19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү. Ага чейин АКШ - Борбор Азия саммитине катышты.
Бул аптада Нью-Йоркто дүйнө лидерлери чогулуп, адамзатты түйшүккө салган саясий, экономикалык, экологиялык, социалдык жана гуманитардык маселелерди талкуулап жатат.
Бул ирет Нью-Йорктогу дагы бир маанилүү окуя - АКШнын президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев катышты.
Байден биринчи саммитти ачып, аны "тарыхый учур" деп сыпаттап, Вашингтондун чөлкөм менен кызматташтыгы жаңы бийиктикке чыгып жатканын айтты.
"Борбор Азия жана Кошмо Штаттардын бир топ жылдык тыгыз кызматташтыгы биздин жалпы баалуулуктарга – эгемендикти, көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү туу тутууга негизделген" - деди америкалык лидер.
“Биринчиден, биз контртеррордук кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз. Анын ичинде Борбор Азияга АКШнын коопсуздук тармагындагы каржылоосун көбөйтүү маселеси бар. Мисалы, дипломатиялык аракеттерибизди бекемдөө жана өнүгүү максаттары үчүн жеке секторубузду жакшыраак байланыштыруу үчүн жаңы бизнес платформасын түзүп жатабыз. Ошондой эле биз алдыдагы жылдарда энергетикалык коопсуздугубузду жана камсыздоо булактарын күчтөндүрүү үчүн зарыл минералдык ресурстар тууралуу жаңы диалог куруу потенциалын талкуулап жатабыз. Үчүнчүдөн, биз майыптардын укугу боюнча жаңы демилге баштаганы турабыз” - деген Байден кийинки кездешүү беш өлкөнүн биринде өтөрүн ишарат кылды.
Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Дипломатиялык бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарыл экенине токтолду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров кен жана энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине да токтолуп, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин региондогу катышуусун жактай турганын айтты.
"Биз "жашыл" экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз", - деди Жапаров.
Жапаров Борбор Азиядагы коопсуздукту Ооганстандагы кырдаалдан бөлүп талкуулоо мүмкүн эместигине да токтолду. Буга байланыштуу Кыргызстан Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук орношуна жана бул өлкө менен жакшы коңшулук алакаларды сактоого кызыкдар экендигин билдирди.
C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр талкууланат. Ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформаларга басым жасалат.
Алгачкы C5+1 саммити башкы дипломаттардын деңгээлинде 2015-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.
АКШ - Борбор Азия: Жаңы стратегиянын өзөгү
АКШдагы Питтсбург университетинин башкаруу жана рынок борборунун директору Женнифер Брик Муртазашвили "Борбордук Азия - "Евразия суперконтинентинин жүрөгү" жана Вашингтонго аны менен дал ушул контекстте, принципиалдуу жаңы стратегиянын негизинде карап, мамиле түзө турган убакыт келди" деп эсептейт.
"АКШ акыры келип аларга Борбор Азияга багытталган жаңы, олуттуу стратегия керек экенин түшүндү", - дейт эксперт.
Муртазашвилинин айтымында, мурда стратегиялардын көбү Ооганстандагы кырдаал аркылуу каралып келген.
"АКШнын стратегиясын окусаңыз эле ал Борбор Азиянын өзүнө эмес, Ооганстанга жардамчы стратегиядай сезилчү".
Муртазашвили Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин Борбор Азиянын өзгөчө аймак катары мааниси артканын да белгилейт.
"Акыркы эки жылда АКШ [Ооганстан жана Украинадагы согуштарды эске алганда] туш болгон эң маанилүү эки тышкы саясий чакырык жөнүндө сөз кыла турган болсок, Борбор Азия бул эки окуянын тең чордонунда болду".
Эл аралык эксперттер Борбор Азия жөнүндө кеп кылганда Кытай менен Орусиянын атаандаштыгы тууралуу факторду козгошот.
"АКШнын аймактагы ролу өтө маанилүү. Бирок бул Путиндин жана Си Цзинпиндин кадамдарын туурагандай болуп калат, анткени эми АКШ ушундай форматта жолугуп жатат. Албетте, ага карата реакциялар болбой койбойт. Бирок айтылган сөздөрдү ынандырууга анын артынан иш-чаралар керек. Бул иш-аракеттердин көпчүлүгү эки тараптуу кызматташтыкка негизделерине шек жок, анткени [аймакта] көп тараптуу уюмдар жокко эсе", - деди Муртазашвили "Азаттык" менен болгон маегинде.
Кыргызстандын Вашингтондогу мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов АКШ - Борбор - Азия саммити өз ара кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат деген көз карашы менен бөлүштү.
"Бул аймактагы мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен болгон кызматташууга жаңы дем-күч киргизет. Москвага мындай жолугушуу жакпайт, мурда да жаккан эмес. Мен АКШда элчи болуп иштеп турганда Орусия тараптын кызыгуусу, кызгануусу дайыма сезилип турчу. Бул эч кимге жашыруун эмес. "АКШ+Борбор Азия" саммитин алар Орусияга каршы деп ойлошот. Бирок расмий Вашингтон мындай формат эч убакта Кремлге каршы багытталбаганын, аймактагы беш мамлекет көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүүгө өздөрү эгедер экенин дайыма баса белгилеп келатат", - деди экс-элчи Токтогулов.
Адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү
БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында уюштурулган бул саммит борбор азиялык активисттердин Нью-Йорктогу нааразылык акциялары менен коштолду. Мекенинен чыгып кеткен активист Тилекмат Кудайбергенов баштаган бир нече киши “Кемпир-Абад иши” сыяктуу ар кыл кылмыш иштери боюнча кармалган же соттолуп жаткан саясатчыларды жана активисттерди бошотуу талабы менен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинин алдында пикет өткөрүштү.
Human Rights Watch уюму АКШ президенти Жо Байденге кайрылып, Борбор Азиянын лидерлери менен жолукканда чөлкөмдөгү адам укуктары, сөз эркиндиги, жарандык коомду колдоо маселелерин кабыргасынан коюуга чакырган. Уюм аймакта авторитардык режим күчөп, барган сайын адамдын фундаменталдык эркиндиктери чектелип баратканын белгилеген.
Бирок Нью-Йорктогу жыйында бул маселе козголдубу же жокпу белгисиз.
Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаровдун пикиринде Вашингтондун азыркы администрациясы адам укуктары, демократияга байланыштуу маселелерге караганда "чөлкөмдөгү реформага багытталган аракеттериңерди колдойбуз" деген өңүттө сөз кылат.
“Азыр АКШнын жетекчилиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигинин алгачкы жылдарында колдонулган ыкмаларга кайтып бара тургандай абалда эмес. Анда Батыш өлкөлөрү жаңы эле көз карандысыздыгын жарыялаган Борбор Азия мамлекеттерине келип, дарс окуган көрүнүштөр, маселени көзгө сая көрсөтүп, “тигил же бул жакта көйгөй бар, силерде адам укуктары жана басма сөз эркиндиги сакталбайт” деген өңүттөгү билдирүүлөр өтө кеңири жайылган эле. Бул жагдай АКШнын региондогу таасиринин азайышына түрткү берди. Борбор Азия өлкөлөрүндө Вашингтонго карата кандайдыр бир апатия, ишенбестик пайда болгон," - дейт эксперт.
Борбор Азия - атаандаштыктын аймагы
Нью-Йорктогу саммит Орусиянын Украинадагы согушу уланып, АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштык өкүм сүрүп жаткан маалда өттү. Буга чейин айрым орусиялык басылмалар бул саммитти Вашингтондун Москванын "өнөктөштөрүнө басым көрсөтүү аракети" деп да сыпаттап ийген. Ак үй бул сыяктуу дооматтарды четке каккан.
Быйыл май, июнь айларында Борбор Азиянын президенттери чогуусу менен Орусиянын, Кытайдын жана Европа Биримдигинин жетекчилери менен ар түрдүү форматта жолугушту.
Алгач 9-майда чөлкөмдүн лидерлери жана Беларустун авторитардык жетекчиси Кремлдин чакыруусу менен Москвада Жеңиш майрамына катышкан. Украинага кол салгандан кийин дүйнөнүн күчтүү мамлекеттеринин санкциясына кабылып, тышкы саясатта чүнчүп турган Москва үчүн ал жыйын Борбор Азиядагы таасирин кармап калуу аргасы катары бааланган болчу.
18-19-майда чөлкөмдүн лидерлери “Кытай-Борбор Азия” саммитине катышты. Бээжин аймактагы мамлекеттер менен мамиленин “жаңы доорун” баштаганын жарыялаган. Жыйындын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Борбор Азияга жалпысынан 26 млрд. юань же 4 млрд. доллар кайтарымсыз насыя бере турганын, мындан тышкары, чөлкөмдүн мамлекеттери менен түзүлгөн келишимдердин алкагында Бээжин жалпысынан Борбор Азияга 50 млрд. доллар инвестиция салмакчы болгонун айткан.
Ал эми 2-июнда Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел катышты.
Мишел жолугушууда “саммит оңой эмес мезгилде өтүп жатканын, Орусиянын Украинага ачкан согушу боюнча аймактагы мамлекеттердин позициясы ар кандай экенин билерин жана аны сыйлай турганын” билдирген. Ал ошондой эле Батыштын Москвага салган санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшкөндөрго чара көрүүлөрүн дагы эскерткен.
Кыргыз - Америка алакасы кыр ашабы?
Быйыл 28-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугуп, тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелердин келечектүү багыттарын талкуулашкан.
“Тараптар Борбор Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин баса белгилешти. Америкалык тарап Кыргызстандын аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору болгон мамлекет аралык чек ара маселелерин чечүү аракеттерин кубаттады” - деп билдирген Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси.
Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирген.
АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгону маалымдалган.
Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.
Саясат таануучусу Эдил Осмонбетов Украинада уруш жүрүп жаткан маалда Кыргызстан үчүн тышкы багытын жакшылап жолго салып, АКШ менен кызматташтык боюнча келишимди кайра жандандыруу зарыл деген көз карашта:
“АКШнын дүйнөдө таасири эбегейсиз, ал глобалдык деңгээлдеги держава. Ал мамлекет менен жакшы мамиледе болсок биздин бир катар ички, тышкы маселелерибиз, эгемендик, коопсуздук көйгөйлөрү өзүнөн өзү чечилет. Бир жагынан азыркы тапта Кыргызстан тышкы саясатын көп векторлуу багытта туура эле жүргүзүп жатат. Биз Кытай, Орусия менен, Европа Биримдиги менен сөзсүз кызматташыбыз керек. Ошол эле маалда тышкы саясатта чоң көйгөй бар – АКШ менен жогорку деңгээлде мамилебиз жок, анткени башкы келишимибиз жок. Ушул маселени чечиш керек, 32 жыл ичинде АКШ Кыргызстанга өтө көп жардам берген. Жарандык коомду колдогон, экономиканы сүрөгөн, өлкөгө оор учурларда гуманитардык жардамын аяган эмес”.
АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин терроризмге каршы глобалдык алкактагы күрөшүн колдоо максатында америкалык аскердик аба базасы Бишкектин “Манас” аэропортуна жайгашып, ал 2014-жылы июлда өлкөдөн чыгарылган болчу.
АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет гана эмес, ири донорлордун бири. Вашингтондун расмий маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери ар кандай өнүгүү программаларына АКШдан 2 миллиард доллардан ашуун жардам алды.