Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

"Башкырлар жерин, тилин коргоп калууга умтулат"


Башкырстандын Баймак шаарында нааразылыкка чыккандар менен күч кызматкерлери. 17-январь, 2024-жыл.
Башкырстандын Баймак шаарында нааразылыкка чыккандар менен күч кызматкерлери. 17-январь, 2024-жыл.

Башкырстандын Баймак шаарында 17-январда «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен экоактивист Фаил Алсынов төрт жылга кесилгенден кийин нааразылык акциясы тутанган.

“Башкырлардын улуттук саясий борборунун” негиздөөчүсү Руслан Габбасов нааразылыкка түрткү болгон жагдайлар, жумурияттагы көйгөйлөр, ассимиляция, улуттук кызыкчылыктарды коргогон активисттерди куугунтуктоо тууралуу айтып берди.

- Башкырстандын Баймак деген жеринде болгон нааразылык акциясын сиз кандай сыпаттайсыз? Кеп Фаил Алсыновдун камалышы, кесилиши жөнүндө гана жүрүп жатабы?

- Албетте, жок. Жумуриятта эбак эле түрдүү көйгөйлөр топтолуп, толуп калган. Башкырларды кемсинтүү, кордоо, жумуриятка чийки зат менен камсыздаган колония катары мамиле кылуу көптөн бери уланып келатат. Мунун бардыгы элдин чыдамын кетирди, акыр аягында 17-январда болгон окуяга алып келди. Фаил Алсынов башкырлар арасында кадыр-баркы бар, аброй күткөн инсан. Аны көптөрү колдошот, жакшы көрүшөт. Сот өкүмү чыгар алдында активистти колдоо иретинде жаздырылган видео кайрылуудан катардагы адамдардан тышкары башкыр интеллигенциясынын өкүлдөрүн, илимпоздорду, профессорлорду, мурдагы саясатчыларды, артист, актерлорду, мындайча айтканда, коомдун каймактарын көрүүгө болот.

Руслан Габбасов
Руслан Габбасов

Алсыновго каршы козголгон иштин артында жумурияттын жетекчиси Радий Хабиров турат, ал активисттин үстүнөн өзү сотко арызданган. Алсынов биздин жаратылыш ресурстарыбызды бүлгүнгө учуратып пайдаланууга каршы жыйында башкыр жерин коргоп сүйлөгөн.

Экстремизмге, жикчилдикке чакырыктар жаңырган эмес, улут аралык кастыкты козуткан эмес. Аны ошол жыйындагылардын бардыгы эле уккан. Албетте, мындай адилетсиздикке ачууланган эл Алсыновдун таламын талашып, ага колдоосун билдирип чыкты. Бийлик күч колдонуп, акция катышуучуларынын үшүн алабыз деп ойлогон. Бирок эртеси, тескерисинче, алдынкы күндөн да көп киши чогулду.

Жумурияттын башчысы Хабиров - алысты көрө албаган киши. Буга чейинки каталарынан сабак алган жок көрүнөт. Куштауда 2020-жылы болгон окуя кайталанып отурат. Ошондо да элди коркутуп-үркүтүү, күч колдонуу аракети көрүлгөн, нааразылыкка чыккандарга каршы ОМОНду, Улуттук гвардиянын аскерлерин, спортчуларды, провокаторлорду жөнөткөн. Буга карабай, эл туруштук берип, жеңип чыккан. Бул жолку окуялардан баамдасак, жетекчи эч кандай сабак албаптыр.

- Ошол сиз айтып жаткан мындан 4 жыл мурунку тирешке токтоло кетесизби?

- Шихандар же өзүнчө турган тоолорго байланышкан окуялар 2007-жылдан бери уланып келатат. Биздин жумурияттын аймагында уникалдуу 4 шихан жайгашкан. 300 миллион жыл мурун ал жерде деңиз бар болчу. Абдан кооз тоолордун бетинен кызыл китепке кирген жана башка түркүн өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды жолуктурууга болот. Кыскасы, уникалдуу жаратылыш кубулуштары бар. Акиташтуу тоолордогу материалдардан сода өндүрсө болот. 1960-жылдары советтик режим учурунда, албетте, эч кимден сурабай эле завод курушкан. Шихандардын бирин оюп отуруп, дээрлик бүт бойдон кертип салышкан.

“Башкырстандын сода компаниясы” эми башка тоодо иш жүргүзөрүн билдирген. Эки шихан өзгөчө коргоого алынган жайлардын тизмесине киргизилип, кол тийбестик макамы берилген. Аларды иштетүүгө тыюу салынган. Бирок компания ошол статусту алууну талап кылган. Албетте, коомчулук ага каршы чыгып, митинг, акциялар уюштурулган. Күрөш жылдарга созулду. Компанияга ээлик кылган олигархтар казуу иштери жүргөн жерлерди калыбына келтирүүгө каражат сарптачу эмес, айланасындагы айыл-кыштактар жакырчылыкка баткан бойдон калган, оор машиналар ары-бери каттаган жолдордун тамтыгы чыккан. Айтор, өндүрүш толгон-токой экологиялык көйгөйлөр менен коштолгон.

Жумурияттын жаңы жетекчиси келгенде, өзгөчө коргоого алынбаган Куштауда казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилерин билдирген. Ошондо да нааразылык акциялары тутанып, митингдер, флешмобдор өткөн. Жергиликтүү тургундар, интеллигенция, окумуштуулар, коомдук уюмдар, анын ичинен Алсынов жетектеген, мен мүчөсү болгон “Башкыр” уюму кошулган.

