Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргыз экспортундагы жаңы базарлар: Түштүк Азия жана Европа


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстан 2022-жылдын тогуз айында экспорттук багытынын географиясын Кытай, Түштүк Азия жана Европага карай бир кыйла кеңейтти. Экспорттук товарлардын тизмесинде жаңы өндүрүмдөр пайда болду. Адистер мындай көрүнүштү орус-украин согушу жана геосаясий кырдаалга байланыштырууда.

"Элдик экономика" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында өлкөнүн тышкы экономикалык алакасынын экспорттук багытына көңүл бурдук.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстандын экспортунда Орусия 35,6%, Казакстан 24,7%, Өзбекстан 11,6%, Түркия 7,3%, Бириккен Араб Эмирликтери 5,2% ал эми Кытай 3,4% үлүштү ээледи.

Экспорттук товарлардын 9,5% кийим-кечекке, 8,2% баалуу металлдардын рудасына, 6,1% электромашина жана жабдыктарга, 5,9% жашылча жана жер-жемиштерге, 5% жез сыныктары менен калдыктарына, 4% мөмө-жемиш жана жаңгакка, 3,7% жол транспортуна жана алардын тетиктерине, 3,2% пластик буюмдарга, 3,1% мал-жандыкка туура келет.

Мындан тышкары, жабдыктар, сүт азыктары, бут кийим, айнек буюмдары, пахта буласы, керамика буюмдары, цемент, көмүр, нан жана ун азыктары өңдүү товарлар да бар.

Мекеменин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов 2022-жылдын тогуз айында өлкөнүн экспорту кыйла кыскарып, импорттун көлөмү өскөнүн маалымдады.

"Январь-сентябрь айларында республиканын тышкы соодасынын көлөмү 80,3 млрд. долларды түзүп, былтыркы ушул мезгилге караганда 35,9% өстү. Экспорт 38,8% азайды. Ал эми импорт 80% көбөйдү. Экспорттун көлөмүнүн кыскарышы тамеки жана андан жасалган товарлардын, кара жана баалуу металлдын, айнектин, цементтин, сүт азыктарынын, ошондой эле ун жана кондитер азыктарынын экспортунун азайышына байланыштуу болду. Ошол эле маалда бут кийимдин, малдын, булгары буюмдарынын, жабдыктар менен механикалык түзүлүштөрдүн, мөмө-жемиш менен жаңгактын, электр машиналарынын, көмүрдүн жана керамикалык буюмдардын экспорту өстү".

Экспорттун көлөмү Евразия экономикалык биримдиги менен 45% өсүп, уюмга кирбеген үчүнчү өлкөлөр менен 68,5% азайган. Ал эми КМШ өлкөлөрүнө экспорт 35,3% көбөйүп, андын тыш өлкөлөр менен 76,5% кыскарган.

2022-жылдын сегиз айында Кыргызстандын экспорттук багытында мунай, мал, буурчак, баалуу металлдар рудасы, көмүр жана смартфондор басымдуу болду.

Мунай экспортунун көбөйүшү жана анын түшүндүрмөсү

Кыргызстан 2022-жылдын январь-август айларында сырттан 622 млн. долларлык мунай өндүрүмүн импорттогон. Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, мунай өндүрүмүнүн 93%, бензиндин 97% импорту Орусияга туура келет.

Бул жылы Кыргызстандын мунай экспортунун көлөмү менен географиясы бир кыйла кеңейди. 2022-жылдын статистикасы көрсөткөндөй, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстан жалпы суммасы 90 млн. ашык долларга мунайзатын экспорттогон.

Жалпы экспорттун 43% же 60 миң тонна керосин Түркияга 39 млн. долларга сатылган. Бул былтыркы көлөмгө караганда беш эсеге көп. Кытайга 11 млн. долларга 11,3 миң тонна керосин экспорттолгон, бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Ал эми мунай экспортундагы лидер өлкөлөрдүн үчүнчүсү – Мальта Республикасы. Ага 8,1 млн. долларга 27,3 миң тонна мазут экспорттолгон. Расмий статистика көрсөткөндөй, бул көлөм Мальтага соңку үч жылда (2019-2021-жыл) экспорттолгон мунайдын суммасын чогуу эсептегенден да дээрлик 4,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, Кыргызстан сегиз айда бир катар Европа жана Араб өлкөлөрүнө керосин менен мазут экспорттогон. Алардын ичинде Бельгия (5 миң тонна керосин), Греция (2,6 миң тонна мазут), Нидерланды (1,7 миң тонна керосин жана 7 миң тонна мазут), Румыния (4,7 миң тонна мазут), Гонконг (1,4 миң тонна керосин), ал турсун мунайга бай Кувейт (1,5 миң тонна керосин), Сауд Арабиясы (951 тонна керосин), Бириккен Араб Эмирлиги (2,3 миң тонна керосин) жана Өзбекстан (8,3 миң тонна мазут) бар. Буга чейин ири көлөмдө мунай алып турган Италия менен Тажикстанга 2022-жылы экспорт токтогон.

Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жүзүмалиев мунай экспортундагы көрүнүштүн себебин мындайча түшүндүрдү:

"Отун-энергетикалык ресурстар боюнча Орусия менен индикативдик баланс түзүлгөн. Ага ылайык, энергоресурстарды экспорттук төлөмсүз алабыз, бирок келишимдин негизинде бензин менен дизель отунун үчүнчү мамлекеттерге сата албайбыз. Ал эми, авиаотунду экспорттой алабыз, негизги берене ошол болуп саналат. Биздин "Манас" аба майданына учактар келип конуп, авиаотун куюп алганда ошол экспорт болуп саналып калат. Авиакеросиндин суммасы 90 млн. болгону ошондон болушу мүмкүн".

Деген менен, Мальтага 27,3 миң тонна, Грецияга 2,6 миң тонна, Нидерландыга 7 миң тонна, Румынияга 4,7 миң тонна жана Өзбекстанга 8,3 миң тонна мазут экспортунун негизи түшүнүксүз болуп турат.

Өзбекстанга сатылган мал-жандык

2022-жылы Өзбекстанга майда мал-жандык адаттан тыш көп сатылды. Статистика көрсөткөндөй, сегиз ай ичинде Өзбекстанга 25 млн. долларлык 162 миңдей кой-эчки экспорттолгон. Анын 151 миңден ашууну кой жана 5,5 миңи эчки, калганы бодо мал. Салыштыруу үчүн карасак, Өзбекстанга 2021-жылы 2,8 млн. долларлык, 2020-жылы 5,1 млн. долларлык, ал эми 2019-жылы 667 миң долларлык кой-эчки экспорттолгон.

Эт сатып иштеген ишкер Нурбек быйыл Өзбекстанга мал адаттан тыш көп сатылганын айтты.

"Өзбекстанга быйыл койду сүрүп эле айдап кетип атат. Башында семиз мал кирген. Бодо мал да, майда да жандык да текши кирип атты. Негизинен Аксыдан кирип жатты. Өзүбүздөн да кирип атты, башка жактан келип транзит өтүп да жатты. Өзбекстан жарандарына "ар бир үй-бүлөдө жок дегенде жыйырмадан тоок болсун" деп көп насыя берип салбадыбы".

Айыл чарба министрлигинин түшүндүрүүсү боюнча 2021-жылдын декабрь айында мал-жандыкты экспорттоого салынган бөгөт алынып, ушул жылдын март айында эттин экспортуна тыюу салынган. Ошондон кийин Өзбекстанга сатылган бодо жана майда малдын көлөмү кескин өскөн.

Ооганстан, Ливан, Иран, Сирияга буурчак

Кыргызстан соңку сегиз айда Ооганстанга 18 миң тонна, Ливанга 5,4 миң тонна, Сирияга 4,6 миң тонна, Сербияга 3,6 миң тонна жана Иранга 3,1 миң тонна буурчак (горох) экспорттоду.

Ооганстан, Сербия жана Сирияга жасалган буурчак экспортунун көлөмү мурунку жылдын январь-августуна салыштырганда 81 пайыздан эки эсеге чейин көбөйгөн. Иранга 27 эсе өссө, Ливан багыты жаңы ачылган.

Ошол эле маалда, мурда буурчакты жакшы алып келген Түркия, Орусия, Болгария жана Македонияга кетип жаткан экспорттун көлөмү 15 пайыздан 35 пайызга чейин кыскарган.

Айыл-чарба министрлигинин Агрокластерлерди өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Айдана Багышова соңку кездери кургатылган жемиштердин экспортунда жаңы багыттар өздөштүрүлүп жатканын билдирди.

"Кургатылган мөмө-жемиштин экспорту боюнча бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдүн эле эмес, Иран, Ирак, Латвия өңдүү ырааккы өлкөлөрдүн базарлары да өздөштүрүлүүдө. Биздин экспортер компаниялар менен кургатылган өндүрүмдөрдү чыгарган ишканаларыбыз келишимдерди түзүп, жаңы базарларга чыгып жатышат".

Кытайга баалуу металлдар, Европага көмүр, Арабияга смартфон

Баалуу металлдар рудасы 2022-жылдын январь-август айларында негизинен Казакстан менен Кытайга экспорттолгон. Казакстанга экспорттолгон баалуу металлдар рудасынын сегиз айдагы көлөмү 71 миң тоннаны түзүп, былтыркы ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн 20% азайган.

Ал эми Кытайга экспорттолгон руданын көлөмү былтыркы январь-август айларына салыштырганда 9,4 эсеге өскөн.

2022-жылы көмүрдүн экспорттук географиясы да жаңы рынокторду ачты. Мурда дээрлик сатылбай келген Кытайга 40 миң тонна, Румынияга 38,6 миң тонна жана Польшага 17,1 миң тонна көмүр экспорттолгон. Өзбекстан 700 миң тонна сатып алып, лидерлигин сактап калган.

Кырызстан соңку эки жылдан бери Бириккен Араб Эмирликтерине смартфонду ири көлөмдө экспорттоп келет. 2021-жылы 40,8 млн. долларлык 319,4 миң даана, 2022-жылдын сегиз айында 42,8 млн. долларлык 260 миң даана уюлдук телефон экспорттолгон. Адатта Кыргызстанга смартфондордун 80% ашууну Кытай менен Вьетнамдан, дагы 15% жакыны Индиядан, Орусиядан, Казакстандан жана Түштүк Кореядан импорттолуп, жалпы суммасы 140 млн. долларды чамалайт.

Анын үчтөн бир бөлүгү кайра Бириккен Араб Эмирликтери менен Өзбекстанга экспорттолуп кетет. Бириккен Араб Эмирликтерине смартфондун реэкспорту 2021-жылдын январь-август айларына караганда эки эсеге көбөйгөн.

Айта кетүүчү жагдай, уюлдук телефондор кош милдетти аткарган товар болуп эсептелет. Анын чиптерин жана тетиктерин курал-жарак жасоо үчүн да колдонууга болот. Андыктан Европа смартфондорду Орусияга экспорттобоо сунушун берген.

ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу Орусия менен Украинанын согушунун кыргыз экономикасына тийгизген таасирин айтып берди.

"Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш чынында биздин чөлкөмгө өзгөчө таасир этти. Анткени Кыргызстандын экономикасы түздөн-түз Орусияга көз каранды. Кыргызстанга келген көп жүктөр Орусия аркылуу келчү. Азыр эми ошол чынжырча үзүлүлүп, жаңы жолдорду издеп атабыз. Мисалы, ошол эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, андан тышкары дагы башка альтернативдүү жолдорду издеп, бизге товарды дагы да тез алып келүүнүн жолдору каралып атат. Ошол эле учурда жаңы рынокторду дагы карап аткан ишкерлер көп. Мурда биздин ишкерлер Кыргызстандан товар чыгарып, ошону экспорттоого басым жасап келген болсо, азыр жаңы тенденция пайда болду. Бул – онлайн платформалардын алкагында Кыргызстанда туруп Кытайдан товар алып Америкага, Европанын рынокторуна саткан тенденция өтө тез темпте жылып атат. Бул багытта иш алып барган ишкерлер дагы көп".

Кыргызстан жүк ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, өлкө экспортунда автотранспорт менен жүк ташуу алдыңкы орунда турат. Жүктүн 90% ашууну оор жүк ташуучу унаалар менен ташылат жана алар негизинен Европа өлкөлөрү менен Орусияга кетет.

"Кыргызтемиржолу" ишканасы "2022-жылдын тогуз айында темир жол менен 950 318 тонна жүк ташылганын" билдирет. Алар көбүнесе Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Түркияга ташылган. Ал эми Жарандык авиация агенттигинен билдиргендей, 2022-жылдын 10 айында эл аралык авиажүк ташуунун көлөмү 31 млн. 662,1 миң тоннаны түзгөн. Авиажүк ташуунун негизги багыттары Азербайжан, Бириккен Араб Эмирликтери, Түркия жана Кытай болуп эсептелет. Пандемиядан бери аватранспорт менен жүк ташууга суроо-талап өсүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG