Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Чыныгы динзарлар зомбулукту жерийт


Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт.
Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт.

Ислам дини жана андагы аялдардын орду тууралуу жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Мындан эки-үч ай мурда Бишкектин кафелеринин биринде маркумга багышталып куран окутулуп жатканда мааракени тейлеп жүргөн таксырлардын бири: "Азиз мусулман бир туугандар! Бири-бирибизди урматтап-сыйлайлы, кадырлайлы. Башкаларга жакшылык кылганды унутпайлы. Айрыкча багар-көрөрү жок жетим-жесирлерге, жардамга муктаж кишилерге колдон келген жардамыбызды аябайлы», – деп алгы сөздөрдү айтты.

Мааракеге катышкандардын баарын соопчулук иштерди көбүрөөк аткарууга чакырды. Ачыгын айтсам, молдокенин дааваты мага да жагып, муюп уктум. Бирок ал кебин аяктап жатканда аялдарга кайрылып, катаал үн менен: "Силер күйөөңөргө олурайып карасаңар, сөз кайырсаңар, аларга тил тийгизсеңер тозоку болосуңар. Угуп алгыла, силер үчүн бейиш жок, эриңер бейишке кирсе гана бейишке киресиңер!" деген сөзү мени катуу таң калтырып, ойго салды. Ошол күнү кечке чейин башым катып, сарсанаа болдум.

Ал таксыр бул кебин тек эмоцияга берилип кетип эле айткан жок – аялдарга карата айрым диндарлардын көз карашы, түшүнүгү, мамилеси ушундай экендигине бу саам анык көзүм жетти. Мен бала кезимден эле "Адам атаны Обо эне (б.а. аял) бейиштен чыгарган" деген сөздү байма-бай кулагым чалып жүрсө да, анча маани берген эмес элем. Көрсө, биздин диний чөйрөдө "аял түбөлүк күнөөкөр, ишеничсиз, ага өзгөчө катаал мамиле кылбаса болбойт" деген түшүнүк илгертен эле бар экен. Тилекке каршы, алмустакта Обо энеге тагылган айып али да жуулбаптыр.

Таксырдын сөзүнүн мени түйшүккө салып, катуу кабатыр кылганы – кафеде отурган 400-500 кишинин кеминде үчтөн бир бөлүгү жаш жигиттер эле. Уккан-көргөнүн иргеп кабылдоону анча биле бербеген, дээрлик баарын түз кабыл алган боз балдарда бул дааваттан кийин кандай түшүнүк пайда болгону айтпаса да белгилүү.

Анүстүнө учурда өспүрүмдөр менен жаштардын басымдуу бөлүгү ата-энесинин, мугалимдердин же бөлөктөрдүн эмес, дал ошол молдокелердин кеп-кеңешин көбүрөөк угуп, алардын жолун жолдоп жатканы маалым. Жок, мен буга каршы эмесмин. Эгер диний ишмерлер адашкандарды түз жолго салса, ыйман-ынсаптуу болууга чакырса, кайрымдуулук иштерин көбүрөөк аткарууга үндөсө мунун эмнеси жаман? Бирок жогоруда мен мисал келтиргендей насаат айтса, мунун пайдасынан зыяны көп. Анткени мындай кеп-сөздү уккан жигиттер аялдардын табияты ушундай экен, аларды каалагандай кордосо, ур-токмокко алса боло берет экен да деп ойлоп калышат. Алар өздөрүн аялзатынан жогору сезип, аларды эч кандай укугу жок, жеке өздөрүнө гана тиешелүү, каалагандай урунса боло турган бир буюм катары мамиле кыла баштайт. Менимче, бизде өмүрлүк жарына карата ушундай мамиле кылгандар азыр да толуп жатат.

Мен ислам дини боюнча адис эмесмин жана Куранда аялзатынын укугу жана макамы кандай жазылгандыгы тууралуу толук билбейм. Бирок Мухаммед пайгамбарыбыз аялдарга өтө аяр мамиле жасагандыгы жана бөлөктөрдөн да ушуну талап кылганы жөнүндө маалыматым бар. Ал "Бейиш эненин таманынын астында" деп бекеринен айткан эмес.

Менде мындай суроо туулуп жатат, эмне үчүн молдоке ошол мааракеде эркектерге да кайрылып: "Силер да көзүңөрдү ачкыла, аялдар күң же жеке менчигиңер эмес, аларды сөккөнгө, басынтып-кемсинткенге эч кандай акыңар жок. Алардын кем-карчын толуктап, аларды да урматтап-сыйлагыла!"-деп айтпады? Эмне үчүн үй-бүлөдөгү эркектердин жоопкерчилиги тууралуу ооз ачпады? Ошондо эмне, күйөөсү урса да, сөксө да тозокко кирип калбайын деп, аял унчукпай отура бериши керекпи? Мен сөз кылып жаткан молдокенин логикасына таянсак, аракеч, бузуку, зөөкүр, жатып ичер ж.б.у.с. күйөөлөрүнүн айынан ажырашып кетип, уул-кыздарын жалгыз багып жаткан байкуш аялдар бейишке кирбей калабы?

Шариятта беш парздан тышкары да сооп иштердин түрү көп. Мисалы, жалпы элдин керегине жараган ыйман-ынсаптуу, акыл-эстүү, ар-намыстуу бир баланы тарбиялап, эрезеге жеткирүүнүн өзү чоң сооп. Бүгүн жүз миңдеген апалар каруусун казык, башын токмок кылып, балдарын жалгыз тарбиялап жатат. Балдарын жалгыз багып-өстүрсө да аял болгону үчүн эле (же аргасыздан ажырашканы үчүн) бейишке алар кирбей, жанынын жыргалын көздөп, жоопкерчиликтен качып, өз канынан бүткөн баласын жерип кеткен "күкүк аталар" кирет десек калыстыкка жатабы?

Ушундай калпыс, кээде бириники экинчисиникине кайчы келген пикирлерди таксырлардын оозунан көп эле угуп жүрөм. Мунун негизги себеби алардын билиминин тайкылыгында деп ойлойм. Арийне, Кыргызстанда өз тармагы боюнча эле эмес, ар тараптуу маалыматы бар, терең билимдүү диний ишмерлер да жок эмес. Маселен, мен ондогон жылдардан бери медресени башкарып, ислам дини боюнча жаштарга татыктуу таалим-тарбия берип келе жаткан бир таксырды билем.

Студент кезде ошол киши менен көп эле баарлашып калдым. Бир күнү анын үйүндө мейманда болуп, экөөбүз түнкү саат он экиге чейин маектештик. Мен андан өзүмдү түйшөлткөн маселелер тууралуу сурап, көптөн бери тынчымды алып келген суроолорго жооп алууга аракет кылдым. Түн жарым болгондо ал мага кайрылып: "Сен эми жатып эс ал, мен бир-эки саат китеп окуйм" деди. Мен таң калып: "А сиз качан эс аласыз? Уйкуңуз канбай калбайбы?" деп сурадым. Ошондо ал жылмайып: "Мен аз уктап көнүп калгам. Эл катары уктасам көп нерсеге жетишпей калам. Негизи билим алам деген киши аз укташы керек. Маселен, атактуу дабагер Ибн Сина төрт эле саат уктаган экен", – деди.

Текчедеги анын китептеринин арасынан Куран жана башка диний китептерден тышкары Библияны, философия, психология, педагогика боюнча бир топ китептерди көзүм чалды.

– Буларды да сиз окуйсузбу? – деп сурадым кызыгуум артып.

– Ооба, – деп жооп берди ал мага ойлуу тигилип, – бүгүнкү мусулман молдосу жарыкчыл илим-билимден тышкары бөлөк диндер боюнча да ар тараптуу маалыматка ээ болушу абзел. Ансыз болбойт, бул азыркы замандын талабы. Ал эми Кураны Каримди чексиз аалам десек, ал эми философия – анын ачкычы.

Тарыхта Мусулман ренессансы деп аталып, орто кылымдарда ислам маданияты өзгөчө дүркүрөп өнүккөндүгүн билебиз. Мындай алтын доор 8-кылымдан 13-кылымга чейин созулган. Ислам Кайра жаралуусунда математика, медицина, философия, физика, химия жана башка илимдер өнүккөн.

Түштүк Испаниядан Кытайга чейин таралган ислам маданияты ар кайсы улуттагы жана ишенимдеги окумуштуулардын жетишкендиктерин өзүнө камтыган. Ал Европа элдерине да таасир эткен. Алтын доордо мусулман окумуштуулары, сүрөтчүлөрү, инженерлери, акындары, философтору менен соодагерлери экономикага, адабиятка, философияга, деңиз ишине, айыл чарбасына бараандуу салым кошкон.

Мечиттерде медреселер ачылып, диний эле эмес, жарыкчыл да илимдерди окуп-үйрөнүшкөн. Көпчүлүк медреселер бара-бара университеттерге айланган. Мусулман өкүмдарлары илимпоздор илим-билимдерин өркүндөтүшү үчүн илимий борборлорду ачкан. Ал-Фараби, Мухаммад ал-Хорезми, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Мухаммад ал-Табари, Мухаммад ал-Беруни, Мухаммад ал-Фергани, Абу Али Ибн Сино (Авиценна), Ибн Рушд (Аверроэс), Имам ал-Бухари, Акмат Ясави, Рудаки, Абулкасым Фирдавси, ж.б.у.с. атагы ааламга таралган окумуштуулар, акындар ошол замандарда жашап өткөн.

Бүгүн биздин таксырлар да диний таалим-тарбиясын жарыкчыл илим-билим менен айкалыштырганда чоң утушка жетишмек. Коомдо азыркыдай жиктешүү, касташуу болмок эмес. Балким, мусулман маданиятынын орто кылымдардагыдай ренессансы кайра пайда болуп, дүйнөлүк коомчулуктун ислам динине карата көз карашы, түшүнүгү кескин өзгөрмөк. Жер бетинде жалпы адам баласынын жакындашуусу, биригүүсү үчүн өбөлгө түзүлмөк.

Аким Кожоев, жазуучу

(Автордун жазуу стили сакталды)

XS
SM
MD
LG