Жай мезгилинде балдар үчүн эс алуу лагерлеринен бөлөк диний лагерлер да ачылып, иштей баштады. Алардын жетекчилери мындай түрдөгү лагерге ата-энелердин талабы күч экенин, балдарга адеп-ахлакты үйрөтүп, диний маалыматтар берилерин айтышат. Бирок алардын ишмердигинде мамлекеттик талаптар сакталбаган учурлар да бар.
Бишкектин чет жакасындагы окуучулар үчүн лагер деп ачылган жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 13-июнда диний уюм катары өткөн. Бирок билим берүүгө уруксат кагаздарын, лицензиясын көрсөтө алышкан жок. Уюштуруучулардын айтымында, лагер ата-энелердин суроо-талабы менен быйыл алгачкы жолу иштеп баштаган.
"Хадис жатташат, адеп-ахлакты үйрөнүшөт"
Лагерде негизинен кыздар кабыл алынып, алардын диний сабатын жоюуга басым жасалат. Учурда бул жайда 9дан 17 жашка чейинки 60тай кыз тарбияланууда. Лагердин уюштуруучулары негизги максат салттуу исламга туура келген диний багытка жаштардын көңүлүн буруу, ошого жол көрсөтүү экенин айтышты.
Тарбиячылардын бири Мухаббат Сулайманова мындай аракет менен өспүрүмдөрдүн коомдогу терс көрүнүштөргө аралашуусун алдын алып жатканын билдирди.
"Диний тарбия бергенибиз жакшы да. Ата-энесин таштап коюп, укпай, бакпай кеткендер толтура. Балдардын телефондон башы чыкпай жатканын, окубай, китеп карабай калганын айткан ата-энелер канча? Илим алсын, динде тарбиялансын деген эле максатыбыз бар".
Лагерде 15 күндүн ичинде кыздар намаз, куран окуганды үйрөнүп, дубаларды жатташат. Диндин эрежелери менен таанышат. Уюштуруучулар кыздарга ата-энени сыйлоо, урматтоо, туура тамактануу, тазалыкка байланыштуу түшүнүктөр үйрөтүлөрүн айтышууда. Мындан сырткары түрк, англис жана араб тилдери окутулат.
Дагы бир тарбиячы Радия Ташбекованын айтымында, лагерге келгендердин баары эле мурда намаз окуп, диний чөйрөгө аралашып жүргөндөр эмес.
"Лагердин имараты үч кабаттан турат. Экинчи кабатта үч класс бар. Азыр Куранга киришерден мурун араб арибин үйрөнүп жатышат. Мындан сырткары алар бул жерден хадис жатташат, адеп-ахлакты, тамактануунун эрежелерин үйрөнүшөт. Кыздар бул жерде беш күн гана жатышат, дем алыш күндөрү үйлөрүнө кетип, дүйшөмбүдө кайра келишет. Бул жерге үйдө ата-энеси башкара албай калган, телефондон башы чыкпай калган кыздар дагы келишет. Бир аз ыйманды, адеп-ахлакты үйрөнсүн деп алып келишет. Өтө эрке, бардар турмушта жашагандар келип, чыдабай кетип калгандар да бар. Негизгиси, биз мыйзамдуу иштейбиз. Ата-энелер алгач өздөрү көрүшөт, баарына макул болгондон кийин гана тил кат жазып берип, анан кыздарын алып келишет".
Лагердин уюштуруучулары өспүрүмдөргө сабак бергендердин көбү диний билим алган, мурда-кийин сабак өтүп жүргөн мугалимдер дейт. Мисалы, бизге лагерди көрсөтүп берген тарбиячы Радиянын эки билими - юридикалык жана диний билими бар экен.
"Бул жерден Куранды тажвид (кырааты менен туура окуу) менен окуганды жана пайгамбардын сүннөттөрүн, хадис деген эмне экенин, ислам дининин беш негизин үйрөндүк", - дейт 15 жаштагы Амина.
Эки жумалык лагердин баасы төрт миң сом. Арасында акысыз окуп жаткандары дагы бар. Лагер өзү ашар жолу менен курулуп, ага жергиликтүү ишкер, тургундар көмөк көрсөтүшкөнүн айтып жатышат.
"Уруксат берген документтери жок экен"
Буга чейин социалдык тармактарда диний лагер деп ачылган бул мекемеде кыздар санитардык нормаларга туура келбеген, начар шартта жашап жатканын жазышкан. Ушундан кийин Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бул лагерди текшерүүгө алды. Аталган борбордун дарыгери Айнагүл Саякованын айтымында, текшерүүдөн соң аларга айып пул салынды.
"Ал жакта диний уюм деген күбөлүк берилиптир, бирок лагер катары иштөөгө уруксат берген документтери жок экен. Ошол жакта иштегендер медициналык кароодон өткөн эмес. Бирок тамак-аш үчүн алып жаткан нерселердин сертификаты, декларациясы жок, меню түзүлгөн эмес. Андай жайда дайыма дарыгер көзөмөлдөп туруш керек. Жалпы тазалыгы канааттандырарлык экен. Укук бузуу кодексинин 80-беренесинин негизинде уюмга 3 миң сом айып пул салынды жана кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш-тапшырмалар берилди".
Лагер деп ачылган бул жай диний уюм катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 13-июнда өткөн. Бирок билим берүүгө уруксат кагаздары, лицензиясын көрсөтө алышкан жок. Лагердин уюштуруучуларынын айтымында, ата-энелердин суроо-талабы менен быйыл гана ачылып, муфтият чыгарган китептердин негизинде гана билим берип башташкан.
Буга чейин медреселерде балдар үчүн жайкы диний лагерлер муфтияттын көзөмөлү астында ачылып келген болсо, быйыл мындай укук каттоодон өткөн диний билим берүү уюмдарына берилгенин Бишкек шаарынын казысы Самидин Атабаев билдирди.
"Пандемия учурунан бери лагерлер уюштурулган жок. Быйыл муфтият жалпы казыларга оозеки тапшырма берип, кайсы диний окуу жайдын мүмкүнчүлүгү, шарты болсо каршылык жок, өз эрки деп укук берилген. Муфтияттын көзөмөлүндө, түзүмүндө турган, Дин комиссиясынан каттоодон өтүп, күбөлүк алгандар биздин түзүмдөгү окуу жайлар ошондой диний лагерлерди окутса болот. Ал жерде бир жума, он, жыйырма күн болушат. Бул - калктын, ата-эненин талабы. Мен деле диний окуу жайларда сабак бергенде жайында окутуп бербейсиздерби дегендер көп болгон. Алардын жоопкерчилиги деле бар. Негизги максат аларды мамлекетти сүйүүгө, ата-энени урматтоого үйрөтөбүз. Негизги коюлган талаптар эле Куран, намазга керектүү сүрөөлөр, анын тартип, эрежелери үйрөтүлөт. Алардын бардыгы Абу-Ханифа масхабы, Матрудий акыйдасынын негизинде гана болот. Бул жагы окуу жайдын мүдүрүнүн көзөмөлүндө".
"Мыйзам чегинде иштегенди үйрөнүшүбүз керек"
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жеткинчектерге өзүнчө диний билим берүү каралган эмес. Буга чейин бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетин тегеренип жатканы тартылган видео социалдык тармактарда тарап, бул көрүнүш коомдун талкуусуна түшкөн. Билим берүү министрлиги Баткендеги Айдаркен шаарындагы жеке менчик бала бакчадагы окуя боюнча УКМК жана Башкы прокуратурага кайрылган. Окуя боюнча жергиликтүү милиция да териштирүү жүргүзө баштаган.
Бул окуя өлкөдө соңку кездери ачыла баштаган диний бала бакчалары тууралуу маселени күн тартибигне чыгарды.
Бишкек шаарында ушу тапта диний тарбия берген ондогон балдар бакчасы иш алып барууда. Бул алардын сайттардагы, социалдык тармактардагы жарнамаларында дагы ачык айтылат. Анткен менен диний багытта иш алып барган лагер, бакчалардын так саны белгисиз.
"Мутакалим" коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы коомдо азыр ата-энелер тараптан диний билим берүүгө суроо-талап күчөп жатканын билдирүүдө. Ага карабай, балдар аралашкан бардык мекемелер, эс алуу жайлары, лагерлер көзөмөлдө болушу зарыл деген ойдо.
"Мындай лагерлерге азыр суроо-талап көп. Балдары лагерге барганда динди үйрөнүүсүн көпчүлүк каалап жатат. Бул жерде муфтият кандай уюмдар муну иштете ала турганын иштеп чыккан. Булардын иш кылып жатканын муфтият билиши керек. Бирок мунун документтери, программасы туура болуш керек. Ошону мыйзам чегинде кылганды үйрөнүшүбүз керек. Кудай сактасын, кокус бир бала сууга чөгүп кетсе, тамакка ууланса же мугалим башкача багытта сабак берип, укук коргоо органдары текшерип калса, арты жакшы нерсеге алып келбейт. Ошондуктан башынан эле программасынын баарын мамлекеттин талабына туура келгендей уюштурганы жакшы".
Ал эми билим берүү маселелери боюнча эксперт, педагог Асылбек Дөөталиевдин айтымында, мындай лагерлерге көбүнчө динге берилген ата-энелер балдарын берет. Ал тарбиячылардын билим деңгээлине, балдарга туура билим берилерине өзгөчө көңүл буруу керектигин айтат.
"Биз каалайбызбы, жокпу динге берилген, ошону өзүнө кабыл алган адамдар балдарын жума намазга, медресеге алып барып жатат. Аларды токтото албайбыз да, балдарын каякка алып барары өздөрүнүн укуктары. Бул жерде олуттуу деле коркунуч туудурган жагдай жок. Себеби ал жерде адеп-ахлак, ыйман жөнүндө түшүнүк берет. Мени түйшөлткөн маселе - ошол лагерде кимдер сабак берет, тарбиячылардын билим деңгээли кандай, алардын жаш балдар менен иштей турган педагогикалык мүмкүнчүлүгү барбы же диний гана билими барбы? Муфтият ушул диний лагерлердин уюштуруучуларын жакшылап караса... Анткени жаш балдар, өспүрүмдөр менен иштөөнүн ыкмасы бар. Жаш балдар бардык нерсени дароо кабыл алат. Мугалим айткан бардык нерсе туура деп эсептешет. Эгер мугалим сөзсүз түрдө намаз окуп, жоолук салыныш керек дегенге басым жасап койсо, бала ошондон кетпей калышы мүмкүн. Мен ошондон кооптоном. Ошондуктан коомчулук дагы ага көз салышы керек деп ойлойм".
Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин алдында 750 лагер иштеп жатканын билдирди. Анда жети миң бала тарбияланууда. Өлкө боюнча Профсоюздар федерациясына караган ондон ашык лагер, мамлекеттик мекемелердин өзүнчө лагерлери бар. Менчик лагерлер да иш жүргүзөт.
Акыркы жылдарда жайкысын мектеп лагерлери жана жайлоо бала бакчалары да көп уюштурула баштады.