Экс-депутат Шайназаровдун прокурор, депутат болуп турган кезиндеги айрым учурларды эстеп, убагында Садыр Жапаров катышкан мушташты тар чөйрөдө мактанып жүрөрүн айтып чыкты. Ошондой эле маңзат соодасына байланыштуу күнөөлөгөн. Шайназаров ага жооп берип, дооматтардын баарын четке кагып, жалаа жаап жатат деп билдирди.
Жылдызкан Жолдошова Тынчтыкбек Шайназаров тууралуу Фейсбуктагы баракчасына алгач 15-январда жазып чыккан жана президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ачык кайрылуу жолдогон.
Анда алгач 2011-жылдагы Жогорку Кеңештеги мушташты эстеп, ошол кездеги депутат Тынчтыкбек Шайназаров парламенттеги кесиптеши Садыр Жапаровду уруп койгонун тар чөйрөдө мактанып жүрөт деп билдирген. Андан соң Шайназаров 2005-жылы прокуратурада иштеп жүргөндө 20 килограмм маңзат менен кармалганы тууралуу жазган.
Жолдошова Шайназаровду соңку парламенттик шайлоодогу интригаларга байланыштуу айыптап, өзүнүн ордуна БШКнын төрагасыынын тууганы Нуржамал Төрөбекованын мандат алышына байланыштуу күнөөлөгөн.
Жолдошова "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бийлик башчыларына ачык кайрылганын, анын айткандары териштирилиши керектигин билдирди. Ал колундагы маалыматтары такталганын, ошол окуяга күбө күч органдарынын кызматкерлери бар экенин айтып жатат.
"Мен буга чейин шайлоого байланыштуу УКМКга арыз жазсам алар жалпы эле жоопторду жөнөтүп коюп жатты. Ошондуктан мен коомчулук аркылуу арыз жөнөтүп жатам. Булар азыр бирөө лайк басып койсо деле кармап, камап жатпайбы. Мен катардагы жаран эмесмин, мурдагы депутатмын, аялдар арасындагы күчтүү саясатчылардын биримин. Азыр Шайназаров боюнча дагы эки маалымат чыгат, мен аны бардык жактан тактап жатам. Мен такталмайынча бир дагы маалымат чыгарбайм. Мен өзүм эч качан бирөөгө тийишпейм, бирок мага тийишкендерди жоопсуз калтырбайм. Мисалы ошол маңзат боюнча күбөлөр бар, тергөөчүлөр бар. Мен Фейсбукка 17-январда жазган билдирүүмдү кайсы тергөөчү кармаган, кандай болгон, кайсы жерден чыгып баратканда, кандай машинада болгон деп баарын жазгам. Мен муну менен УКМКга жардам дагы берип жатам. Күнөөсү бар адам факт менен жооп бербестен, башка бирөөнү кемсинтип баштайт. Ал мени кемсинтип, келекелесе дагы факт деген факт бойдон калат".
Жолдошованын айтымында, Шайназаров тар чөйрөдө депутат кезинде Садыр Жапаровду урганын айтып мактанып жүрөт.
"Ошол мезгилде көбү унчукпай койгон. Кийин Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиевди жараштырышкан. Бирок Садыр Жапаровду ким урганы ошол маалда белгисиз болуп калган. Анткени аны капталдан чыгып эле уруп салышпады беле. Эгер бетме-бет чыкканда алар деле күчтүү жигиттер болчу, алар деле уруп коймок. Шайназаров тар чөйрөдө шакеги менен урганын айтып жүрөт. Садыр Жапаровду чекеге урган да, ошол жерде так деле турбайбы. Садыр аны ким урганын байкабай калган, ошондуктан аны ким менен жараштырышарын билбей калган. Ошол маалда жан сакчылары бири-бирине курал кезеп, мен аларды арачалап ортого түшүп, токтотуп калгам".
