Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Зика тараган аймакта төрөттү токтотуу сунушталды


Зика вирусун тараткан чиркей
Зика вирусун тараткан чиркей

Түштүк, Борбордук жана Түндүк Американын төрт миллионго жакын тургундары Зика вирусунан жабыр тартышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун кеңири жайылышына бөгөт коюу чараларын иштеп чыгууга чукул комиссия түздү.

Зика деп аталган вирусту жуктургандар адегенде эч кандай белгини байкабаганы менен анын кесепети жаңы төрөлгөн балдарга тиерин дарыгерлер эскертүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чан 25-январда Женевада уюмдун аткаруу кеңешинде сүйлөгөндө Зика вирусу адамдын ден соолугуна катуу коркунуч жарата турганына токтолду.

Маргарет Чан
Маргарет Чан

“Зика вирусунун улам кулач жайганы, анын ичинде иммунитети жок эл жашаган географиялык аймактарга тарап жатканы кооптонууга дагы бир себеп. Айрыкча кош бойлуу кезинде аны жуктуруп алган энелерден башы өспөй калган балдардын төрөлүшү чоң кооптонуу туудурат”, - деген Дүйнөлүк уюмдун өкүлү вирустун таркап кетишин токтотуу чараларын иштеп чыгууга атайын топ түздү.

Дүйшөмбү күнү топтун мүчөлөрү жолугуп, эпидемияга каршы глобалдык алкакта чукул чара көрүү зарылбы же жокпу кеңешет. Соңку ирет мындай чукул кырдаал Батыш Африкада Эбола илдети тарап, 11 миңдей кишинин өмүрүн алганда жарыяланган.

Зика вирусу 1947-жылы Уругвайда аныкталгандан бери анын мынчалык тез тараганы катталган эмес. Бразилияда вирус өткөн жылдын май айында билинген.

Көпчүлүк учурда бейтап оору жуктуруп алганын сезбейт, андыктан вирусту эрте аныктоо дагы татаал. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бразилияда 500дөн 1,5 миллионго чейин киши вирус жуктурганын бышыктады. Коркунучтуу вирусту тараткан чиркейлер 20 өлкөдөн табылды.

Зика вирусу эненин ичиндеги баланын башын өстүрбөй койгону менен коркунучтуу
Зика вирусу эненин ичиндеги баланын башын өстүрбөй койгону менен коркунучтуу

Бул аймактарда микроцефалияга чалдыккан, башкача айтканда, башы өспөй калган балдардын төрөлүшү арбыды. Андан сырткары нерв системасын жабыркаткан Гийен-Барре синдрому деп аталган дарт каттала баштады.

Зика вирусу менен бул илдеттердин канчалык байланышы бардыгы тастыктала электигин айткан Маргарет Чан эгер илимпоздордун шектенүүсү аныкталса, бул чыныгы кооптонууну жаратарын белгиледи.

Анын үстүнө Түштүк жана Борбордук Америкадагы быйылкы аба ырайы дагы ооруну алып жүргөн чиркейлердин көбөйүшүнө өбөлгө болууда.

Август айында Рио-де-Жанейродо Жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрө турган Бразилия азырынча вирус эң көп тараган өлкө болууда.

Бразилиянын түндүк чыгышындагы Ресифе шаарында былтыр беш киши вируска шектелип ооруканага түшсө, соңку жарым жылда 300 киши дарыгерлерге кайрылган.

Бразилия өкмөтү 220 миң аскерди эл арасына вирустан кантип коргонуу чаралары жазылган баракчаларды таратууга жумшады.

28-январда Латын Америкасы жана Кариб өлкөлөрүнүн лидерлери Колумбиянын Маламбо шаарында өткөн саммитте Бразилиянын президенти Дилма Руссефф журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

Дилма Руссефф
Дилма Руссефф

- Биз чогуу күрөшөлү деп сунуштадым. Болгон мыкты технология менен илимий изилдөөлөрдү колдонууда бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул маалда вирурска каршы күрөштө мыкты илим-билимди жана жаңы технологияларды колдонууда өз ара кызматташуу зарылдыгын баарыбыз түшүнөбүз, - деди.

Эл Салвадордун саламаттык сактоо кызматтары аялдарга 2018-жылга чейин кош бойлуу болбой турууга кеңеш берсе, Колумбия, Эквадор, Ямайканын бийликтери дагы төрөттү токтотуу мөөнөтүн азайтуу менен мындай сунушту колдоду.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин юридикалык институтунун окумуштуусу Лоуренс Гостин «Азаттыкка» берген маегинде илдеттин тез арада кулач жайып кетүү потенциалын айтып, анын болжолдуу кесепеттерин эскертти.

- Кошмо Штаттардан, Европадан, Американын башка аймактарынан, деги эле дүйнөдөн Бразилияга каттагандардын саны арбын. Адамдар Зика каптаган аймактарга баргандан кийин кайра үйлөрүнө кайтканда, инфекция жуктуруп алганын өздөрү да байкабайт. Инфекцияны тараткан чиркейлерди өздөрү менен чогуу ала кетиши дагы мүмкүн.

АКШнын саламаттык сактоо институттары вируска каршы эки вакцина иштелип жатканын, клиникалык тесттер 2016-жылдын соңунда башталарын билдирет.

Зика вирусу Латын Америкасы менен Кариб чөлкөмүнөн сырткары Канада, АКШда, Данияда катталганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG