Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Сот бийлигин колго алган эки юристтин таржымалы


Замирбек Базарбеков жана Эмил Өскөнбаев. 2-февраль, 2022-жыл.
Замирбек Базарбеков жана Эмил Өскөнбаев. 2-февраль, 2022-жыл.

Парламент 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды.

Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Мунун алдында парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эле.

Базарбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу пикирлери менен бөлүштү.

"Адегенде мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу керек. Бизде мыйзамдардын үстөмдүгү орнобосо соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу тууралуу сөз кылуу дагы кыйын болуп калат. Экинчиси, саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек. Үчүнчүдөн, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек. Андан кийин, соттордун эмгек акыларын, техникаларын жогорулатуу менен биргеликте жоопкерчилигин дагы көтөрүү керек", - деди Базарбеков.

Ал ошондой эле сотторду ротациялоо, кызматка тандоону жакшыртуу тууралуу пландарын айтты.

“Кээ бир аймактарда өзү туулуп-өскөн жерде эле бир нече жыл иштегендер болот экен. Андан сырткары судьялык кызматка тандоо системасын өзгөртүп, кокус адамдардын сот системасына киришине бөгөт коюу. Муну күчөтпөсөк, өтө татаалдашып кетиптир. Дагы бир эң негизги маселе - сотко чейинки өндүрүштү, соттук көзөмөлдү күчөтүү. Далилсиз кылмыш иштерин кыскартып, тийиштүү укук коргоо кызматкерлерине карата жай аныктама чыгаруу аркылуу алардын жоопкерчилигин күчөтүү керек. Соттор көпчүлүк учурда милдетин аткарбастан, укук коргоо органдарынын милдетин аткарып калган учурлар көп кездешет деп биздин президентибиз айтып кетти эле, мен да буга толук кошулам”, - деди ал.

Замирбек Базарбеков ким?

Апта башында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Ал буга Баш мыйзамдын өзгөргөнүн себеп катары көрсөткөн. Ал бул кызматка өткөн жылдын апрелинде дайындалган. Анын күтүүсүз жерден кызматын тапшырышы коомчулукта ар кандай күмөн саноолорду жараткан.

Анын ордуна келген Замирбек Базарбеков парламент жыйынында Садыр Жапаровго 2016-жылдан кийин адвокат болгонун билдирди.

Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Базарбеков 2021-жылдын июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Ошондо эле айрымдар аны Жогорку сотко төрага болуп келиши мүмкүн деп болжогон. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова өткөн жылы Базарбеков жаңы кызматка келгенде Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин ал сотторду колдонуудан баш тартпайт​ деп сындаган.

“2010-жылдан кийин Замирбек Базарбеков Сотторду тандоо кеңешине төрага болуп келген. Анда жарандык коом каршы чыгып атып кызматтан кеткен. Ошондон бери эле президент Садыр Жапаров экөөнүн байланышы бар. Жаңы бийлик келгенде эле Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жетекчи болду. Көп узабай эле президенттин аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына келди. Эми Жогорку сотко судья болду. Бул киши да шайлоо өткөнчө өзүнүн миссиясын аткарып турду. Жаңы Конституция боюнча Жогорку соттун төрагасы дайындалат. Эми Замирбек Базарбеков төрага болгону турат. Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин ал сотторду колдонуудан баш тартпайт. Анткени сот бийлиги акыркы чечимди чыгара турчу бийлик да”, - деген Сооронкулова.

  • 65 жаштагы Базарбаев 1990-1993-жылдары Ысык-Көлдө райондук жана облустук прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.
  • Билими жогорку, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
  • 1993-1995-жылдары өкмөттүк аппаратта референт, 1995-1997-жылдарда Жогорку сотто консультант болуп эмгектенген.
  • 1997–2005-жылдары Сузак, Ак-Суу райондук сотунда, Каракол шаардык сотунда судья, төраганын орун басары болуп турган. Андан соң 2005–2006-жылдары Ысык-Көлдө адвокат, 2006-2016-жылдары Балыкчы шаардык сотунда судья, соттун төрагасы болгон.
  • 2011-2014-жылы Сотторду тандоо кеңешине мүчө жана төрөга.
  • 2016-2020-жылдары Чүй облусунда адвокат болуп, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин 27-ноябрдан 16-декабрга чейин Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.
  • 2020-жылдын 16-декабрынан 2021-жылдын 2-июнуна чейин президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келди. Андан кийин Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаевдин таржымалы

Конституциялык соттун башчылыгына келген Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган эле.

  • 58 жаштагы Эмил Өскөнбаев Нарын шаарында туулган. 2019-жылы 1-июлда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Ага чейин 2011-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланып, бир топ жыл иштеди.
  • Ал 1986-жылдан тарта сот жана прокуратура тармагында эмгектенген.
  • 1993-1995-жылдары Конституциялык соттун аппаратын, укуктук экспертиза бөлүмүн, 1999-2011-жылдары “Паритет" адвокаттык компаниясын жетектеген.

Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги каралып жатканда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өткөн жылы Конституциялык палата парламентке кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп тапканын эске салып, ошол кезде бул маселеде анын позициясы кандай болгонун сурады.

Өскөнбаев ал чечим бир добуштан кабыл алынганын “чечим чыгарып жаткан өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алыш керектигин” айтты.

Ошол кезде Конституциялык палатанын парламенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу чечими коомдо кайчы пикирди жараткан. Айрымдар палатаны “бийликтин тилинен чыкпаган орган" катары сындаган.

1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жана 1993-жылы 5-майда жаңы Конституцияны кабыл алуудан тартып, Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп аныкталган. Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Конституциялык соттун ишмердиги токтотулуп, ошол эле жылдын 27-июнунда Жогорку соттун Конституциялык палатасы түзүлгөн.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 11 судьядан турат. Палата 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү Баш мыйзамга каршы келбейт деп чечим чыгарганда да коомчулуктун сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG