“Ислам мамлекети” террордук уюмунун чөлкөмдөгү канаты (“Ислам мамлекети-Хорасан”) Кабулдагы кытай ресторанында болгон жардырууну ишке ашырганын мойнуна алды. 19-январдагы кол салуудан бери дегенде 7 киши набыт болгон, ондогону жараат алган.
“Талибан” кыймылынын басма сөз өкүлү Халид Задран билдиргендей, жардыруу кытайлык жарандар көп барган ресторандын ашканасында болгон.
Ал Кытайдын мусулман жараны жана алты оогандык киши каза тапканын тактады.
Кабулдун тез жардам ооруканасы аларга 20 чакты киши түрдүү жаракаттар менен түшкөнүн, арасында төрт аял жана бир бала болгонун билдирди. Жети киши ага чейин көз жумганы маалымдалган.
“Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюму жан кечти ишке ашырган "кол салуу Кытайдын жарандарын бутага алганын, бул Бээжиндин уйгурларга каршы куугунтуктоосуна каршы жасалганын” билдирди.
Кытай бийлиги Шинжаң автономдуу районундагы мусулмандардын адам укуктарын бузуп, кысым кылып, 2017-жылдан бери бир миллиондон ашуун кыргыз, казак, жана башка улуттардын жергиликтүү өкүлдөрү түзөтүү лагерлерине отургузулганы маалымдалып келет. Расмий Бээжин айыптоолорду четке кагып, экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенгенин айтып, лагерлерди кесипке үйрөткөн интеграция борборлору деп сыпаттайт.
Кабулдагы жардыруудан кийин Кытайдын Ооганстандагы элчилиги өз жарандарына ал өлкөгө барбай туруу кеңешин берди.
Шерине