Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Израил Газадагы ондогон палестиналык үй-бүлөгө көчүүнү эскертти


Хан-Юнистеги качкындар лагери. Газа, 14-январь, 2026-жыл
Хан-Юнистеги качкындар лагери. Газа, 14-январь, 2026-жыл

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түштүк тарабындагы ондогон палестиналык үй-бүлөгө үйлөрүнөн көчүү буйругун берди. Хан-Юнистеги Бани Сухайла конушунун тургундары дүйшөмбү күнү учактардан тиешелүү көрсөтмө менен баракчалар ыргытылганын айтып беришти. Ал жакта 9 миңге чукул киши башкалкалайт. Маалыматка караганда, 3 миңдей киши жер которууга аргасыз болмокчу.

Рейтер агенттиги белгилегендей, былтыр октябрда ок атышпоо келишимине жетишилгенден бери бул күчтөп эвакуациялоонун биринчи учуру болду.

Израилдин аскерлери бул маалыматка байланыштуу комментарий бере элек.

Ок атышууну токтотуу жараянынын биринчи баскычында ЦАХАЛ менен АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган “Хамас” радикал тобунун ортосунда кармаштар токтоп, израилдик аскерлер тилкенин жарымына жетпеген аймагынан чегинген. Согушкерлер барымтадагыларды бошотуп, Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктар кое берилген.

Ок атышуу токтогондон бери 460 газалык карапайым тургун жана израилдик үч аскер набыт болду. Газадагы согуш эки жылга созулду.

АКШнын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык планынын экинчи баскычы тууралуу маалымат берилери күтүлүүдө.

2023-жылы ХАМАС радикал уюмунун чабуулунда 1200дөй адам өлүп, 250дөн ашуун киши барымтага алынган.

Израилдин Газадагы операциясы 71 миң палестиналыктын өмүрүн алганын анклавдын хамасчылар башкарган Саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG