Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Евробиримдик экономиканы демократия менен чогуу карайт


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Европа Биримдигинин төрагасы Шарль Мишель - 27.10.2022
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Европа Биримдигинин төрагасы Шарль Мишель - 27.10.2022

Кыргыз бийлиги Европа Биримдигине транспорттук ири долбоорлорду ишке ашырууну жана "ВСП+" макамын узартууну сунуш кылды. Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстан менен кызматташуу келишими даярдалып жатканын билдирди.

Европага Кыргызстандан көбүнчө чийки заттар, "био", "эко" стандарттарга жооп бере турган өндүрүмдөр экспорттолот. Атамекендик өндүрүмдөрдү Европа рыногуна экспорттоонун так эрежелери бар.

Кызматташтыктын шарттары

Астана саммити Кыргызстанда 20дан ашык саясатчы жана активист камалып, "Азаттыктын" сайты эки айга бөгөттөлүп, сөз эркиндиги темасы кызуу талкууланып жаткан учурда өттү.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүк келишими көп жылдан бери талкууланып, даяр болуп калганы менен өлкөдөгү соңку "саясий кырдаалдан" улам кол коюлбай келгенин белгиледи.

"Евробиримдик же башка демократиялык, укуктук негизде байланган шериктештиктер үчүн Кыргызстан сыяктуу өнөктөштөр менен жигердүү, байма-бай иштешүүнүн маанилүү шарттарынын арасында демократияга, адам укуктарына, жарандык коомго жана сөз эркиндигине болгон мамиле чоң мааниге ээ. Бизде, менин байкашымча, көбүнесе мамлекет тарабынан экономикалык инвестиция берсеңер болду, башкасын талап кылбагыла деген мамиле бар. Бизде болуп өткөн соңку окуялар, жарандык активисттерди жапырт камоолор, сөз эркиндигине болгон доолор боюнча (Астанадагы жолугушууда – ред.) кайсы бир деңгээлде сүйлөшүү болсо керек. Бирок, бизде ошондой маселелер жаралып турганда, анан жөн кала бербей, ушундай кейиштүү окуялар, чечимдер регулярдуу түрдө орун алып турганда, жакшыртылган, маанилүүрөөк келишимдерге кол коюу бир аз басаңдап калууда".

Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитетинин жетекчиси Динара Ошурахунова Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууда сөзсүз демократияны өнүктүрүүгө кызыкдар деген ишенимде.

"Евробиримдикте дайыма демократиялык өлкөлөрдө демократия кантип өнүгүп атат, кандай кадамдар жасалып атат, мыйзамдуулук, сөз эркиндиги кандай, эркин медиалар менен жарандык коомдун өнүгүүсүнө кандай салым кошулуп атат деген талкуулар сөзсүз болот. Кыргызстан кошулгандан кийин демократияны өнүктүрүү боюнча өзүнүн салымын, кандай кадамдарды жасап атканын айтышы керек. Албетте, Евробиримдиктин комитеттери, депутаттары баары тең ошого чоң көңүл буруп турат. Эгерде жарандык коомдон же башкалардан кандайдыр бир коңгуроолорду алса, анда алар аны Кыргызстандын өкмөтүнүн алдына коёт".

Садыр Жапаров менен Шарль Мишель
Садыр Жапаров менен Шарль Мишель

27-октябрда Астанада өткөн саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров менен Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель жолугушту.

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия чөлкөмү адам укуктары, суу жана энергетика, жарандык коом, тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, санариптештирүү, ишкердик чөйрө жана адам мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жаатында Европа Биримдигинен колдоо алып келатканын белгиледи.

"Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө катары бүгүнкү күндө өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантууда. Коңшу мамлекеттердин катышуусунда темир жол транспорту тармагындагы ири долбоорду – "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу мерчемделүүдө. Биз транспорт тармагындагы башка дагы ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты да, Борбор Азия чөлкөмүнүн алкагындагы кызматташтыкты да өнүктүрүүгө чоң салым кошот".

Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими даярдалып жатканын белгилеп, өз ара кызматташуу үчүн Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даяр экенин айткан.

"ВСП+" статусунун жоопкерчилиги

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушуда Жапаров 30 жылдык кызматташуунун алкагында Евробиримдик Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшүнө айланып, алдыңкы донорлорунун бири болуп калганын белгилеген жана Кыргызстанга "ВСП+" макамын узартуу маселесин козгогон.

Кыргызстан Европа Биримдигинин преференциялардын жалпы тутумуна (ВСП+) 2016-жылдын 27-январында кошулган. Тутум өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында бажы алымдарын жоюуну караган соода саясатынын инструменти болуп саналат.

Аталган системанын алкагында Кыргызстандын 6200 товардык позициясына бажы төлөмдөрү жоюлуп, макулдук документтерин даярдоодо да "жумшак" режим колдонулат.

ВСП+ преференциясына тиешелүү товардык позицияларга мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, текстиль, мал чарба өндүрүмдөрү, тамак-аш азыктары жана химиялык каражаттар кирет. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын Евробиримдикке экспортунун негизги позицияларына төө буурчак, кийизден жасалган буюмдар, текстиль, козу карындар, дары чийки заттары (мумиё, БАД), алма, табигый май (жаңгак, бадам), кургатылган буурчак өсүмдүктөрү, түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары кирет.

Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев айыл чарба товарларын Европага экспорттойт. Ал преференциялардын жалпы тутумунун жеңилдиктерин колдонгон саналуу ишкерлердин бири.

"Биз өндүрүмдү бул жактан кандай алсак, ошондой чийки бойдон алып барабыз. Экинчиден, ошол чийки өндүрүмдү алып барыш үчүн евростандартка шайкеш келе турган толгон-токой тастыктама процедуралардан өтөбүз. Бул дагы акча. Азыркы учурда логистика менен транспорт эле биздин кирешенин 30% алып коюп атат. Андан тышкары, ал жакта кайра иштетүүчү ишканаларга төлөйбүз. Аягында көп кирешебиз кемип калат. Түз темир жол байланышы жок. Аба аркылуу жүк ташуу аябай кымбат. Эң көп колдонулганы автоунаа менен болчу, ал геосаясий кырдаалдан улам эки эсе кымбаттап кетти. Мисалы, мен ишкердик кылган Чехиядан Кыргызстанга чейин бир чоң унаа менен жүк алып келсем, ашып кетсе жети миң евро төлөчүмүн. Азыр согуштун айынан Орусия, Украина аркылуу өтө албай турат. Түркия, Азербайжан, Каспий деңизи аркылуу келип, бир автоунаа үчүн орточо 16-17 миң евро төлөнүп атат. Ушинтип логистикага кеткен чыгымдар эки эсе ашып кетти".

Жаанбаев Кыргызстандагы логистикалык инфратүзүмдүн өнүкпөгөнүнүн, пандемияга жана соңку мезгилдеги геосаясий кырдаалга байланыштуу кыргыз ишкерлери үчүн Европа чөлкөмүнө экспорттоо иши кыйла басаңдап калганын айтууда.

Кыргызстандан Европага көбүнчө чийки заттар экспорттолот. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан "био", "эко" стандарттарга жооп бере турган өндүрүмдөр чыгат. Атамекендик өндүрүмдөрдү Европа рыногуна экспорттоонун так эрежелери бар.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-август айларында 1 млрд. 190 млн. доллар болгон. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 15,5% өсүүнү көрсөтөт. Товар жүгүртүүнүн ичинен экспорт 445,4 млн. долларды түзүп, 13,4% өскөн.

Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жүзүмалиев Европа өлкөлөрү менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүнүн шарттарына токтолду.

"ВСП+ макамын узартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Өзүңүз билгендей, ВСП+ макамын Европа Биримдиги өнүгүп келаткан өлкөлөргө берет. Бирок бергенден кийин өзүнүн шарттары бар. Ар кандай ковенцияларды өзүбүздүн мойнубузга алып, ратификациядан өткөргөнбүз. Ал конвенциялар адам укуктары боюнча конвенциялар. Ошол конвенциялар боюнча жооп беришибиз керек".

Экономикалык серепчи Денис Бердаков Европа өлкөлөрү экономикалык кызыкчылык үчүн "демократиялык баалуулуктарды аттап кетпейт" деп эсептейт.

"Евробиримдиктин кызыкчылыгы кайда болбосун, биринчи кезекте, соода-экономикалык келишимдерди чыңдоодо болсо, экинчиден, демократиялык институттарды колдоо болуп эсептелет. Бул абдан маанилүү маселе. Экономика өнүгүшү керек, бирок ал демократияга зыяны тийбеши керек".

"ВСП+" тутумуна кошулган өлкөлөргө бир катар маанилүү талаптар коюлат. Тутумдун катышуучусу катары Кыргызстан адам жана эмгекчилердин укуктары, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы 27 конвенцияны ратификациялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG