Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат


Мектеп окуучулары танапис учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.
Мектеп окуучулары танапис учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталып, окуу 15-ноябрдан улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жапырт эмдөөлөрдөн улам 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган.

Былтыр мартта өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бардык билим берүү мекемелери аралыктан окууга өтүп, дээрлик бир жарым жыл толук ачылбай турду.

Өлкөдө жалпысынан 2200дөй мектепте миллиондон ашуун окуучу билим алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG