Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:57

Иран: Толкуп-тозгон элдин ишенген лидери жокпу?


Ирандын элин колдогон митинг. Нью-Йорк, 18-январь, 2026-жыл.
Ирандын элин колдогон митинг. Нью-Йорк, 18-январь, 2026-жыл.

Ирандагы каршылык кыймылы, демонстрацияларды башкарган бирдиктүү күч же лидерлердин жоктугу, элди артынан ээрчитип кете турган таанымал саясатчы, күчтүү оппозиция лидерлеринин жоктугу да АКШны эле эмес, Иранга көз салып жаткан жалпы эле эл аралык коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт.

Иранда азыр абал кандай?

Ирандагы азыркы чыныгы абал тууралуу маалымат алуу абдан катуу чектелген бойдон. Интернет толугу менен өчүрүлгөн. Илон Масктын SpaceX компаниясы Старлинктин спутниктери аркылуу ирандыктар интернетке бекер кошула алат деп жарыялаган. Ал үчүн Старлинктин антеннасын, роутерин сатып алып, ачык асман бар жерге орнотуу керек. Старлинктин маалыматында андай аппаратты 50 миңдей ирандык сатып алды деп турат. Иранда буга чейинки бир нече жолку кеңири элдик толкундоолор маалында бийлик интернетти дайыма чектеп өчүрүп келгендиктен, элдин көбү VPN же менчик виртуалдык түйүндөр аркылуу кошулганга көнүп калышкан.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары өтө кандуу окуялардын кесепеттерин көргөзүп жатышат. Шашылыш ачылган моргдордо жакындарын издеген жүздөгөн кишилерди, катар-катар тизилип жабык баштыктарга салынган өлүктөрдү, көчөдөгү акциялар учурунда колунда балта, бычак-канжар кармаган адамдар кармалганын, башкысы – демонстранттардын өзүлөрүн айыптаган кабарлар таратылууда. Албетте, алар "Алланын душманы", Израил, АКШнын үгүтүнө алданган, Ирандагы ислам идеологиясына негизделген бийлик системасын, мамлекеттик түзүлүштөргө каршы чыккан душмандар, террорчулар, кылмышкерлер катары мүнөздөлүп жатат. Ар кайсы күбөлөрдүн, догдурлардын маалыматына таянып, 16-январга карата көпчүлүк маалымат каражаттары Ирандагы элдик толкундоо маалында кеминде үч миңден ашык киши өлгөнүн, 18 миңден ашуун киши камалганын жазып жатышат.

Тополоң эмнеден башталды, нааразылардын баары камалабы?

Ирандагы коомдук чыңалуу, бейстабилдүүлүк 28-декабрда базардагы соодагерлер баалар асмандап кетип, инфляция күчөп, улуттук акча - риалдын наркы абдан төмөн түшүп кеткенде эле башталган жок. Былтыр жайында Иран менен Израилдин ортосунда 12 күндүк согуш болду. Ага аягында АКШ да кошулуп, абадан Ирандын атомдук станцияларына сокку урган. Израилдин чабуулунан Ирандын 1000ден ашуун аскер жетекчилери, илимпоздору, дагы башка адистери жок кылынганы кабарланган. Иран ага жооп катары Израилди көздөй жүздөгөн ракета, дрон учурган. 2009-жылкы президенттик шайлоодон бери Иранда кеминде беш жолу ири толкундоо болуп, полиция менен кагылышууларда жүздөгөн киши каза таап, миңдеген киши камалып жазаланды.

Акыркы нааразылык акцияларга жаштар көп чыкты. Ирандын калкынын 25% азыр 15-29 жаштагы жаңы муун түзөт. Алар өлкөдөгү жалпы абалга, тарыхы, маданияты бай, табигый кен байлыктары эбегейсиз өлкөдөгү элдин жакырлыкта жашаганына каршылык билдирип чыгышты.

Мунайдын запасы боюнча дүйнөдо 3-орунду ээлеген мамлекеттин элинин көбү азыр тапкан акчасын тамак-аш менен отун-электрге өп-чап жеткирип жашоого аргасыз. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча бир жылда өлкө өндүрүмүн киши башына бөлгөндө 4 миң доллардай акчага айланат.

Октябрь айында инфляция 50% чукулдап, риалдын куну мурдагыдан да төмөн түшүп кеткен. Интернет дүйнөнү бири-бирине туташтырып койгон заманда жаштар экономикалык жактан гана жакшы жашоону эмес, эркиндикти, бийликти алмаштырып, өлкөнү жаңы жолго салууну талап кылып чыгышты.

Көп жерлерде “Диктаторго өлүм!” деген ураан көтөрүп, коркпой кыйкырып жатышты. Жаңы муун демократиялык өзгөрүүлөрдү, чет өлкөлөргө ээн-эркин каттап, билим алып өнугүүгө мүмкүнчүлүк ачууну, коррупция, саясий куугунтукту токтотууну талап кылып жатышат.

Иран – ондогон жылдардан бери катаал чет элдик экономикалык санкциялар алдында жашап келатат. Ушундай кырдаалда, албетте, өлкөнүн экономика, саясат, коопсуздугун көзөмөлдөө ишин колуна алган Ислам революциясынын сакчылары корпусу же коопсуздук армиясы абдан күчтөндүрүлгөн.

Байкоочулардын баамында, анын катарында азыр мыкты куралданган 150 миңдей аскер бар. Азыркы элдик толкундоо маалында Ирандын бийликтери ылдый уча турган дрондорду, баарын видеого жаздырып алчу камераларды кеңири колдонуп, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырган ар бир митингчини үйлөрүнө чейин кирип барып камап жатканы кабарланууда.

Бул жолку демонстрацияларга чыккандарды артынан аңдып, камап жазалоо ишине Ирандын Ислам революциясынын сакчылары өтө жогорку деңгээлдеги аскердик технологияларды колдонгонун чет элдик эксперттер баса белгилешүүдө.

АКШ митингчилерге жардам бериши мүмкүнбү?

Америкада жашаган теги ирандык эксперттердин бири Карим Сажадпур Х платформасына жазгандай: "Акыркы эки апта ичинде президент Трамп жети жолу Ирандын бийликтери демонстранттарды өлтүрсө, куралдуу аракет көрүлөрүн айтып коркутту. Өлтүрүлгөндөрдүн саны эки миңден ашты. Аскердик аракет качан көрүлөт?" - деп суроо койгондор көп эле болуп атат.

Америкалык эксперттер Иранга каршы аба соккулары болушу мүмкүн, бирок кеңири аскердик операция эл аралык абалды оорлотот деп эскертишет.

Трамп өзү шайлоо маалында дүйнөдөгү согуштарды токтотом деген ураанды кайталап келген эмеспи. Бул күндөрү ал улам-улам кеңешчилери менен жолугуп, Иран кризисин талкуулап жатканы кабарланууда. АКШнын согуш учактары Иранга коңшулаш, же жакын мамлекеттерде бар, бирок Тегеран кайсыл өлкө Американын учактарына Иранга сокку урганга уруксат берсе, Иран кайра ошол өлкөгө кеңири чабуул баштайт деп эскерткен.

17-январда Дональд Трамп "Иранга абадан сокку уруунун кереги жок" деп өзүн-өзү ишендиргенин жазды.

Ирандагы каршылык кыймылы, демонстрацияларды башкарган бирдиктүү күч же лидерлердин жоктугу, элди артынан ээрчитип кете турган таанымал саясатчы, күчтүү оппозиция лидерлеринин жоктугу да АКШны эле эмес, Иранга көз салып жаткан жалпы эле эл аралык коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт.

1979-жылкы Ислам революциясында бийликтен кулатылган мурдагы шах, же монархияны эңсегендер канча экенин эсептөө мүмкүн эмес, бирок андай бийликти самагандар аз дешет байкоочулар. Шахтын уулу Реза Пехлеви азыр 65 жашта. 19 жашында Америкада окуп жүрүп Ислам революциясынан кийин мекенине бара албай калган бойдон ошол жакта калган. Анын Израил менен кызматташканы, чет жактардагы 4-5 миллиондой ирандыктарды бириктирип, чыныгы лидерине айлана албаганын эксперттер анын кемчилиги катары белгилешет. АКШда жашаган жеринен ал интернет аркылуу элди көчөгө чыгууга үндөп, айрым жерлерде митингчилер анын сүрөтүн көтөрүп чыгышты.

Эгерде Иранга каршы чет жактан аскердик чабуул башталса, бул аракет Ирандын ичинде улутчул маанайды бекемдеп, бийликти күчтөндүрүп ийбейби деген пикирлер да жок эмес. Трамп жана башка Батыш лидерлери, атүгүл Ирандын чет жактардагы бозгун кыймылдары да бийликти алмаштыруу же башка өзгөрүүлөр Ирандын эли тарабынан жасалышы керек деп кайталап келатышат.

Иранда ири реформалар болушу мүмкүнбү?

92 миллиондой калкы бар Иранда эң башкы мамлекеттик бийлик Аятолла Хаменеинин колунда. Ал азыр 86 жашта. Шейшембиде Тегеранда бийликти колдогон чоң митинг уюштурулуп, ага катышкан Ирандын президенти Масуд Пезешкиан "өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдү колдонуп, АКШ, Израил бийликти кулатууга аракет кылышты" деп билдирди. Толкундоолор башталганда бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү талап кылып, 17 саясий активист, укук коргоочу, журналист кол койгон кат таратылган. Алардын айрымдары катка түрмөдө отурган жеринен кол коюшкан.

Ирандын бийлиги таянып келаткан, Батышта террордук уюм деп таанылган ХАМАС жана "Хезболла" уюмдары кыйла алсызданган абалда. Аларга каршы соккулар азыр да уланып жатат. Тегерандын жакын өнөктөшү Орусия азыр Украинада согушуп жаткан кез. Сирияда Башар Асаддын режими кулаганы Тегеран дагы бир башкы өнөктөшүнөн айрылган.

Байкоочулар армиясын, коопсуздук күчтөрүн канчалык куралга шыкап бекемдесе да, элинин колдоосун жоготсо, диктаторлук бийликтер тез эле кулап каларын айтышат.

Ирандагы толкундоолор, ага миңдеген жаштар, жаңы муундун катышканы – коом чон өзгөрүүлөргө даяр болуп калганын көргөзгөндөй болду. Алардын кыялы ишке качан, кантип ашат, аны айтуу азырынча кыйын.

БУУ: АКШ менен Ирандын элчилери кайым айтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Шерине

 

XS
SM
MD
LG