Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Ташта жыйынга чогулушту


Кой-Ташта чогулган адамдар. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Кой-Ташта чогулган адамдар. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жакындары 17-сентябрда анын Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнүн алдына чогулушту. Анда сөз сүйлөгөн учурда Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Кой-Ташта чогулгандардын бийликти басып алуу максаты жок экенин билдирди. Ал Атамбаевдин ден соолугу начар экенин айтып, аны эркиндикке чыгарууга чакырды:

"Биздин эч кандай жаман оюбуз жок, Ак үйдү басып алалы" деген аракетибиз да жок", - деди Абдраимов.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Атамбаевдин 65 жылдыгын белгилөө максатында чогулгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бар.

Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте митинг өтөрү кабарланып, кийинчерээк ал болбой калганы айтылган. Уюштуруучулар митингдин ордуна Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө маданий иш-чара уюштурула турганын билдиришкен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Бул иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG