Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Кыргызстандын криптовалюта мыйзамына “мамлекеттик майнинг” түшүнүгү киргизилди


Кемин районундагы криптовалютаны майнинг кылуучу ферманын үстүдөн көрүнүшү. Архивдик сүрөт.
Кемин районундагы криптовалютаны майнинг кылуучу ферманын үстүдөн көрүнүшү. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 20-январда Президенттин администрациясы кабарлады.

Документти былтыр 24-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Мыйзамда “стейблкоин (stablecoin)” түшүнүгүнүн аныктамасы такталган. Мындан сырткары “реалдуу актив менен камсыздалган токен” (Real World Asset Token - RWA Token), “мамлекеттик майнинг”, “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамалары киргизилди.

Кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле криптовалюта өндүрүү да “майнинг” деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнерлерге компьютердик жабдуулар, үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет гана керек.

Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган.

Мыйзамдын алкагында криптовалютаны жүгүртүүгө жана өндүрүүгө уруксат берилген. 2024-жылдагы эсеп боюнча өлкөдө 25 криптомайнинг катталган эле. 2025-жылы электр энергиясынын тартыштыгынан улам иштеп жаткан эки майнинг ферманын иши убактылуу токтотулган.

Мыйзам кабыл алынган үч жылдын ичинде Кыргызстанда мындан сырткары 13 криптобиржа жана 186 криптовалюта алып-сатуучу жай катталган. Кыргыз бийлиги Улуттук крипто биржаны жана Улуттук крипто резервин түзүү дымагын жарыялаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын май айында дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону Бишкекке чакырып, өзүнө кеңешчи кылып бекиткен.

Жарым жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын жүгүртүүгө чыгарган. Финансы министрлиги ал стейблкоин экенин жана курсу доллар менен бирдей болорун билдирген.

Кыргызстанда мындан сырткары "КейЖиЭсТокен" жеке менчик компания KGST аттуу кыргыз сомуна теңме-тең байланган улуттук стейблкоин чыгарса, түбү орусиялык “Олд Вектор” компаниясы A7A5 аттуу стейблкоинди каттаган. Өлкөдө мындан сырткары MTH, CDSD жана LMAu аттуу криптовалюталар да айлантууга чыкты. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG