Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Алгачкы кышкы жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жарыяланды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу кышында да жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына 17-октябрда жарыяланган маалыматка караганда, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу үчүн тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү уюштурулат. Мында келишимдик негизде окуй турган гана абитуриенттер тандалат.

Тестирлөөгө катышууну каалагандарды каттоо онлайн режимде 17-27-октябрь күндөрү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарында өтөт. Ага орто жана орто кесиптик билими барлар, быйылкы окуу жылында окуп жатпагандар катышса болот.

Кыргызстанда 70тей жогорку окуу жайында 200 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Адатта жалпы республикалык тестирлөө жайында уюштурулуп келет. Быйыл анын негизги этабы 24-28-май күндөрү өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG