Азербайжанда 12-октябрдан бери бир катар кардарлар Instagram жана TikTok социалдык тармактарын колдонуу кыйындаганын айтып жатышат. Айрымдары видео жүктөй албаса, башкалары баракча жаңыланбай жатканына даттанууда. Meta жана ByteDance маселе эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат бере элек.
Кыргызстанда интернетте дин тууралуу контент даярдоо үчүн эми атайын күбөлүк талап кылынат. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жаңы эрежеси өткөн жумада белгилүү болду.
Йемендеги хуси козголоңчулардын Сауд Арабияга сокку уруп, Баб-эл-Мандеб кысыгын өз көзөмөлүнө алганы глобалдык алкакта олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ормуз кысыгындагы кыймыл дээрлик токтоп калгандан бери Сауд Арабия экспортунун 75% ошол дагы аа салган болчу.
Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери аларды мекенине кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке кайрылды. Алар 14-сентябрда "Ынтымак ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
Көз жумгандан кийин сөөгүн өрттөөнү суранган, абакта жатып каза болгондо жакындары табылбаган же тек-жайы белгисиз адамдардын сөөгүн кремациялоо сунушу Кыргызстанда эки жыл мурда мыйзам кабыл алууда талкууланган. Эми ал мыйзамдын айрым беренелери өзгөртүлдү, маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды.
Кыргызстанда банктардын мурабаха, шарика, мушарака деген терминдерди колдонуп жатканы суроо жаратты
Өзбекстанда бийлик жаштардын акылы токтоло баштаган куракта гана үй-бүлө куруусуна шарт түзүү аракетин көрүүдө. Борбор Азиянын калк эң жыш жайгашкан өлкөсүндө никеге тургандардын үчтөн бири жашы толо электер. Өкмөт 21 жаштан өткөндө гана үйлөнгөндөргө түрдүү жеңилдиктер берилерин убада кылууда.
Ички иштер министрлиги 20-мартта Кыргызстанда Орозо айт намазы тынч өткөнүн билдирди. Борбор калаанын милициясы бул күнү Бишкек шаарынын аймагында айт намазына жалпы 100 миңдей киши катышканын кабарлады. Соңку эки жылдан бери айт намазы жума мечиттерде гана окулуп келген.
Мамлекеттик Думага көп кабаттуу үйлөргө жана эл жашабаган имараттарга чогулуп намаз окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилди. Диний жөрөлгөлөрдү үйүндө расмий катталган гана тургундар “жеке рухий муктаждыгы” үчүн өткөрө алышат.
Ош облусунда эки айлык ымыркайдын өлүмүнүн себептери териштирилип жатат. Баланын жакындары аны денесин тилдирип, кан чыгаруучу процедурага алып барып жүрүшкөнүн билдиришти.
Сириянын мурдагы кооптуу аймактарынан мекенине кайтып келгендер тынч турмушка канчалык аралашып кетет? Аларды кабыл алуу жараянында кандай тоскоолдуктар бар жана бул маселе кантип чечилүүдө?
Дагы жүктөңүз