Жолдошева эстеген парламенттеги уруш 2011-жылы 1-апрелде болгон. Ошол маалда бир коалицияга кирген эки фракциянын депутаттары, тактап айтканда "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов жыйындар залында мушташа кеткен. Уруш коридордо дагы уланып, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровго дагы кол тийгени, чекеси канап кеткени белгилүү болгон. Депутаттар көп өтпөй эле жарашкан.
Эл өкүлдөрүн элдештирүүгө Ташиевдердин фракциялашы Курманбек Осмонов баштаган депутаттар катышкан. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, чырдын тутанган себеби көпчүлүккө белгисиз болуп калганын айтып берди.
"Биз алар эмне себептен кыжылдаша түшкөнүн деле билбейбиз, бирок ошондой окуя болгон. Аксакал депутат катары "балдар, жигиттер койгула, парламентте ушул кылганыңар болбойт да" деп ортого түшүп, ошол эле күнү жыйын бүткөндөн кийин эки тарап менен сүйлөшүп, мен, Курмантай Абдиев баштаган жашы улуу депутаттар аларды сөзгө келтирип, бири-биринен кечирим сурагыла деп, элдештирип койгонбуз. Урушуп-мушташа кеткенин деле көргөн эмеспиз, себебин деле билбейбиз. Аларды жараштырып, аксакалдык парзыбызды эле аткарып койгонбуз. Көшөгө артында кандай сөздөр болгонун деле билбейбиз, анткени аралашчу деле эмеспиз. Азыр эми ошол окуяны саясатташтыруунун кереги жок болсо керек", - деди Осмонов.
Ошол кезде депутаттардын муштышына алардын жан сакчылары дагы аралашканы, бири-бирине курал кезегенге чейин барганы айтылган. Бул окуядан кийин парламентти УКМКнын кызматкерлери текшерип, Жогорку Кеңештин жыйындар залына жан сакчылардын куралчан киришине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Парламентте курал алып жүрүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.
Тынчтыкбек Шайназаров 52 жашта жана эмгек жолун прокуратурада баштаган. 1997-жылдан 2010-жылга чейин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында тергөөчүдөн тартып Жалал-Абад шаарынын прокурору өңдүү кызматтарда иштеген. 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылштарында алгач "Республика", андан кийин "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын тизмеси менен депутат болгон.
Шайназаров 2020-жылы БШКнын мүчөсү болуп дайындалган, 2021-2025-жылдары төраганын орун басары, андан кийин төрагасы болгон.
Ал Жолдошовага жообун БШКнын расмий почтасы аркылуу берди. Биринчи катта убагында Садыр Жапаровдун сабаганы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарып, жалган жалаа деп атады. Ошондой эле, маңзатка байланыштуу айтылган сөздөргө комментарий бербей турганын белгилеген.
"Жылдызкан Жолдошеванын мен тууралуу, биздин депутаттык ишмердүүлүк учурунда Садыр Жапаровду сабап, аны менен бүгүнкү күнгө чейин мактанып жүргөнүм тууралуу айткан билдирүүлөрү мени жагымсыз таң калтырды жана катуу капалантты. Бул толук бойдон ойдон чыгарылган жалаа, ушак жана коомчулукту адаштырууга багытталган манипуляция. Ал эми 20 килограмм героин тууралуу айтылган сөздөргө комментарий берүүнү да туура көрбөйм. Мындай нерсени психикалык абалы туруктуу эмес, маразмга кабылган, акыл-эси жайында эмес адам гана ойлоп табышы мүмкүн. Эгер Жылдызкан Жолдошева кааласа, анын психиатрга дарылануусуна кеткен чыгымдарды өзүм көтөрүп берүүгө даярмын жана бул аркылуу анын психикалык абалын жакшыртууга жардам берейин", - деп жазган Шайназаров.
БШКнын төрагасы мындан көп өтпөй эле Жолдошовага кайра жооп берип, наркотикке байланыштуу комментарий берген.
"Жылдыз Айтибаевнанын башкы максаты – менин аны сотко берип, уламдан-улам соттон-сотко сүйрөлүп, андан өзүнө пиар жасап, элге шоу көрсөткүсү келгенин так-даана көрүп турам. Мен сотко кайрылсам, 100% аны утуп чыгарымды билем. Бирок мен Жылдызкан Жолдошованын провокациясына алдырбай, анын деңгээлине түшпөй, сотко кайрылбайм жана ал каалап жаткан шоуну элге көрсөтпөйм. 20 кг баңги зат боюнча жазып чыккан фактылары таптакыр чындыкка дал келбейт. Мени мындай ири өлчөмдөгү баңги зат менен эч ким кармаган эмес, тескерисинче, мен бул факты тууралуу жетекчиликке билдирип, Ош шаарынын милициясы жана эки күбө менен бирге бул кылмыштын бетин ачканбыз. Бул иштин чоо-жайын билбей туруп, чыныгы фактыларды бурмалап таратуу - элдин башын айлантуу үчүн атайылап жасалган кадамдар деп эсептейм. Менин билишимче, Жылдызкан Айтибаевна өмүр бою ушинтип бирөөнө жабышып алып, анын артынан сөз таратып, өз курмандыгына айлантып алат. Бирок муну дагы ал жеке өз кызыкчылыгында гана жасайт. Биз Жылдызкан Айтибаевна менен бирге бир нече жыл депутат – кесиптеш болгонбуз жана анын кандай кылыктарды жасаганын мен дагы эң жакшы билем. Эгерде кааласам, ойдон чыгарылган манипуляция жана провокация эмес фактылар менен сүйлөйт элем. Бирок анын деңгээлине түшүп, аларды элге жарыялап, шоу уюштурууну туура деп эсептебейм.Мен Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна менен талашып-тартышып, айтышкым келбейт. Ал эми Жылдызкан Айтибаевнага болсо жан дүйнөсүнө тынчтык жана мындан ары тынч, бакубат өмүр сүрүшүн каалайм", - деген Шайназаров.
Деген менен талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, Жолдошованын айткандары териштирилиши керек.
"Бизде мыйзам боюнча эгер арыз түшпөсө эч ким нерсе кылбайт, биздин укук коргоо органдары эч нерсе кылбайт. Эгер Жолдошова ИИМге же УКМКга кайрылса, анда иш козгоп, тергөө жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок тергөө кандай жыйынтыкка келет, аны кудай билет. БШКнын төрагасы мурда ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалган болсо анда бул саясий абройго шек келтирет. Жылдыз Жолдошова айтып, жазып жаткан материалдарын саясий бийлик, албетте, тергеши керек. Өзүн сыйлаган саясий бийлик анын баарын тергеп, кайсы тарап туура же туура эмес экенин аныкташы керек. Анткени Жолдошова наркотикке байланыштуу аты аталган адамдын БШКны башкарып жатканы чоң саясий ката деп ачып эле жазып жатпайбы. Бирок эми алдыда бир жылдын ичинде жаңы шайлоо болот, ошондуктан БШКнын башына жаңы адамды алып келип, шайлоонун шарапатын бузуп албайлы деген таризде тергөөнү бир топко созушу дагы мүмкүн".
Бийлик башчылары жана атайын кызмат Жолдошованын Шайназаров тууралуу кайрылуусуна азырынча комментарий бере элек.
Соңку парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу доомат айтылып, ар кандай видеолор тарап, анын негизинде аймактык шайлоо комиссиясы Ош облусундагы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.
Баштапкы эсепке ылайык, бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова мындай чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.
Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.
Жолдошова 9-декабрда Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз жазган, бирок ал канааттандырылган эмес.
Бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген, анын ичинде БШКнын мүчөсү болгон Жолдошова парламенттин V чакырылышында "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Шерине