2020-жылы августта тирешүү чегине жеткенде, кагылышуулар болгон. Куштауну жигердүү коргоп келген Алсыновдун артынан сая түшүп куугунтуктоо ошондо башталган.

- Активист «жек көрүүчүлүктү же улут аралык кастыкты козутуу» үчүн айыпталыптыр. Бийлик анын жыйындардын биринде айткан сөздөрүн келтирген. Ал эмне деп айткан эле? Билишимче, борборазиялык мигранттарды “кара халык” деп атаган деген кине тагылган.

- Башкырстан өзү - табигый ресурстарга бай аймак. Алтын, жез, башка металдар бар. Чет жактардан келген көптөгөн компаниялар аткаминерлерге пара беришет да борборазиялыктарды, кавказдыктарды ишке жалдашат. Жергиликтүүлөр болсо ал компанияларда иштебейт. Чет өлкөлүктөр жер кыртышын талкалап кетишет, эч ким рекультивацияны ойлобойт. Ал жакта жашагандар, албетте, айдоо аянттарынын абалына, мал багуу үчүн жайыттардын азайышына камтама болот. Алар маал-маалы менен нааразылыгын билдирип жыйындарды уюштурушат.

Ошондой жыйындардын биринде Алсынов келгиндер, татарлар, орустар, армяндар же борборазиялыктар болобу, бир күнү өз жерлерине кайтышат, башкырлардын барар жери жок деп айткан. “Кара халык” дегендин биздин тилде эч кандай кемсинткен жери жок. Керек болсо өзүбүздү да кара халык деп атайбыз. Баймактагы акцияда “Биз - кара халыкпыз” деген ураанды чакырып турушту. Алсыновдун башкырча сөздөрүн бурмалап салышкан. Жана аны айып тагуу үчүн жүйө кылып алышкан, башка улуттардын өкүлдөрүн жумурияттан кууп чыгыш керек деп айткан деген күнөө тагышкан.

Башкырстан: Митингчилер менен полиция кагылышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:09 0:00

- Радиобуздун татар-башкыр редакциясы Украинадагы согушта Татарстандан жана Башкырстандан канча киши каза тапканын тактап келатат. Алардын маалыматына караганда, калкы 4 миллиондон бир аз ашкан жумурияттан 1357 киши майдандан кайтпаптыр. Кечээ эле бир кишиге азыраак болчу. Чакан улуттардын басмырлануусу канчалык байкалганын Башкырстандын мисалында айтып бересизби?

- Аз улуттардын өкүлдөрүн согушка көбүрөөк салып жатышканы айдан ачык. Себеби алар байырлаган жерлердин баарында жашоо шарты абдан оор. Борбордук бийлик бизди өз колониясындай эле көрөт деп кайталай кетет элем. Башкырлардын көбү өз жеринде иштебестен, Орусиянын түндүгүнө жумушка жалданып кетүүгө аргасыз. Жумурияттын башчысы эмгек мигранттарын кайтарууга, жумуш орундарын түзүүгө убада кылганы менен, абал өзгөргөн жок. Ушул эле себептен улам, башкача айтканда, бир аз тыйын табуу үчүн башкырлар согушка кетүүдө. Буга кошумча жетекчилик кеңири пропаганда жүргүзүп келатат. Майданда алдыңкы катарда согушпайсыңар, көп акча аласыңар, баргыла, жумурият силерди колдойт деп тил эмизишет. Натыйжада табыттар кайтып келүүдө. Эл мунун бардыгын көрүп, түшүнүп жатат.

- Ал эми башкырлардын маданиятын, тилин сактап калууга шарт канчалык түзүлгөн?

- Мен алдыда аймактын башчысы Радий Хабировдун жумурияттын деңгээлинде жүргүзгөн саясатын айтып өттүм. Ал эми жалпы Орусиянын алкагында улуттук жумурияттардын, чакан элдердин кемсинтилишин байкоого болот. Путин бийликке келген 2000-жылдан бери жумурияттардын укуктары барган сайын чектелип баратат. Президент федеративдик келишимдерди узартуудан баш тартты. Аймактардын улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алган баш мыйзамдарды Орусия федерациясынын конституциясына, башкача айтканда, бирдиктүү стандартка ылайыкташтырып өзгөртүштү, кайра жазып чыгышты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы экзаменди жалаң орусча тапшырып калышты. Биз мурда алгебра, геометрия, физика өңдүү так предметтерди 11-класска чейин башкырча окусак, учурда алыскы элет жериндеги кичинекей айылдарда да балдар башкыр тилинде 5-класска чейин эле окушат. Себеби андан кийин окуучуларды жалпы тестирлөөгө даярдаш керек болот.

Башкырлар эне тилин жоготуп жатат, алар ассимиляцияланып баратат. Ушул жана башка улуттук кызыкчылыктар маселесин козгогон активисттер куугунтукталууда. Путин 2017-жылы Орусиядагы башка элдердин тилдерин мектептерде милдеттүү окутууга каршы оюн айткан. Ошондон бери башкыр тилин каалагандар атайын арыз жазып гана окушат. Башкача айтканда, укуктарыбыз тебеленип жатат. Эртедир-кечтир ушундай нааразылыкка алып келет болчу.

XS
SM
MD
LG