Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

"Күйүттөн арыла элекпиз". Малайзиялык учактын атып түшүрүлгөнүнө 10 жыл болду


Украина, Донецк облусундагы Грабово кыштагынын жанында кыйраган учактын курмандыктарына арналган мемориал. Март, 2020-жыл.
Украина, Донецк облусундагы Грабово кыштагынын жанында кыйраган учактын курмандыктарына арналган мемориал. Март, 2020-жыл.

Украинада MH17 каттамындагы "Боинг-777" жүргүнчү учагынын атып түшүрүлгөнүнө 10 жыл болду. Анда борттогу 298 адамдын баары мүрт кеткен. Эл аралык иликтөөчүлөр тобу учакка орусиялык ракета тийгенин далилдешкен. Москва башынан эле бул үчүн жоопкерчилик алуудан баш тартып келет.

Он жыл мурдагы кырсыктын чоо-жайы

Пит Плег үчүн соңку он жылдык аза күтүү, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу аракети менен өттү.

2014-жылы 17-июлда Амстердамдын Шипхол аэропортунан асманга көтөрүлгөн MH17 каттамындагы "Боинг-777" жүргүнчү учагы Украинанын чыгышына жеткенде радардан жоголуп кеткен. Саналуу секундадан кийин учактын сыныктары Грабово айылынын жанындагы талаага чачыраган.

Жүздөгөн адамдардын колу-буту үзүлгөн, бир нечеге бөлүнгөн сөөгү күнкарама өскөн талаада жайнап калган.

Ал маалда Украинанын чыгышында өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилдер ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан. Луганск жана Донецк облустары орусиячыл козголоңчулардын көзөмөлүндө калган.

Учактагы 298 жүргүнчүнүн баары мерт болгон. Алардын көбү нидерландиялыктар болгон. Арасында Плегдин агасы, жеңеси жана иниси да бар эле.

Курамына Нидерланд, Австралия, Малайзия, Бельгия жана Украинанын өкүлдөрү кирген эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн билдирген. Bellingcat эл аралык иликтөө тобу ырастагандай, жабдууну окуя алдында Орусиядан алып келишип, кайра тез эле артка алып кетишкен.

Москва башынан эле малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө тиешеси жоктугун билдирип, бул окуя боюнча тескерисинче расмий Киевди айыптап келген.

Ким күнөөлүү?

2022-жылы Нидерланд соту Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамындагы учагын Орусияда чыгарылган ракета атып түшүргөнүн ырастаган. Ошол эле жылы аталган сот орусиялык Игорь Стрелков (Гиркин) менен Сергей Дубинскийди, орусиячыл украин жараны Леонид Харченкону сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Алар учактын кулашына жана 298 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылды.

Дагы бир орусиялык жаран Олег Пулатов далилдердин жоктугуна байланыштуу акталды. Стрелков ал кезде өзүлөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын Коргоо министрлигин жетектеп турган. Дубинский анын орун басары болчу

Иликтөөнүн алкагында ракетаны ким учурганы аныкталган эмес.

Нидерланд сотунун башкы прокурору Фред Вестербеке. Ньивегейн. 19-июнь, 2019-жыл.
Нидерланд сотунун башкы прокурору Фред Вестербеке. Ньивегейн. 19-июнь, 2019-жыл.

“Бул суроого жооп жок, ал дагы эле бизге тынчтык бербей келет”, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Плег.

10 жыл мурда Нидерландда учак кыйраганда набыт болгондордун элесине арналган эстелик ачылган. Ошондой эле Шипхол аэропортунун жанындагы эскерүү комплексинде курман болгондордун урматына бирден дарак отургузулган.

MH17 каттамындагы "Боинг-777" учагынын кулатылышынын 10 жылдыгына 10 күн калганда орус армиясынын ракетасы Киевдеги балдар ооруканасына тийди. Эки киши набыт болуп, элүүдөн көп адам жараат алды. Жабыркагандар арасында балдар да бар.

"Орусия кайрадан адам укуктарын көзгө илбеген, мерез жүзүн көрсөттү", - дейт Плег.

Ал бул жолу да курман болгондордун жакындары адилеттүүкө жетүүсүнөн күмөн санайт.

"Соңку он жылда эл аралык саясат кырдаалды татаалдаштырарына көзүм жетти. Жоготуунун күйүтүнөн арыла элекпиз", - дейт ал.

XS
SM
MD
LG