалын айтсам, ал – паранжа тагынган эмес, жүзү ачык элечекчен болгон. Алымбек датка – анын экинчи күйөөсү болгон, бирок Курманжандын калкы “ылайым даткайым энебиздин батасы тийсе экен”, деп самашкан.
Үй-бүлө куту болгон айым ошол үй-бүлөнүн ырысын аңдай албаган, өзүнө жана бала чакасына акаарат кылып, кол көтөргөн, зомбулук кылган эркек тана менен дароо ажырашып кетүүгө толук укуктуу. Азыркы коом андай айымдарды эрки күчтүүлүгү үчүн сыйлашы керек.
Кээде “казан-аяк кагыша берет” деп кайдыгерлик кылып коёбуз. Ошондой учурларга жол койгонубуз үчүн өзүбүздү жемелешибиз керек.
Кийинки учурларда “зөөкүр күйөө менен дароо эле ажырашып кет, андайлар ортодогу баланы тарбиялап деле жарытышпайт!” деп ачык кеңеш бере баштадым.
Азыркы кыз-келиндер өз укуктарын БУУнун адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын деңгээлинде билиши керек, өз укугу үчүн күрөшкөн инсан ар дайым кадыр-баркка ээ болоорун аларга ырааттуу айтуубуз абзел.
Дегиңкиси, мектеп окуучуларына жана жалпы жаш муундарга заманбап бакыбат үй-бүлө, адилет нике, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу тууралуу өздөрү да ой калчагандай шарттарды жана маалыматтарды арбын сунуштоо зарыл экен.
Бүгүнкү майрам күнү бардык айымдарыбызга, апаларга, жеңелерге, келиндерибизге, эже-карындаштарыбызга, кыздарыбызга бекем лден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, албан ийгиликтер, укуктук мыкты сабаттуулукту жана чексиз эркти каалайбыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.