Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Адвокаттарды араздаштырган курултай


Президент Садыр Жапаров адвокаттардын курултайында. Бишкек. 30-сентябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров адвокаттардын курултайында. Бишкек. 30-сентябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо жаңжал менен коштолуп, жактоочулардын көбү жыйынга киргизилбей сыртта калды.

Алар буга Адвокатуранын жетекчиси Билим Райымкуловду күнөөлөп, ал жеке басар бийлигин орнотуп, каржылык отчёт да бербей келатканын айтып доомат коюшту. Райымкулов мындай айыптардын айрымдарына макул эмес. Мунун алдында эле президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездине катышып, жактоочулар ээн-эркин көз карандысыз иштеши керектигин билдирген.

Жактоочулардын жаңжалы

Адвокаттардын II курултайы менен башталган жактоочулардын жыйыны жаңжал менен уланды. 30-сентябрда түштөн кийин Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамы шайланмак. Бирок ага жети облустан жана Бишкек менен Ош шаарынан шайланып келди делген делегаттар гана киргизилип, калган юристтер сыртта калды. Алардын бири Бишкек шаарында жактоочу болуп иштеген Арман Кыйгырова:

Арман Кыйгырова.
Арман Кыйгырова.

“Адвокатура жөнүндө мыйзам боюнча ар бир жактоочунун съездге, жыйынга катышууга укугу бар. Булар “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамды бузуп жатышат. Анын үстүнө жактоочулардын көбү Бишкекте иштейт – 1300 киши. Ал эми Адвокатуранын кеңеши жыйынга беш гана адам катышат деген чечим кабыл алып койгон. Ал беш киши Адвокатуранын жетекчиси Билим Райымкуловдун адамдарды. Ал болсо экинчи мөөнөткө калыш үчүн ушул иштерди жасап атат. Анын үстүнө Билим Райымкулов каржылык мыйзам бузууларды кылган. Ушул жылдын 11-сентябрында Адвокатуранын кеңешинин мүчөсү Чолпон Темирбаева “Райымкулов Адвокатуранын жетекчиси болуп келгенде 1 миллион сом уурдаганын” айткан. Ал жыйындын видеосу да бар”, - деген Арман Кыйгырова Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазганын билдирди.

Адвокатуранын кеңешинин мүчөсү, жактоочу Жыргалбек Бабаевдин маалыматына караганда, жети облустан жана Бишкек менен Ош шаарынан аймактардагы адвокаттардын санына карабастан бештен делегат шайланып келет.

Баш-аягы 45 жактоочу жыйынга чогулуп Адвокатуранын кеңешинин тогуз мүчөсүн үч жылдык мөөнөткө шайлайт. Кеңештин мүчөлөрү арасынан бир адамды Адвокатуранын төрагасы кылып тандайт. Азыр бул кызматта Билим Райымкулов турат. Анын иштеп жатканына төрт жыл болду. Негизи кеңештин жыйыны былтыр эле өтүп, жаңы жетекчи шайланмак. Пандемияга байланыштуу адвокаттардын съезди өтпөй калган. Жыргалбек Бабаев коюлуп жаткан айыптарга жооп берди.

“Адвокатуранын кеңеши аймактарга делегаттарды ушундай тартип менен шайлап келгиле деп айта албайт. Алар өздөрү тандашат. Бул алардын ички иши. Шайланып келген делегаттар жыйынга кирет. Негизи эле съездге делегаттар келет да. Эгерде каалоочулардын баарын киргизе берсек 4000 адвокаттын баары келип базар болуп кетпейби”.

Каржылык маселе

Жактоочу Мырсалы Осмонкулов бул жоопко ынаган жок.

Мырсалы Осмонкулов.
Мырсалы Осмонкулов.

“Мисалы, Нарындан беш делегат шайланып келет. Бирок Нарында беш эле киши иштебейт да. Анда делегат болбой калган адвокаттардын сөзү, ою кайда калат? Билим Райымкулов болсо өзүнө жакын кишилерди эле делегат кылып койду. Президенттин сөзүн колдойбуз. Бирок азыр ага каршы иш болуп атат. Адвокатурага төлөнгөн акчачы? Мына, ай сайын ар бир адвокат 200 сомдон төлөм берет. Ошол каражат боюнча отчёт бербейби. Мунун баарын аткарбай жатса мен Адвокатуранын жетекчисине эмнеге ишенишим керек?”.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда 30-сентябрда адвокаттардын II курултайында түшкө чейин съезд өттү. Саат 14:00дө Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо маселеси каралмак. Жактоочулардын курултайынын биринчи расмий бөлүгүнө президент Садыр Жапаров да катышып сөз сүйлөп, съездге келүүгө макул болушунун негизги себебин мындайча түшүндүргөн.

“Адвокаттардын съездинин чакырылышын бир шарт менен кабыл алгам – съездге мүмкүн болушунча көп адвокаттар катышууга тийиш жана укук коргоо, ошондой эле сот системасынын өкүлдөрү чакырылышы керек. Себеби, бул адвокаттар коомчулугу үчүн гана эмес, өлкөнүн укуктук системасы үчүн да чоң окуя”.

Адвокаттардын II курултайы.
Адвокаттардын II курултайы.

Курултайдын биринчи бөлүгүнө Жогорку соттун төрайымы, юстиция министри, чет өлкөдөн келген юристтер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Коноктор сөз сүйлөп куттуктоо айтышты. Чырдын баары президент кеткенден кийин экинчи бөлүктө башталды. Адвокатуранын кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча жыйынга кире албай калган Бишкекте иштеген дагы бир жактоочу Бакыт Жумаев муну “Адвокатура президентти алдады” деп баалады.

“Саат экиде келсек, филармониянын эшиктерин жаап алып тизме менен гана киргизебиз деп коё бербей коюшту. Жыйынды көмүскө эле эч кимге билгизбей өткөрүү туура эмес. Съезд жабык болот деп айтылган эмес. Жабык өткөрүү да мыйзамсыз. Түшкө чейин болгон съездде президенттин талабын аткарып адвокаттардын баары ушул жерде деп көрсөттү. Ал эми түштөн кийин президент жокто бул (ред: Билим Райымкулов) өзүм билемдик кылып бизди киргизбей койду. Жыйынга делегат делген саналуу гана адвокаттар кирди. Ошондуктан бул съезд мыйзамсыз жана анын чечимдери да мыйзамсыз. Бул боюнча сотко кайрылабыз”.

Жактоочулар койгон дооматтарга Билим Райымкуловдун өзүнөн комментарий алууга аракет кылдык. Ал съезддин жүрүшү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, кеңештин мүчөлөрүн шайлоо, жетекчини дайындоо жана каржылык маселелер боюнча суроосуна жооп бербей койду.

Билим Райымкулов.
Билим Райымкулов.

“Адвокатуранын кеңешине адвокаттардын чечими менен 45 делегат шайланып келген”, - деп кетип калды. Жанындагы адамдар кошумча суроо берүүгө жол берген жок.

Кыргызстанда адвокат болуп иштөө үчүн юридикалык жогорку билим болушу шарт. Ошондой эле бир жыл иш тажрыйба талап кылынат. Андан кийин квалификациялык экзаменден өтүп, Адвокатурадан лицензия алышы керек. Ал эми Адвокатурага мүчө болуш үчүн ар бир адамдан бир жолку 20 миң сом төлөм алынат. Ага кошумча ар бир жактоочу Адвокатурага жыл сайын 2400 сом төгөт. Айрым жактоочулар Билим Райымкулов каражаттын дайын-дареги тууралуу отчёт бербей келатканын айтышты.

Адвокаттардын укук, милдети

Эми президенттин адвокаттардын ишмердиги боюнча айткан сөздөрүнө келсек. Садыр Жапаров курултайда Кыргызстанда адвокаттар басым-кысымга кабылбай эркин иштеши керектигин айтты.

“Укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштөөсү үчүн адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы керек. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш. Ошондой эле, алар өздөрүнүн кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзамдар аркылуу жана иш жүзүндө корголушу шарт”.

Адвокаттарга кол салуу, басым жасалса, укук коргоо органдарына көз каранды болсо, же соттор калыс эмес чечим чыгарса адвокаттардын көз карандысыздыгына коркунуч келип, алар иш-милдеттерин аткара албай каларын кошумчалады.

Адвокат Нурбек Токтакунов өлкө башчынын бул сөздөрү тууралуу мындай деди.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Садыр Жапаров сонун сөздөрдү айтты. Эми мен муну сотторго, прокурорлорго, тергөөчүлөргө көрсөтөм. Бирок бул азырынча сөз эле. Себеби, азыр адвокаттарды эч ким сыйлабай калды. Азыр УКМКнын, прокуратуранын, соттордун кызматкерлеринин 90% курамын алмаштырыш керек. Ошондо балким өзгөрүү болот”.

Президент эл оозунда “мыйзамдарды жакшы билген эмес, судьяны жакшы билген адвокат мыкты” деген сөз бар экенин айтып, адвокаттар коррупциялык иштерге аралашкан окуялар бар экенин сынга алды.

“Президент туура сүйлөдү. Бирок ал сүйлөп эле койду. Азыр тергөө ишти кандай тергесе прокурор сотто ишти ошол эле бойдон далилдеп бергенге аракет кылат. Сот болсо прокурордун протоколун толук бекитип, өкүм чыгарат. Сот нотариус болуп калган. Башка иш кылышпайт. Ооба, президенттин сөзү абдан туура болду. Президент мындай сөздү соттордун курултайында да айткан. Бирок ал ошол бойдон эле калды да. Кептин баары ушунда”, - деди адвокат Канат Хасанов.

Адвокаттардын көбү акыркы учурларда укук коргоо органдары тарабынан телефон тыңшоолор көбөйгөнүн айтып, камтамачылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG